Нарын жетекчилиги облуста көмүрдүн тартыштыгы жок экенин айтты

Жазылуу
Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү 2017-жылдын 8-февралына карата 58 жайда сатыкта 1139 тонна көмүр бар деген маалымат таратты.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Нарында облусунда көмүрдүн тартыштыгы жок, ал эми Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда сатуу үзгүлтүккө учурап калууда. Баанын ашыкча көтөрүлүп кетпеши үчүн Жумгалдагы көмүр казылган жерлерде тиешелүү мамлекеттик органдар көзөмөл жүргүзүүдө. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Облус боюнча көмүр саткан 68 жай бар. 2017-жылдын 8-февралына карата 58 жерде 1139 тонна көмүр бар", — деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаа: 1,5 миң сомго кымбаттаган көмүр. Кайыктырган суук, карайлаган эл
Мындан тышкары, Нарын облусуна 2016-2017-жылга 43 миң 731 тонна көмүр зарыл болгону, анын ичинен бюджеттик уюмдарга делген 15 миң тоннадан ашууну өткөн жылдын 8-ноябрында жеткирилгени айтылган. Өкмөт элге делген 22 миң 750 тонна көмүр толугу менен жеткирилгенин кабарлаган.

Өкмөт учурда көмүр Ак-Талаада 3500-3800 сом, Ат-Башыда 3300-3500, Жумгалда 950-2130, Кочкордо 2600-2800, Нарын районунда — 3000-3500 жана Нарын шаарынын өзүндө 3000-3500 сомдом сатылып жатканын билдирди.

Буга чейин Нарындын жашоочулары көмүр жетишсиздиги менен кымбаттыгына нааразылыгын билдирген. Ал эми мындан эки күн мурда Нарын облусунун борборунда бир нече жашоочу көмүр жана электр кубаты көйгөйү боюнча нааразылыкка чыгып, өкмөткө бир нече талаптарды койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0