Текебаев: Атамбаев Максим Бакиевдин жерине үй куруп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат бул жер учурунда курал-жарак чыгарган "Дастан" компаниясына таандык болгонун, жалпы аянты 27,5 гектар экенин кошумчалады.
Текебаев: Атамбаев Максим Бакиевдин жерине үй куруп жатат

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев мурдагы бийликтин улутташтырылбай калган Кой-Таштагы Бакиевдердин жерине үй куруп жатканын маалымат жыйында айтты.

Бул жер тууралуу койташтыктар Текебаевге беш жыл мурда эле айтып келген.

"Бакиевдер 2010-жылга чейин Кыргызстандын бардык мүлкүнө ээлик кылып келген. Алар качып кеткенден кийин мүлктөрүнүн бир бөлүгү гана улутташтырылган. Кой-Таш айылындагы Ширшов, Үсөнов жана Бакиевдерге таандык болгон жер көз жаздымда калган. Азыркы бийликтегилер аны эч ким билбей калат деген окшойт. Кыймылсыз мүлк эч жакка качпайт, ал бирде болбосо бирде чыгып калат", — деди ал.

Текебаев бул жер Бакиевдер качкандан кийин башкаларга катталып отуруп, азыркы шаар мэри Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимовага да катталган. Кийин 2015-жылы аны Алмазбек Атамбаевге белек кылып берген, дейт Текебаев.

"Бул жерди бергенден кийин Албек Ибраимов дароо мэр болуп келди. Бул жерде коррупциянын классикалык түрүн байкоого болот", — деди ал. 

Депутат Меербек Мискенбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мискенбаев: мародерчулук козголсо эле Текебаев чычалап чыгат
"Ата Мекен" фракциясынын лидери бул жер учурунда курал-жарак чыгарган "Дастан" заводуна таандык болгонун, жалпы аянты 27,5 гектар экенин кошумчалады.

Ал мамлекеттик органдарды депутаттын жиберген сурамына толук жооп берүүлөөрү керектигин айтып, Атамбаев бир жыл эмес, андан эрте кызматтан кетип калса, алар дагы талаада каларын кошумчалады. 

Текебаев бул маалыматтардын бардыгы расмий эмес экенин айтып, андыктан кандайдыр бир саясий жана юридикалык баа берүүгө эрте экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин 2015-жыл үчүн берген декларациясында 2,7 гектар жери бар экени белгиленген. Анда аянты 116,34 чарчы метрди түзгөн курулуш жайгашкан. Ажо көп жылдык өсүмдүктөр тигилген 6,4 гектар жер аянтына (ишеним башкармалыкка берилген) дагы ээлик кылат. Мындан тышкары, ишеним башкармалыгына өткөрүп берилген көп жылдык өсүмдүктөр менен жоопкерчилиги чектелген компаниянын 100 пайыз үлүшү Атамбаевдин менчигинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0