05:40 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Ымыркайдын колу. Архивдик сүрөт

Карын эне: түшүнүп турам, бирок төрөгөн наристемди батирге алмашкым келбей калды

© flickr.com / Ferdinand Svehla
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
767451

Жамалдын жашоосу эки айдан бери тозокко айланды. Таң эртеден күн батканга чейин бир сүйүнүп, бир коркуп, бир ыйлап жашап жаткан кези. Сарсанаадан айрым учурда эмчек сүтү тартылып, ымыркайы тойбой, ыйлаганда жүрөгү сыгылып кетет.

Ал эки жыл мурда көптөн бери балалуу боло албай жүргөн жубайлар менен бирөөлөр аркылуу таанышып, аларга карын эне болуп, наристе төрөп бермей болот. Алар Жамалга акы катары Бишкектен бир бөлмөлүү батир сатып беришмек. Учурда батир — өз ээлеринде, наристе — төрөгөн энесинде. Жамал төрөгөн уулду ата-энесине бергиси келбей, качып жүргөн кези.

Карын эне менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашева маектешти.

— Жамал, эмне себептен карын эне болууну чечтиңиз эле?

— Бирөөгө жалданып, төрөп берсе болорун билчү да эмесмин. Эки жыл мурда абысыным "балалуу болбой жүргөн тааныштарым бар. Төрөп берчү аял болсо, үй алып беришет экен. Сен байкап көрбөйсүңбү" деп айтып калды. Мен бир чети таң калып, экинчи жагынан бир жылдын ичинде үйлүү болуп каламбы деп кубанып кеттим. Бирок жарым жылдай макул болбой, ойлонуп жүрдүм. Акыры бир күнү макулдугумду берип, абысыным тиги үй-бүлө менен тааныштырды. Күйөөсү чет өлкөгө каттап иштеген, өздөрү адамгерчиликтүү кишилер экен. Шарттарын айтышты, мага жакты.

— Үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?

— Жолдошум каза болуп калганына көп жыл болгон, андан кызым бар. Нарында турчубуз, кийин ал үйүбүздү кайын-журтум талашып алгандан кийин кызым экөөбүз Бишкекке көчүп келгенбиз. Же дипломум, же туруктуу ишим жок болгондуктан, тигилерге макул болгом.

— Баланы качан бербейм деп чечтиңиз?

— Төрөр-төрөгүчө менде андай ой болгон эмес. Төрөлгөндөн кийин өздөрү бала ууз эмсин, бир аз убакыт эмизип бер деп калышты. Эмизип, жыттап, кучагыма кармап отуруп эле бергим келбей калды. 

Чынын айтканда, бул баланын аларга биологиялык жактан тиешеси жок. Жубайлардын экөө тең тукумсуз болгондуктан башка эле адамдын уругун салдырышкан. Биринчи жолу Бишкектен жасалма уруктандыруу кылдырганбыз, бирок анысы ишке ашкан жок. Андан кийин Алматыга барып, төрт айдай аялы экөөбүз ошол жакта жашадык. Уруктандырганга чейин эле бир топ анализ тапшырып, ооруканадан башың чыкпайт экен. Акчасы аябай эле көп кетти. Чынын айтканда ошол убакыттын ичинде ал аял экөөбүз курбу болуп калдык эле. Менин боюма бүткөнүн уккан күнү ал чөгөлөп, бутумду кучактап алып ыйлаган. Азыр ошону эстегенде жүрөгүм ооруп, телефон чалып "балаңды алып кет" деп айткым келет.

— Кандайдыр бир юридикалык документтерге кол койдуңар беле?

— Жок. Оозеки эле сүйлөшкөнбүз. Тигилер катуу өкүнүп жатса керек. Окуя ушундай болуп кеткенине мен деле бушайманмын. Күнү-түнү, ар бир мүнөттө алар жөнүндө ойлоном, боорум ооруйт, ыйлайм. Айтып атпаймбы, өздөрү аябай адамгерчиликтүү, токтоо адамдар. Балким документтердин жоктугунанбы, же баланы бакканга каражаты жок болгондон кийин акыры ойлонот деп ойлоп атышабы, же ызы-чуу чыгып кетип, досторго, туугандарга шылдың болбойлу деп атышабы, айтор, билбейм. 1,5 айдан бери үч жолу келип кетишти. Менимче өзү берет деп күтүп жатышат окшойт.

— Сизчи?

— Мен туура эмес кылып жатканымды билем, кээде алар бандит жалдап келип, бизди коркутуп баламды жулуп кетеби деп корком. Бирок кызым экөөбүз тең балага аябай көнүп алдык.

— Өзүңүз эч жерде иштебесеңиз, баланы кантип багам деп ойлоп жатасыз?

— …

Бул маселе мыйзам жолунда кандай караларын билүү максатында "ПРЕЦЕДЕНТ" юридикалык компаниясынын башкы директору Фатима Якупбаевага кайрылдык.

"2000-жылы карын энелик боюнча "Жарандардын тукум улоо укуктары" тууралуу мыйзам кабыл алынган. Кийин оңдолуп, толукталып отуруп, 2015-жылы "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери" деген аталыш менен кайра кабыл алынган. Андыктан карын энелик Кыргызстанда легалдуу", — деди юрист.

