Кыргызстанда муфтий кантип шайланат. Каттоодон курултайга чейинки жол

Жазылуу
Эртең, 4-апрелде, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси – Кыргызстандын муфтийи шайланат. Учурда Кыргызстан калкынын 85 пайызга жакыны мусулман динин кармаган жарандар экендигин эске алсак, бул коомчулуктун бир катар мүчөлөрү үчүн ири мааниге ээ процесс.

Учурда Кыргызстан муфтийине жарыяланган сынактын негизинде эки адам – азыркы муфтий Максатбек Токтомушев жана Ниязали Арипов ат салышууда. Ал эми Чубак Жалилов талапкерлигин алып салды

Курун китебин окуп жаткан аалым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтийликти көздөгөн үч талапкер аныкталды
Муфтий кантип шайланат, кандай негизде өтөт, кимдер, кантип тандайт деген суроолорго Sputnik Кыргызстан жооп издеп көрдү. Бул жатта бизге Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев көмөк көрсөттү.

Муфтий Кыргызстанда үч жылда бирден шайланат, анын бекитилген атайын Уставы бар.

Биринчи кадам. Баары арыз менен каттоодон башталат

Кыргызстан муфтийинин шайлоосуна катышам деген талапкер арыз тапшырып, каттоодон өтүүсү зарыл. Мында талапкерлер өздөрүн өздөрү көрсөтсө да, андан сырткары, жамааттар да сунуштаса болот. Каттоого орто эсеп менен 20 күн мөөнөт берилет.

Экинчи кадам. Талапкерди сынактан өткөргөн комиссия жана анын курамы

Комиссия муфтийликке талапкерлердин документтерин, теологиялык багыттагы илим-билим деңгээлин, Баш мыйзамды канчалык деңгээлде билерин текшерет.

Аталган комиссия тогуз кишиден турат. Анын алтоо – Аалымдар кеңешинин, экөө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү болсо, бирөө – Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкери.

Үчүнчү кадам. Жалгыз талапкерди тандаган кеңеш

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Муфтийдин айылга каты: арасында жүрсө дагы булуттун, адам кантип өскөн жерин унутсун
Муфтийликке аттанган жолдогу негизги сынактын бири – Аалымдар кеңеши менен болгон баарлашуу. Мында кеңеш талапкерлерди карап чыгат. Болочоктогу муфтийди 21 адам электен өткөрөт да, добушу менен бир талапкерди калтырып, калганы жарыштан четтетилет. Добуш берүүнүн жабык же ачык өтүшү керектигин аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жыйындын алдында аныктайт. Ошентип, жалгыз талапкер эртеси күнү боло турган курултайга сунушталат.

Аалымдар кеңеши курултайга сунуштоо үчүн жалгыз талапкерди аныктагандан кийин ал шайлоого катышуудан баш тартса, анда бардык процедуралар каттоо, арыз берүүдөн кийин кайрадан башталат.

Төртүнчү кадам. Курултай тандалган талапкерди бекитет

Курултайга Кыргызстандын жети облусунан 220-250 адамдын тегерегиндеги делегат катышат. Алардын келип-кетиши, жер-жерлерден тандалып жиберилиши дагы башка уюштуруу иштери муфтиятка жүктөлгөн.

Намаз окуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият быйыл орозо качан башталарын болжолдуу билдирди
Делегаттар дин аалымдардан, коомдук ишмерлерден, бейөкмөт коомдук диний уюмдардын, жергиликтүү аткаруу органдарынын, дин иштерине байланышкан мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнөн турат. Аларды казыяттар тандап жиберет. Курултайга алардан сырткары дубандардагы казыяттардан жана хатибияттардан өкүлдөр катышат.

Ошентип делегаттар Аалымдар кеңеши сунуштаган талапкерди бекитип берет.

Каттоодон тарта баарлашууга чейин баш-аягы бир айга чукул мезгилди алган бул процесске курултайдагы бир нече сааттык добуш берүү чекит коёт. Ошентип, курултай муфтийди көпчүлүк добуш менен шайлайт.

Добуш берүүнүн ачыктыгы…

Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн шайлоонун жүрүшү, делегаттар добуш берген учурлар видео камерага тартылат. Процессти күч түзүмдөрү, атайын комиссия көзөмөлдөйт.

"Делегаттардын шайлоо процесси учурунда эшикке кирип-чыгуусу эркин болот. Муфтийди тандоо ачык-айкын өтөт деген ойдобуз", — деди биздин маектеш Ибраев.

Муфтий деген ким жана анын кандай милдеттери бар?

Марс Ибраев бул суроого төмөнкүчө жооп берди.

Муфтий — Кыргызстандагы мусулмандардын кызыкчылыгын коргой турган адам. Салттуу ислам динин таралышына өз салымын кошуп, диний маселелерди чечүүдө өзүнүн курамы менен ишти алып барат. Өлкөнүн дин жаатындагы көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун издеп, мамлекет менен диндин ортосундагы көпүрө болуп берүүчү адам.

Муфтийге коюлган 12 талап

  1. Кыргызстандын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү болушу шарт;
  2. Ахли сүннөт вал-жамаат акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманышы керек;
  3. Жогорку диний жана светтик билимге ээ болушу зарыл;
  4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн болуусу керек;
  5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыстык сапаттар;
  6. Мусулман коомчулугунун арасында аброю жогору болуп, элдин ишенимине кириши шарт;
  7. КМДБнын курамында же дин кызматкери катары үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек;
  8. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иши козголбогон жана соттолбогон адам болушу зарыл;
  9. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын катарында болбошу керек;
  10. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөм талап кылынат;
  11. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөп, ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алууга тийиш.
  12. Катталуучу талапкер жеке ыктыярдуу түрдө өз талапкерлигин сунуштагандай эле Аалымдар жана диний уюмдар тарабынан дагы сунушталуу укугуна ээ болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0