Ракты дарылоочу аппаратты КРге жыл аягына чейин алып келебиз деп сөз беришүүдө

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүМэр Москвы Сергей Собянин посетил детскую городскую поликлинику № 125
Мэр Москвы Сергей Собянин посетил детскую городскую поликлинику № 125 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы чакан финансылык компаниянын башчысы Бабур Төлбаев электр нурлуу жабдууну каржылоону өзүнө алганын билдирди.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Улуттук онкология борборуна ракты дарылоочу аппарат насыяга алына турганын "Помогать легко" коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Джумабековым - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жумабеков: сөөк өстүрүү боюнча эмгегимди Гиннес китебине киргизүү сунушу түштү
Кымбат баалуу медициналык жабдууну алуу үчүн каражат былтыр жай айынан бери чогултулууда. Аны сатып алуу демилгесин "Помогать легко" коомдук фонду көтөргөн.

Фонддун өкүлүнүн айтымында чакан финансылык компаниянын башкы директору Бабур Төлбаев аларга кайрылып, кымбат баалуу жабдууну сатып алууга кеткен бардык чыгымды өзүнө ала турганын билдирген. Ал аны 2017-жылдын аягына чейин алып келүүгө бардык аракетин көрөрүн айткан.

"Аны Улуттук онкология борборуна коёбуз. Насыя дарыланган бейтаптардан түшкөн акчасынан төлөнөт. Аны инвесторго 2020-жылга чейин төлөп беребиз", — деп фонддун өкүлү билдирди.

Ушул тапта электр нурлуу жабдууну сатып алууга жалпысынан элден 4,3 миллион сом чогулган. Аппараттын өзүнүн баасы 3,5 миллион долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0