Кыргызстандагы 100 жаштан ашкан 10 байбиче. Тагдырлар, өксүк менен сүйүнүчтөр

Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин 2016-жылга карата берилген маалыматы боюнча Кыргызстанда бир кылымдан ашуун жашаган 280 карыя бар. Алардын 96сы эркек болсо, 184ү аял. Ал эми 116 жаштагы Италия жараны дүйнө боюнча эң узак жашаган адам деп Гиннестин рекорд китебине кирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагында бир кылымдан ашуун жашаган бир нече карыялардан кабар алып, алардын жашоо-шарты, эмгек жолу жана узак жашоо сырларын билүүгө белсенди.

1. Карылыкка моюн сунбаган 132 жаштагы Айша апа

Айша апанын курагын паспортунда жазылган дата менен айта турган болсок, дүйнө боюнча эң узак жашаган адам болушу мүмкүн. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында жашаган Айша Атабаева быйыл 132ге чыкты. Анын төрт уулу, эки кызы, 27 небереси, 62 чөбөрөсү жана 15 кыбырасы бар. Биз апанын кичүү келини Сонайым Муратова менен байланыштык. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында жашаган Айша Атабаева быйыл 132ге чыкты
Старожилы из регионов Кыргызстана — Айша Атабаева, 132 года - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында жашаган Айша Атабаева быйыл 132ге чыкты

Пенсия алуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ким көп пенсия алат? Ушунча алууга сиздин мүмкүнчүлүгүңүз барбы?
— Энем Алайдын кызы, билим жагынан сабаттуу болгондуктан, мектепти бүткөндөн кийин комсомол комитетинде иштеген экен. Биринчи турмушунда бир нече жыл жашап, бирок балалуу болбоптур. Ал күйөөсү согушка кетип кайтпай калган экен. Кийинчерээк биздин атабыз менен баш кошуптур. Энем 13-14 жашынан бери намаз окучу экен, соңку 10 жылдан бери эле окубай калды. Азыр деле кайраттуу, эс тутуму жакшы, буюмдарын койгон жерин унутпай эстеп турат. Карылыкка моюн сунбаган өтө чыйрак аял, 10 жыл мурун өз алдынча басып жүрө берчү. Неберелерине көбүнчө согуш маалындагы окуяларды эскерип, "күндүзү өкмөттүн ишинде болсок, түнкүсүн чырактын жарыгында байпак токуп аскерлерге жиберчүбүз, силердей жаш балдар ит мурун, машак теришчү" деп айтып берет. Энемдин паспортто көрсөтүлгөн жаш курагы өзүнүн жашы менен дал келбей калышы да мүмкүн. Паспортко жазганда болжол менен 10 жашка улуу кылып жазып койгонун айтып жүрчү эле. Учурда 4900 сом пенсия алат.

2. Урпагы бир айыл болгон 113 жаштагы Айзада апа

© Фото / Тажибай ЭргешовЛаглан айылынын 113 жаштагы ардактуу карыясы Айзада Казакованын урпактары эле өзүнчө бир айылды түзөт
Старожилы из регионов Кыргызстана — Айзада Казакова, 113 лет - Sputnik Кыргызстан
Лаглан айылынын 113 жаштагы ардактуу карыясы Айзада Казакованын урпактары эле өзүнчө бир айылды түзөт
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Лаглан айылынын 113 жаштагы ардактуу карыясы Айзада Казакованын урпактары эле өзүнчө бир айылды түзөт. Дегенибиз апанын үч уулу, төрт кызы, 65 небереси, 80 чөбөрөсү, 20 кыбырасы бар. Биз учурда Айзада апаны карап жаткан экинчи уулу Тажибай Эргешов менен байланыштык. 
© Фото / Тажибай ЭргешовДегенибиз апанын 3 уул, 4 кыз, 65 небере, 80 чөбөрө, 20 кыбырасы бар
Старожилы из регионов Кыргызстана — Айзада Казакова 113 лет - Sputnik Кыргызстан
Дегенибиз апанын 3 уул, 4 кыз, 65 небере, 80 чөбөрө, 20 кыбырасы бар

