Аба ырайы: Бишкекте бүгүн күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-май. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада күн ачык болоорун Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Абанын температурасы 25-28 градуска чейин көтөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0