Оштогу адам өмүрүн алган жол кырсык атайылап уюштурулганбы?

© Фото / Зульфия ТургуноваКаза болгон Майрамбек Нажиновдун туугандагы ош шаарында өткөн маалымат жыйында
Каза болгон Майрамбек Нажиновдун туугандагы ош шаарында өткөн маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун жакындары баланын сөөгү келгенде анын башы жанчылып, көзү оюлуп калганына күбө болушканын белгилешти.

ОШ, 28-окт. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында өткөн маалымат жыйында Кадамжай районунун тургуну Малика Нажинова жол кырсыктан каза болду делген уулу сабалып өлтүрүлгөнүн айтты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады. 

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Алай районунун Ош — Гүлчө — Дароот-Коргон авто жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталган. 

© Фото / Зульфия ТургуноваБүгүн Ош шаарында өткөн маалымат жыйында Кадамжай районунун тургуну Малика Нажинова жол кырсыктан каза болду делген уулу сабалып өлтүрүлгөнүн айтты
Бүгүн Ош шаарында өткөн маалымат жыйында Кадамжай районунун тургуну Малика Нажинова жол кырсыктан каза болду делген уулу сабалып өлтүрүлгөнүн айтты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн Ош шаарында өткөн маалымат жыйында Кадамжай районунун тургуну Малика Нажинова жол кырсыктан каза болду делген уулу сабалып өлтүрүлгөнүн айтты
© Фото / Зульфия ТургуноваМаркум Майрамбек Нажинов
Маркум Майрамбек Нажинов - Sputnik Кыргызстан
2/2
Маркум Майрамбек Нажинов
1/2
Бүгүн Ош шаарында өткөн маалымат жыйында Кадамжай районунун тургуну Малика Нажинова жол кырсыктан каза болду делген уулу сабалып өлтүрүлгөнүн айтты
2/2
Маркум Майрамбек Нажинов

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тараткан билдирмеге ылайык, кырсыктын айынан Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну Майрамбек Нажинов көз жумган. 

"Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Сары-Могол айылынан Сары-Таш айылына бара жатып жолдун түштүк тарабындагы бордюрду сүзүп кырсыкка кабылган. Натыйжада унаанын алдыңкы отургучунда отурган Майрамбек Нажинов алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Бирок маркумдун 60 жаштагы энеси менен 25 жаштагы жубайы Ошто маалымат жыйын өткөрүп бала сабалып өлтүрүлгөнүн айтышты. 

"Баламдын жол кырсыктан каза болгонуна ишенбейбиз. Ал киши колдуу болгон деп шектенип жатабыз. Себеби сөөк келгенде анын башы жанчылып, көзү оюлганын көрдүк. Унаа кырсыгы атайылап уюштурулган", — деп билдирди маркумдун энеси Малика Нажинова. 

Ал эми маркумдун жубайы Гүлмира Момун кызынын айтымына караганда, жолдошу Алай районунун Сары-Могол айылында мектептин курулуш ишинде жумушчу болуп иштеп жүргөн.

Наезд на пешехода по улице Элебесова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте адамды коюп кетти делген адам камера аркылуу табылды
"Чогуу иштеген жарандар жолдошумдун өлүмүнө күнөөлүү деп ойлоп жатабыз. Себеби жолдошум маянасын азайтып салышканын айткан. Акчанын айынан курулуш ишинин бригадири менен чырдашып кетип ал сабап өлтүрүп коюшу мүмкүн", — деп белгиледи Момун кызы. 

Маркумдун жакындары Алай райондук ички иштер бөлүмүндө каралып жаткан ишти Ош облустук ички иштер бөлүмүнө которууну тиешелүү жетекчилерден суранды. 

Бул окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы эгер маркумдун жакындары Алай райондук ИИБ тергөөчүсүнө ишенбей жатса, ишти Ош ОИИБге алууга даяр экендиктерин кабарлады.

"Учурда унаанын айдоочусуна Кылмыш жаза кодексинин 281-беренеси (жол коопсуздугунун эрежесин сактабоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Алай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул кылмыш ишин борбордук аппараттын тергөө бөлүмүнө алууга даяр", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Ош ОИИБдин маалыматына караганда буга чейин Алай РИИБ тергөө жүргүзүп, экспертиза дайындалган. 

"Текшерүү учурунда жаран киши колдуу болуп өлгөндүгү далилденген эмес", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда тергөө иштери уланып жатат. 

Маркумдун артында үч жаштагы кызы менен эки жаштагы уулу калды. Ал эми жубайы Гүлмира кош бойлуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0