Кулматов: Санкт-Петербургда Айтматов скверинин ачылышы – Кыргызстан үчүн белек

© пресс-служба мэрии города БишкекСквер Санкт-Петербургда өткөн Бишкек күндөрүнүн алкагында ачылган. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышкан. Архив
Сквер Санкт-Петербургда өткөн Бишкек күндөрүнүн алкагында ачылган. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышкан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу жазуучунун аты аталган скверге 2012-жылы Кыргызстандын өкмөтүнүн өтүнүчү менен берилген. Сквер Санкт-Петербург шаарынын Калинин районундагы Руставели менен Карпинский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Санкт-Петербургдагы КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы сквер оңдоодон кийин ачылганын шаарды көрктөндүрүү боюнча комитет билдирет.

Улуу жазуучунун аты аталган скверге 2012-жылы Кыргызстандын өкмөтүнүн өтүнүчү менен берилген. Сквер Санкт-Петербург шаарынын Калинин районундагы Руставели менен Карпинский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Сквер бейшемби күнү Санкт-Петербургда өткөн Бишкек күндөрүнүн алкагында ачылган.

© пресс-служба мэрии города БишкекСанкт-Петербургдагы КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы сквер ремонттон кийин ачылды.
1/2
Санкт-Петербургдагы КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы сквер ремонттон кийин ачылды.
© пресс-служба мэрии города БишкекСквердин алдындагы тактача.
2/2
Сквердин алдындагы тактача.
1/2
Санкт-Петербургдагы КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы сквер ремонттон кийин ачылды.
2/2
Сквердин алдындагы тактача.

Иш-чарага катышкан Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу экенин, Кыргызстандын маданиятында анын чыгармачылыгынын орду ат көтөргүс экенин белгиледи. 

"Кылым карытаар бир күн", "Гүлсарат", "Ак кеме" сыяктуу бийик чыгармаларды жараткан адамдын атынын скверге берилиши Кыргызстан жана анын жашоочулары үчүн чоң белек деди мэр.

Жаңылыктар түрмөгү
0