— Биз жети бир тууган элек, бир агам менен эжем дүйнө салып кетти. Кыздары да көп балалуу болгон, улуу кызы 15, андан кийинкиси 13, дагы эки кызы 10дон бала төрөп өстүргөн. Ал эми уулдарынан агамдын 9, менин 8, инимдин 4 баласы бар. Алардын баары учурда эрезеге жетип үй-бүлөлүү болуп калышкан. Улуу агам тирүү болгондо азыр 85ке чыкмак, кичүүсү 61ге чыкты. Атам согушка барып бир жылдай жүрүп оң колунан ажырап кайтып келиптир. Ал учурда апамдар буудай оруп үйгө да келбей, эгиндер жыйналып бүтмөйүнчө орук талаасында эле жатып калышчу экен. Согуш бүткөндөн кийин бир нече жыл өкмөттүн эчки-коюн багышыптыр. 1960-жылдары Мады айылына көчүп келип атам пенсияга чыкканга чейин мамлекеттик мекемелерде кароолчу болуп эмгектенген экен. Апам үч жылдан бери эле үйдө отуруп калды, ага чейин айылдагы жамандык-жакшылыктардан калбай барып тураар эле. Кыздары, неберелери үйгө келгенде алар менен кошо кетип ар биринин үйүнө барып бир нече күн жүрүп көңүлүн көтөрүп келчү. Соңку бир айдан бери ден соолугу оорлоп калды. Айына 5200 сом пенсия алат.

3. Бала чакасынан "отчет" алган 112 жаштагы Күмүшай апа

© Фото / Сабира ЧыналиеваЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Табек айылынын кадырлуу энеси Күмүшай Чыналиева быйыл 112 жашка толду
Старожилы из регионов Кыргызстана — Кумушай Чыналиева, 112 лет - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Табек айылынын кадырлуу энеси Күмүшай Чыналиева быйыл 112 жашка толду
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Табек айылынын кадырлуу энеси Күмүшай Чыналиева быйыл 112 жашка толду. Күмүшай апа учурда 1 уул, 5 кыз, 31 небере, 86 чөбөрө, 4 кыбырага эне болуп дөөлөттүү карылыкты баштан кечирип отурган чагы. Анын жалгыз келини Сабира Чыналиева кайненесинин кайраттуулугуна өзгөчө баа берип буларга токтолду. 
© Фото / Сабира ЧыналиеваКүмүшай апа учурда 1 уул, 5 кыз, 31 небере, 86 чөбөрө, 4 кыбырага эне болуп дөөлөттү карылыкты баштан кечирип отурган чагы
Старожилы из регионов Кыргызстана — Кумушай Чыналиева 112 лет - Sputnik Кыргызстан
Күмүшай апа учурда 1 уул, 5 кыз, 31 небере, 86 чөбөрө, 4 кыбырага эне болуп дөөлөттү карылыкты баштан кечирип отурган чагы

Баткендеги 106 жаштагы эне, 80 жаштагы кызы аларга каралашар киши жоктугун айтышты - Sputnik Кыргызстан
Баткендеги 106 жаштагы энени 80 жаштагы кызы багып, экөө чогуу жашайт
— Апам жашында тоодо таза абада жүрүп, сүт, айран, каймак өңдүү табигый тамактар менен азыктанганы узак жашоосунун бирден-бир себеби болсо керек. Кайнатам да "көбүнчө кекилик атып келип жечүбүз" деп айтаар эле. Азыр деле чайга такай сүт кошуп, айрандан чалап жасатып ичип турат. Колго кесме кесип беребиз, дүкөндөн алганды жебейт, атайын очокко чай кайнатып беребиз. Ошондуктан да көп ооруган эмес. Ага караганда биз көп ооруйбуз десем болот. Жакында эле керебеттен түшүп атып тайып жыгылып, бир буту чыгып кетип доктурга барып салдырдык. Ошондон кийин үйдө отуруп калды. Ага чейин өз алдынча кирип-чыгып жүрө берчү. Ошентсе да кайратынан тайбай баарыбызга көз салып, күндүзү жасаган иштерибиздин отчетун кечинде алып турат. Эмгек жолунда жайлоодо мал багып, бал челек кармап, кийинчерээк токой чарбаны иштетишиптир. Азыр балдарынын кичүүсү 53 жашта болсо, улуу кызы 80ге чыгып калды. Кайнатам 1982-жылы дүйнөдөн өтүп кеткен. Кайненем учурда айына 5000 сомдон пенсия алып турат.

