Моргдун жанында учак кырсыгынан өлгөндөрдүн жакындары үчүн лагерь уюштурулду

© Sputnik / Екатерина МихайловаДля родных и близких погибших в результате крушения грузового авиалайнера в селе Дача-Суу организован временный лагерь, где людям предлагается еда и горячие напитки
Для родных и близких погибших в результате крушения грузового авиалайнера в селе Дача-Суу организован временный лагерь, где людям предлагается еда и горячие напитки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жерде медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматты да нөөмөттө турат. Дарыгерлердин айтымында, кырсыктан каза болгондордун толук аты-жөнү кечки 9-10дордо чыгат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Өлүк сактоочу жайда убактылуу лагерь уюштурулуп, "Манас" аэропортунун жанындагы учактын кыйрашынан улам каза болгондордун жакындарына тамак-аш берилип жатат. Бул туурасында КРнын Улуттук кызыл жарым ай коомунун "Үй-бүлө байланышын калыбына келтирүү" программасынын координатору Салтанат Абдыжапарова билдирди.

"Күн бою каза болгондордун жакындары жана соттук медициналык экспертизанын кызматкерлерине чай, кофе, шириндиктер берилип турат", — деди Абдыжапарова.

Биринчи вице-премьер: авиакырсык учкучтардын күнөөсүнөн болду деген ой бар - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер: авиакырсык учкучтардын күнөөсүнөн болду деген ой бар
Ошондой эле ал жерде медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматты да нөөмөттө турат. Дарыгерлердин айтымында, кырсыктан каза болгондордун толук аты-жөнү кечки 9-10дордо чыгат. 

Эске салсак, эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 20дан ашык үй бузулган.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0