Дача-Суудагы учак кырсыгынан каза болгондордун 12си балдар

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык катталган айылда бир гектардан ашык аймакка учактын калдыктары чачырап кеткен.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аба майданына жакын жерде кулаган учактан 34 адам каза тапса, анын ичинен 12си балдар болуп чыкты. Бул туурасында өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Эске сала кетсек, Түркияга таандык жүк салынган Boeing-747 учагы "Манас" аба майданынын учуу-конуу тилкесине жетпей, болжол менен эртең мененки саат 7:00 чамаларында "Авиатор" багбанчылык коомунун үстүнө кулаган. Бул Дача-Суу айылынын аймагы болгон.

"Каза болгондордун ичинен сегизи — аял, сегизи — эркек жана 12 жаш бала (5 эркек бала, 6 кыз бала), ошондой эле жети адамдын дене мүчөлөрү табылган", — деп билдирди өкүлчүлүк. 

Дача-Суу айылы: учак кулаган жерден тартылган алгачкы видео - Sputnik Кыргызстан
Дача-Суу айылы: учак кулаган жерден тартылган алгачкы видео
Маалыматта кырсык катталган айылда бир гектардан ашык аймакка учактын калдыктары чачырап кеткен. 

ӨКМдин Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысы Макиевдин маалыматы боюнча, учак 43 үйдүн үстүнө түшүп, анын ичинен 30 турак жай жабыркаган.

Буга чейин ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов каза болгондордун саны 34кө жеткендигин билдирген.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0