4. Бир гана перзент күтө алган 110 жаштагы Зулпия эне

© Фото / Турсунай Ботобекова110 жаштагы Зулпия Дуванаева Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу, Кызыл-Дөбө айылында жашайт
Старожилы из регионов Кыргызстана — Зулпия Дуванаева, 110 лет - Sputnik Кыргызстан
110 жаштагы Зулпия Дуванаева Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу, Кызыл-Дөбө айылында жашайт
110 жаштагы Зулпия Дуванаева Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында жашайт. Карыянын 6 небере, 9 чөбөрөсү бар. Тагдырдын буйругу менен бир гана перзенттүү болуптур. Жалгыз кызы Турсунай Ботобекова апасы тууралуу мындайча айтып берди. 
© Фото / Турсунай БотобековаЗулпия апанын 6 небере, 9 чөбөрөсү бар
Старожилы из регионов Кыргызстана — Зулпия Дуванаева 110 лет - Sputnik Кыргызстан
Зулпия апанын 6 небере, 9 чөбөрөсү бар

— Атам согушка катышып бутунан жаракат алып келген экен. 1984-жылы дүйнөдөн өттү. Апам ал учурду "талаа иштеринде эгин жыйнап, машак терип бир топ кыйынчылыктарды көргөнбүз" деп эскерет. Атамдын мурдагы аялы төрөттөн каза болгон экен. Кийин апам менен баш кошуп эки балалуу болуп, тилекке каршы, алар ошондо эле чарчап калыптыр. Андан кийин көпкө жүрүп мен төрөлгөндө ырымдап "туруп калсын" деп атымды Турсунай коюшуптур. Башкалардан өзгөчөлүгү дагы деле эс-тутуму жакшы. Мурда бир жакка чыксак жаш балдарыбызды апама калтырып кетчүбүз. Учурда 5170 сом пенсия, андан тышкары 1000 сом компенсация алат.

5. Боомдун жолун курган 109 жаштагы Күкүтай апа

© Фото / Гулумкан ТоктобаеваЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын тургуну Күкүтай Коңурбаева быйыл 109-жашын белгилейт
Старожилы из регионов Кыргызстана — Кукутай Конурбаева, 109 лет - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын тургуну Күкүтай Коңурбаева быйыл 109-жашын белгилейт
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын тургуну Күкүтай Коңурбаева быйыл 109 жашын белгилейт. Учурда ал 2 уул, 1 кыз, 21 небере, 9 чөбөрөнүн сый-урматын көрүп отурган чагы. Күкүтай апа тууралуу 62 жаштагы келини Гүлүмкан Токтобаева айтып берди. 
© Фото / Гулумкан ТоктобаеваУчурда ал 2 уул, 1 кыз, 21 небере, 9 чөбөрөнүн сый-урматын көрүп отурган чагы
Старожилы из регионов Кыргызстана — Кукутай Конурбаева, 109 лет - Sputnik Кыргызстан
Учурда ал 2 уул, 1 кыз, 21 небере, 9 чөбөрөнүн сый-урматын көрүп отурган чагы

