УКМК: Петербургдагы жардырууга шектелген адамдын жакындары Ошто сурак берүүдө

© AP Photo / Yevgeny KurskovВзрыв в метро в Санкт-Петербурге
Взрыв в метро в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалымат боюнча Санк-Петербургдун метросундагы жардыруудан 14 адам көз жумду.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы метродогу жардырууга шектелип жаткан Ош шаарынын тургуну Акбаржон Жалиловдун ата-энеси УКМКнын Ош облустук башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

"УКМК мыйзамдын чегинде ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында Санкт-Петербургдагы жардырууга тиешеси бар делген Акбаржон Жалиловдун жакындары жана туугандары суралып жатат", — деди Сулайманов.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Петербургдагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон

Аны Кыргызстанда төрөлүп, Россия жарандыгын алган адам жасады деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0