Ош: 34 жаштагы келин үч эм төрөп, эми төрт кыздын энеси болду

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЫмыркайлар. Архив
Ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөт үйүнүн патология бөлүмүнө түшкөн келин 40 күндөн кийин көз жарды.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну үч эм төрөгөнүн Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, ымыркайлар операция жолу менен төрөлдү.

"Түйүлдүктөргө бойдон түшүп калуу коркунучу жаралгандыктан, кыздардын энеси Ош шаардык төрөт үйүнүн патология бөлүмүнө мындан 40 күн мурда келип түшкөн. Дарыгерлердин жардамы менен эненин 36 жумага жеткирилип, операция жолу менен көз жарды. Учурда эне менен ымыркайлардын абалы жакшы", — деди Исраилова.

Бөбөктөрдүн бардыгы кыздар. Биринчисинин салмагы 2300 грамм болсо, экинчисиники — 2340, үчүнчүсүнүкү —2800 болуп төрөлүштү.

Маалыматка караганда, келиндин үч эмден тышкары дагы бир кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0