Жаштар менен тең жарышкан Шакир карыя: машыкпай калсам демим кысылып кетет - Sputnik Кыргызстан
Жаштар менен тең жарышкан Шакир карыя: машыкпай калсам демим кысылып кетет
— Мен бүл үйгө жаңы келин болуп келгенде кайненемдин 10-15 чакты бал челеги бар болчу. Ошондо апам аарынын чакканын тоготпой, эч жери шишибей жүргөнүн көрүп аябай таң калгам. Узак жашоого өбөлгө түзгөн бал менен аарынын касиети болду окшойт. Апамдын буттары да ооруган эмес, мунун себебин көп жыл апийимде иштегени менен байланыштырат. "Арпа, буудай, картошка, жүгөрү айдап, күндүр-түндүр тынбай иштечүбүз. Боом капчыгайындагы жол курууга да катышып, айлап ошол жакта эле жатып калчубуз. Азыр силерге жакшы, бир баскычка колуңар тийсе эле кириңер жуулат, чайыңар кайнайт. Ушул жашоону кут кылсын!" — деп калат. Кайнатам ден соолугуна байланыштуу согушка катышпай калган. Майданга кеткен иниси бир жылдан кийин буларга "мен үйгө кайтып барарым күмөн… Келинчегимдин окуйм деген кыялы бар эле, сиздер баламды алып асырап алыңыздар" деп кат жөнөтүптүр. Ошентип ал согушта эки-үч жыл жүрүп курман болуп калат да, анын бир айлык баласын булар багып алышыптыр. Өздөрү да көпкө балалуу боло албай жүргөн экен. Анын артынан дагы эки бала асырап алышыптыр. Менин жолдошум экинчи баласы эле, анын да көзү өтүп кетти. Кайнатам 1987-жылы 86 жаш курагында дүйнө салды. Учурда апам 5266 сом пенсия, тылда эмгектенгени үчүн да кошумча 1000 сом берилет.

6. 25 небере, 76 чөбөрө, 31 кыбыранын бактылуу энеси 107 жаштагы Үрбү апа

Бишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочусу Үрбү Боромбаева 107 жашта. Ал 3 уул, 1 кыз, 25 небере, 76 чөбөрө, 31 кыбыранын бактылуу энеси. Учурда ал 70 жаштагы уулу Абдубалы Боромбаевдин үйүндө жашайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочусу Үрбү Боромбаева 107 жашта. Ал 3 уул, 1 кыз, 25 небере, 76 чөбөрө, 31 кыбыранын бактылуу энеси
Старожилы из регионов Кыргызстана — Урбу Боромбаева, 107 лет - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочусу Үрбү Боромбаева 107 жашта. Ал 3 уул, 1 кыз, 25 небере, 76 чөбөрө, 31 кыбыранын бактылуу энеси

— Апам 1930-1944 жылдары мектепте мугалим, 1945-1950 жылдары бухгалтер болуп эмгектенип, кийинки жылдары колхоздун койлорун багышкан экен. Өзүбүз Аксыдан болобуз, апам 15 жылдан бери Бишкекте, менин үйүмдө турат. Ден соолугу дурус эле, бирок соңку учурда болуп жаткан сасык тумоонун таасирине да кабылып калды окшойт. Картайган адамды жакшы карап, кандай сөз айтса да уга билип, анан пенсиясын албай колуна берүү зарыл. Ошондой эле күн сайын эртең менен турганда балдарынын баары кирип "жакшы эс алдыңызбы" деп абалын сурап, тамакка келгенде ага ооз тийгизип, анан башкаларга берсең көңүлү көтөрүлүп жакшы жашайт. Кары кишиге көңүл эле керек. Атам 2001-жылы 96 жашында дүйнөдөн өткөн. Эң улуу баласы тирүү болгондо быйыл 87 жашка чыкмак, кичүүсү 65 жашта. Учурда апама 5000 сом пенсия чыгат.

7. Чеберелеринин бешигин терметкен 105 жаштагы Токто апа

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын кадырлуу карыясы Токто Дубанаева 105 жашта. Анын 2 уул, 3 кыз, 30 небере, 91 чөбөрө, 17 кыбырасы бар. Токто апанын өзү менен сүйлөшүп абалын сураганыбызда "оорубай эле жакшы отурам, айланайындар… эми буга чейинки иштеген эмгектеримди айта турган болсом бүтпөйт да… кыркында кой-эчкилердин жүнүн кыркчубуз, пахта өстүрүп дыйканчылык кылганбыз, балам", — деген жооп уктук. Ал эми Токто апа туурасында толук маалыматты небере келини Гүлсанам Дубанаева айтып берди.

