Аялдар эмне себептен депрессияга кабылары аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи насилия над женщинами в Кыргызстане
Случаи насилия над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психологдор үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган аялдар окуяны жаап-жашырбай бирөөгө айтып берип турбаса, депрессияга кабылганын өздөрү да байкабай каларын кошумчалашты.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көп аялдардын депрессия дартына кабылышына себеп болот. Бул тууралуу РИА Новости илимпоздордун иликтөөсүнө таянып кабарлады.

"Үйдөн орой мамилеге, ур-токмокко, басмырлоого кабылган аялдар акырындык менен депрессияга туш болот. Бул көрүнүштү аялдар жаап-жашырып эч кимге айтпай жүрө берет. Мындан улам депрессияга кабылганын өздөрү да, тегерек-четтегилер да байкабай калышат", — деп жазылат маалыматта.

Психологдор мындай учурга кабылган аялдарды ичиндеги бугун сыртка чыгарып, бирөөгө айтып бербесе, мунун аягы жаман бүтөрүн кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0