Муфтият көчөгө илинген жарнакты ынтымакка доо келтирген көрүнүш деп тааныды

© Sputnik / Данияр СандыбаевБишкектин көчөлөрүнө исламдашууга каршы чыккан жарнак
Бишкектин көчөлөрүнө исламдашууга каршы чыккан жарнак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы коомчулукту мындай нерселерге таасирленип кетип, чектен чыкпоого чакырат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүнө исламдашууга каршы чыккан жарнакты муфтият элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тааныганды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

"Баарыбыздын колубуздагы эң кымбат байлык — элдин тынчтыгы менен биримдиги. Муфтият кыргыздын улуттук кийими дин менен улуттук баалуулуктарга дал келерин белгилейт", — деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы коомчулукту мындай нерселерге таасирленип кетип, чектен чыкпоого чакырат. Ошондой эле тийиштүү ведомстволорго кайрылып, мыйзам чегинде карап берүүнү суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0