Дарыгер Болот Иманов: ашказан, ичеги ооруларына жаштар көп кабылууда

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаВрач-хирург высшей категории Болот Иманов
Врач-хирург высшей категории Болот Иманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер ашказан, ичеги-карын оорулары менен кайрылган жаштардын саны арбын экендигин белгилеп, негизги себебин тамак-ашка кош көңүл мамиле жасагандары менен байланыштырат.

Улуттук хирургиянын ашказан жана он эки эли ичеги оорулары бөлүмүнүн башчысы, жогорку даражадагы дарыгер-хирург Болот Иманов менен журналист Гүлдана Талантбекова сүйлөштү.

— Сизди айтылган убакыттан көбүрөөк күткөнгө туура келди. Операциядан чыктыңыз окшойт?

— Оорулууну 20 күндөн бери кыйнаган сокур ичегисин алдык. Ичтен жарылып, абсцесс пайда болуп ички ичегиси тешилип калыптыр. Анын кесепетинен ичегинин 1,5 метрин да кесүүгө туура келди.

— Эң бат жасала турчу операция дал ушул сокур ичеги болсо керек эле?

— Мамбет агай (Мамакеев — ред.) сокур ичеги алгандан азыркыга чейин корком дейт. Операциянын эң оору да, эң жеңили да ушул. Оорулуу өз убагында келсе оңой эле таап, 30-40 мүнөттүн ичинде алып салабыз. Кээде сокур ичегини таба албай 2-3 саат операция кылган учурлар болот. Бул ар бир бейтаптын сокур ичегисинин жайгашуусу менен түшүндүрүлөт. 

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаУлуттук хирургиянын ашказан жана он эки эли ичеги оорулары бөлүмүнүн башчысы, жогорку даражадагы дарыгер-хирург Болот Иманов операция убагында
Врач-хирург высшей категории Болот Иманов - Sputnik Кыргызстан
Улуттук хирургиянын ашказан жана он эки эли ичеги оорулары бөлүмүнүн башчысы, жогорку даражадагы дарыгер-хирург Болот Иманов операция убагында

— Биз кеп кыла турчу ашказан, ичеги ооруларынын түрлөрү абдан көп. Ошондуктан бейтаптар дайыма кайрылган түрлөрүнө гана токтолсок?

Нарколог дарыгер Каныкей Иманалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Нарколог Иманалиева: аялдарды аракечтиктен арылтуу азап, кээде мүмкүн эмес
— Акыркы жылдары ашказан оорулары арбып баратат. Алардын бири — ашказан жарасы. Биз өзгөчө кырдаалдагы хирургия болгондон кийин бейтаптар кан кусуп, ичинен кан кетип жаны көзүнө көрүнүп келишет. Ашказан жарасынын канын токтотуу да оңой эмес. Абалы оорлорду жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, колдон келген жардамды көрсөтөбүз. Адатта жара уйку бездин жанына өсүп кеткенде тынчтык бербей калат. Акыркы кадам катары операция кылып жараны кесип салабыз же ашказандын үчтөн бир бөлүгүн алып салууга туура келет. Ашказандын жарасы бейтапка билинбей жүрө берет да, ракка айланып кетиши мүмкүн. Операцияга макул болбогон бейтаптын туугандарын чакыртабыз.

Ал эми он эки эли ичегинин жарасы канаганда токтотууга мүмкүнчүлүк бар. Кээде жаралар жарылганда ашказан, же эки эли ичегидеги зилдер башка органдарга тарап кетет. Ичегидеги жара менен көп убакыт жүрө берсе ал өзүнчө айыккан түр көрсөтүп, тырык болуп калат. Анан жеген тамак-аштын баары ашказандан ылдый кетпей ордунан ачый баштайт. Жыйынтыгында оорулуу арыктап, ичкен тамагын кусуп, дайыма кекирип жүрүп калат. Операциядан башка жол жок болгондуктан, экиден үч бөлүгүн кесип салабыз дагы, ички ичеги менен бириктирип коебуз.

— Бул залалдуу жаралар эмненин кесепетинен улам келип чыгат?

— Факторлору көп. Биринчиден туура эмес тамактануу, көп кыжырдануу, тукум куучулук, инфекциянын болушу, туз кислотасы көбөйгөндө пайда болот. Айрым учурда сапатсыз ичимдик ичкенден улам окшуп кусканда ашказандагы былжырлар жарылып кетип, канайт. Алгач дарылайбыз, оор болсо ашказанды ачып жарылган жерлерди тигип коебуз. Маселен, ашказандын геморрагиялык гастрит оорусу менен жабыркаган адамдын ашказаны кадимкидей тердеп, ичтен канайт. Өтө оор кырдаалда ашказанды толук алып салганга туура келет.

— Кантип? Ашказанды толугу менен алып салыппы?

Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык хирург африкалыктарды кантип дарылап жатканын айтып берди
— Толук түрдө алып салып ичке ичеги менен кызыл өңгөчтү бириктирип, ашказандын кызматына коебуз. Башында мүнөздөп тамак ичип отуруп көнүп кеткендер толтура. Эки жыл мурун мындай бир окуя болду. Адатта ичеги, жоон ичегилер буралып калат. Бизге келген бейтаптын ашказаны буралып, чирип баратыптыр. Башында бөлөк диагноз менен эле ичин ачканбыз. Бул Кыргызстанда биринчи жолу жасалган операция болгон. Маалымат булактардан издештирсек мындай диагноз менен дүйнө жүзүндө 501-болуп биз жасаптырбыз. Мына ошол баланын ашказанын алып салганбыз. Азыр буюрса жакшы, иши менен алектенип, жашоосун улантып жүрөт. Ооруга ашыкча тамак ичүү, стрес себепкер болот. 
© Sputnik / Гулдана ТалантбековаДарыгер-хирург Болот Иманов: ичегини 2,5 метрге чейин алууга болот
Врач-хирург высшей категории Болот Иманов - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер-хирург Болот Иманов: ичегини 2,5 метрге чейин алууга болот

— Ичеги спайка болгондо дагы бир тобун кесип салат деп айтышат?

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз медицинасынын өңүн чагылдырган кызыктуу 10 маек
— Спайка — бул биригип жабышып калган жер. Бейтап операция болгондо ичинен жаракат алып калса спайка пайда болуп калышы мүмкүн. Спайка учурунда ичегилерди ажыратып коебуз. Жабышып, түймөк болуп калганда гана кескенге туура келет. Ичегини 2,5 метрге чейин алууга болот. Адамда ичегилер ичке жана жоон ичеги деп бөлүнөт. Ички ичеги 5-7 метр, жоон ичеги 1,5 метр болот. Экөөнүн кызматы ар башка. Ички ичегинин функциясы тамак-ашты сиңирип, организмге керектүү нерселерди алат дагы, ашыкчасын жоон ичегиге жиберет. Жоон ичеги иштеп сыртка чыгарат.

— Кайсы курактагылар ички органдардын кандай оорулары менен ооруй тургандыгына анализ жүргүзүп көрдүңүз беле?

— Ашказан, он эки эли ичеги менен ооругандарга көбүнчө жаштар кирет. Бардыгы туура эмес тамактангандын айынан. 50 жашка чейинкилер ашказан, ичеги жарасы менен келишет. Айрым учурда жара менен өспүрүмдөр да келип калат. Аларга бычак тийгизбегенге аракет кылабыз.

Ошондуктан ичкен-жегенибизге көбүрөөк көңүл буруп, тамакты бат-баттан жана аздан ичүү керектигин баса белгилегим келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0