ЖАМК: Азимжан Аскаров ачкачылыгын токтотту

© Sputnik / Табылды КадырбековСуд над Азимжаном Аскаровым, обвиняемым в разжигании межэтнического конфликта на юге Кыргызстана в 2010 году
Суд над Азимжаном Аскаровым, обвиняемым в разжигании межэтнического конфликта на юге Кыргызстана в 2010 году - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облустук соту Аскаровду өмүр бою абакта калтыруу чечимин күчүндө калтыргандан кийин ал ачкачылык жарыялаган болчу.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаров жарыялаган ачкачылыгын токтотконун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Белгилей кетсек, 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун аппеляциялык арызын карап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. Соттун өкүмүн уккандан кийин ал ачкачылык жарыялай турганын айткан.

Аскаровдун жактоочулары менен ЖАМКтын кызматкерлери аны ден соолугуна зыян келбеши үчүн ачкачылыгын токтотууга чакырышкан.

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаров: көзүм өтүп кетсе, аялым менен укук коргоочуларга кабарлап койгула
Аскаров дүйшөмбү күнү №1 абактын башчысына ачкачылыгын токтоткону тууралуу кат жазган. Анын абалы канааттандырарлык экенин мекемеден билдиришти.

Аскаров 2010-жылы улут аралык чыр тутантууга айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Бишкек — Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын катарында болгону айтылат. Куралсыз 13 милиция кызматкери каршылыкка чыккан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда башаламандык жараткандар аларды сабап, Сулайманов аттуу милиция кызматкерин өлтүрүп, мыкаачылык менен өрттөп жиберишкен.

Буга чейин айрым эл аралык уюмдар Аскаровду бошотуу талабы менен кайрылып, 2016-жылдын июль айында Германиянын канцлери Ангела Меркелден да Кыргызстанга болгон сапарында Аскаровду бошотууга жардам берүүсүн суранган. Сот Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирди. Ал улуттар аралык жаңжалды козутуу, баш аламандык жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп айыпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0