© Фото / Гулсанам ДубанаеваБаткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын кадырлуу карыясы Токто Дубанаева 105 жашта. Анын 2 уул, 3 кыз, 30 небере, 91 чөбөрө, 17 кыбырасы бар
Старожилы из регионов Кыргызстана — Токто Дубанаева, 105 лет - Sputnik Кыргызстан
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын кадырлуу карыясы Токто Дубанаева 105 жашта. Анын 2 уул, 3 кыз, 30 небере, 91 чөбөрө, 17 кыбырасы бар

— Кудайга шүгүр, азырга чейин баскан-турганы тың, беш убак намаз окуйт. Балдарыма каралашып кичүүсүн бешикке бөлөп берсем терметип отурат. Мындан 3-4 жыл мурун биз талаага кетсек, кечинде келишибизге тамак бышырып койчу. Менин кайнатам эң кичүү баласы болгон. Анын көзү өтүп кетти. Учурда энемдин балдарынан бир уул, бир кызы эле калып, калгандар о дүйнө салып кеткен. Учурда биз — неберелери карап атабыз. Айына 4500 сом пенсия алат.

8. Согушта койнуна буудай катып келип бир туугандарын баккан 102 жаштагы Рахима апа

Рахима Калматова 1915-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Бир уул, бир кыз, 15 небере, 30 чеберенин энеси аталып кадырлуу карылыкты баштан кечирип отурган чагы. 102 жаштагы Рахима апанын өмүр таржымалын уулу Төлөмбай Мурзагелдиев менен келини Гүлмира Абакирова баяндап берди. 

© Фото / Толомбай МурзагелдиевРахима Калматова 1915-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Бир уул, бир кыз, 15 небере, 30 чеберенин энеси аталып кадырлуу карылыкты баштан кечирип отурган чагы
Старожилы из регионов Кыргызстана — Рахима Калматова, 102 года - Sputnik Кыргызстан
Рахима Калматова 1915-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Бир уул, бир кыз, 15 небере, 30 чеберенин энеси аталып кадырлуу карылыкты баштан кечирип отурган чагы

Ээр менен зер буюм жасоонун сырлары — 82 жаштагы карыянын колунан көөр төгүлгөн өнөрү
— Апабыз жашында оорукта эмгектениптир, "атам согушка кеткен, мен үйдүн эң улуусу болчумун, апам экөөбүз оорукта иштеп, кечинде койнубузга катып келеен буудайларды жаргылчактан өткөрүп бир туугандарыма жарма жасап берчүбүз" деп айтып берет. Мындан сырткары, байпак токуп аскердегилерге жөнөтүп, райондогу жол куруу иштерине да катышкан экен. Ал эми атабыз менен турмуш кургандан кийин 10 жылдай Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда өкмөттүн койлорун багышыптыр. Тилекке каршы, балдары токтобой чарчап кала берип, эки гана перзент өстүрө алышыптыр. Атам 65 жашында 1956-жылы, мен төрөлгөндө каза болгон экен. Учурда апамдын кан басымы жогорулап жатканынан неберелери Чүйгө алып кетип карап жатышат. Бир чети кышкы суукта бул жакта кыйналып да калат экен. Күн жылыганча ошол жакта тура турсун дедик. Үйдө отурганды жактыра бербей сыртка чыгып кетет. Азыр мурункуга салыштырмалуу ден соолугу бир аз начарлап калды.

9. 35 жаш улуу кишиге турмушка чыгып, 9 балалуу болгон 101 жаштагы Зулайка апа

© Фото / Турарбубу РысбековаНарын облусунун Ак-талаа райондагы Ак-Тал айылынын тургуну Зулайка Шайылдаева быйыл бир кылым бир жыл жашап 101 жашка чыкты
Старожилы из регионов Кыргызстана — Зулайка Шайылдаева, 101 год - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусунун Ак-талаа райондагы Ак-Тал айылынын тургуну Зулайка Шайылдаева быйыл бир кылым бир жыл жашап 101 жашка чыкты
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын тургуну Зулайка Шайылдаева быйыл бир кылымдык курактан ашып 101 жашка чыкты. Зулайка апа үчурунда төрт уул, беш кыздын гана апасы болсо, азыр 40 небере, 50 чөбөрө, 10 кыбыранын сыймыктуу энеси аталып төрдүн көркү болуп турган чагы. Апанын өмүр жолу туурасында улуу келини Турарбүбү Рысбекова айтып берди. 
© Фото / Турарбубу РысбековаЗулайка апа үчурунда төрт уул, беш кыздын гана апасы болсо, азыр 40 небере, 50 чөбөрө, 10 кыбыранын сыймыктуу энеси
Старожилы из регионов Кыргызстана — Зулайка Шайылдаева, 101 год - Sputnik Кыргызстан
Зулайка апа үчурунда төрт уул, беш кыздын гана апасы болсо, азыр 40 небере, 50 чөбөрө, 10 кыбыранын сыймыктуу энеси

