БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Каттоодон өтпөгөн уюлдук байланыштын абоненттери 2016-жылдын 1-февралынан тартып өчүрүлө баштай турганын Мамлекеттик байланыш агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 31-январына чейин SIM-карталарды персонификациялоо процедураларынан өткөрүү керек.
Өкмөттүн 2014-жылдын 17-февралындагы №97 токтомуна ылайык көчмө радио-телефон байланыш операторлору кат жүзүндөгү келишим түзгөн колдонуучуларга гана кызмат көрсөтүүгө тийиш.
Алгач каттоо мөөнөтү 2015-жылдын августуна чейин деп белгиленсе, уюлдук компаниялардын өтүнүчү менен ал октябрга чейин, андан кийин жаңырган жылдын 1-февралына чейин узартылган.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын декабрь айынын башында каттоодон өтпөгөн колдонуучулардын саны 354 миңди түзгөн.