БИШКЕК, 21-май. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада күн ачык болоорун Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
"Абанын температурасы 25-28 градуска чейин көтөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.