— Апабыз өмүр бою эгин сакталган кампада эмгектениптир. Күзүндө жыйналган эгинди сапырып тазалап киргизип, маал-маалы менен чабандарга жем жөнөтүп турушчу экен. Менин келин болуп келгениме 40 жыл болду. Апамдын дары-дармек ичкенин көргөн эмесмин. Азыр жашы жүздөн ашса да отуруп калбай, жакын жердеги балдарынын үйүнө барып турат. Кулагы бир аз укпай калганы болбосо эле, кудайга шүгүр, ден соолугу жакшы. Учурда жашоо-шарты дурус эле, кичүү баласы карап атат. Кээде бир нече убакытка келбей калсак "менден кабар албайсыңар, баккыңар келбей калдыбы?" деп бизге таарынып да калат. Атабыз 60 жаш курагында 25 жаштагы апабызды алган экен. Мурунку кемпиринен да үч баласы болгон, алардын улуусу бизбиз. Бул апабыз менен жашап тогуз балалуу болушкан. Тилекке каршы, эки уул менен бир кызы эрезеге жетип үй-бүлөлүү болгондон кийин каза болуп калды. Алардын балдарын да апабыз багып чоңойткон. Ошол балдарынын өлүмүнөн да көп азап тартып калды.

10. Эсеп кошуп, жадыбал айткан 100 жаштагы Батма апа

© Фото / Жаныл Калчабаева100 жаштагы Батма Дакенова учурда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Көл айылында жашайт
Старожилы из регионов Кыргызстана — Батма Дакенова, 100 лет - Sputnik Кыргызстан
100 жаштагы Батма Дакенова учурда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Көл айылында жашайт
100 жаштагы Батма Дакенова учурда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Көл айылында жашайт. 3 уул, 8 кызды тарбиялап өстүргөн баатыр эне 57 небере, 96 чөбөрө, 3 кыбыранын сыймыктуу чоң апасы. Бизге алтынчы кызы Жаңыл Калчабаева апасынын баскан жолун мындайча айтып берди. 
© Фото / Жаныл Калчабаева3 уул, 8 кызды тарбиялап өстүргөн баатыр эне, 57 небере, 96 чөбөрө, 3 кыбыранын сыймыктуу энеси
Старожилы из регионов Кыргызстана — Батма Дакенова, 100 лет - Sputnik Кыргызстан
3 уул, 8 кызды тарбиялап өстүргөн баатыр эне, 57 небере, 96 чөбөрө, 3 кыбыранын сыймыктуу энеси

Улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Наристесин кар үстүнө төрөгөн Калбү апа, 13 балага өмүр берген Куттия эне
— Жаңы жылды утурлай апабыздын 100 жылдык мааракесин белгиледик. Азыр деле зирек. Балдары, неберелери келсе кобурашып көпкө чейин сүйлөшөт. Аларга эсептерди кошуп, жадыбалдарды да айтып берет. Соңку бир жылдан бери буту ооруп өз алдынча басалбай үйдө отуруп калды. Жашында жер айдап, эгин сугарып талаада эмгектениптир. Ал эми согуш жылдары атам экөө тең тылда иштеп, аскерлерге азык-түлүк жөнөтүп турганбыз дешет. Атабыз көп жыл бала көрбөй жүрүп 50гө чыкканда апабызды алыптыр. Анда энебиз 20 жашта экен. Атабыз 94 жашында дүйнөдөн өттү. Таенем дагы токсондон ашып каза болгон экен, узак жашоо булардын тукумунда бар го деп ойлойм. Дары-дармектерди деле ичкен эмес, негизи эле дары колдонгонду көп жактыра бербейт. Учурда эң улуу баласы 75ке чыкса, кичүүсү 51 жашка толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0