SIM-картаны милдеттүү түрдө каттатуу 2014-жылы башталган. Ал 2015-жылдын 8-мартында аякташы керек болчу. Бирок, уюлдук операторлордун өтүнүчү менен каттоо бир нече жолу узартылган. Ошентип акыркы мөөнөт 2016-жылдын 1-февралы деп белгиленген. SIM-карталарды каттатуу иштери телефон алдамчыларынын алдын алуу жана жоголгон номерлерди калыбына келтирүүдө жеңилдиктер үчүн киргизилген. Номерин каттатпаган абоненттердин телефондору өчүрүлөт.