Ошондой эле Якупбаева жогорудагыдай көйгөйгө кабылбаш үчүн карын эне менен келишим түзүү жолдору боюнча буларга токтолду.

"Карын эненин кызматтарын колдонууну нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишим менен гана ишке ашыруу зарыл. Эгер карын эне болчу аял никеде турса, анын жолдошунун макулдугу керек. Келишим келечектеги ата-эне менен карын эне болуучу аялдын ортосунда түзүлүшү абзел. Айрым учурда ата-энени ишенимдүү адамдары алмаштырса болот. Ошондо гана ата-эне баласыз, төрөп берген аял сыйлыксыз калам деп коркпойт. Анан ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар алдын алынат" — деди Якупбаева.

Учурда карын эне тууралуу мыйзамдын бар болгону менен турмуш жүзүндө жакшы иштебегени белгилүү. Мунун себептерин тактоо үчүн кайрадан иштелип чыгып, 2015-жылы кабыл алынган мыйзамдын автору, ЖКнын экс-депутаты Дамира Ниязалиевага кайрылдык. 

"2007- жылкы "Жарандардын тукум улоо укуктары" мыйзамы боюнча 2010-жылы мониторинг жүргүзүп, анын иштебей жатканын аныктадык. 2011-жылдан баштап жумушчу топ түзүлдү. Кайра толугу менен иштеп чыгып, коомдук талкууга, чет өлкөлөргө чейин алып барып, 2013-жылы мыйзамды алып чыктык. 2015-жылы ага президент кол койгон. Бул беш жыл бою иштелип жетилген мыйзам. Ал Кыргызстанда эффективдүү иштей алат. Болгону анын аткарылышы үчүн ченемдик укуктук актылар, токтомдор кабыл алынышы керек, тилекке каршы, ушул убакка чейин муну Саламаттык сактоо министрлиги аткара алган жок", — деди Ниязалиева.

Экс-депутат карын энеге байланыштуу ар кандай тоскоолдуктар болбош үчүн аны жалдап жаткан ата-энеге да, карын эне болчу аялга да нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн келишим менен иш алып барууну сунуштайт.

"Учурда ар кандай себептер менен балалуу боло албаган үй-бүлөлөр аз эмес. Мисалы, Кыргызстандагы бардык төрөттөрдүн 50 пайызы ар кандай тоскоолдуктар, патология менен өтөт. Ал эми жалпы аялдардын 15 пайызы тукумсуздук менен жабыркайт. Ошол себептен наристелүү боло албаган үй-бүлөлөргө мүмкүнчүлүк берип, мыйзамдын тез арада иштеп кетишине шарттар түзүлүшү керек", — деди ал.

Жасалма уруктандыруу кандайча өтөт

Карын эненин боюна жасалма уруктандыруу аркылуу бүтөт. Мындан бир нече жыл мурун бул кызмат Кыргызстанда жок болсо, бүгүнкү күндө бир катар жеке клиникаларда бар.

Жасалма уруктандыруу кызматын көрсөткөн жеке клиникалардын бирин жетектеген медицина илимдеринин доктору Жихангир Чакыжынын Sputnik Кыргызстанга билдиргенине караганда, клиникага кайрылган 35 жашка чейинки аялдардын 45-50, 35 жаштан кийинкилердин 30-35 пайызынын боюна бүтөт.

Биз Бишкектеги жасалма уруктандыруу кызматын көрсөткөн бир нече клиникаларга кардар катары телефон чалып, кызматтын баасы орто эсеп менен 150-170 миң сом болорун билдик. 

Жасалма уруктандырууга муктаж болгон кыргызстандыктардын бир тобу Казакстандын Алматы, Астана шаарларындагы жеке клиникалардын кызматын пайдаланышат. Муну жакшы түшүнүп калган казак медиктери Кыргызстандагы медициналык борборлор менен келишим түзүп алып иштешет. Мисалы, Алматыдагы "Нурай" ЭКО клиникасынын Бишкектеги өнөктөшү "Женское здоровье" медициналык клиникасы.

"Биздин клиникага жасалма уруктандыруу жолу менен кош бойлуу болгусу келген келиндер кайрылат. Бирок биз уруктандырууну ишке ашырбайбыз. Болгону ага чейинки текшерүү иштерин жасап, кароодон өткөрөбүз. Аял процедуранын өзүнөн өтүү үчүн Алматы шаарындагы "Нурай" ЭКО клиникасына барат. Алардын кызмат акысы 1 млн. теңгенин тегереги (2,4 миң доллар)", — деди "Женское здоровье" клиникасынын өкүлү. 

Кошумчалай кетсек, жасалма уруктандыруунун баасы орто эсеп менен Түштүк Кореяда – 5000 доллар, Россияда – 3000, Казакстанда – 2500 доллар турат.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча Кыргызстанда 20 жаштан 40 жашка чейинки, жок дегенде өзү төрөгөн бир баласы бар, психологиялык жана соматикалык жактан соо аял карын эне болууга укуктуу. 

Тема боюнча

Екатеринбургдагы ажатканада төрөгөн кыргыз кыз диаспоранын өкүлчүлүгүндө жашап жатат
Өзгөндө үч күндүк ымыркайын көчөгө таштап кеткен аял изделүүдө
Белгилер:
карын эне, төрөт, уруктандыруу, бала

ЭҢ МААНИЛҮҮ