Матраимов Тилекбек Исмаилович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Карасуйского акимиатаАким Карасуйского района Тилек Матраимов
Аким Карасуйского района Тилек Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилекбек Матраимов 1967-жылы 20-сентябрда Кара-Суу районунун Агартуу айылында туулган.

Билими:

  • 1993 - 1998 — Жалал-Абад коммерциялык институтунун экономика жана бизнес факультетин аяктаган;
  • 2006 — Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн;
  • 2012 — КР президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын "мамлекеттик башкаруу" адистигин аяктаган.

Жогорку билимдүү. Экономист-юрист, мамлекеттик башкаруучу кесибине ээ.

Эмгек жолу:

Агартуу айылындагы мектепти бүткөндөн кийин эмгек жолун Кара-Суу совхозунда мал чарба бөлүмүндө оператор болуп иштөө менен баштаган.

  • 1987 – 1988 — Кара-Суу райондук ДОСААФта инструктор, Большевик айылындагы соода үйүндө соодагер;
  • 1994 – 1998 — Ош арак заводунда фирма башчысы;
  • 1998 – 2000 — МПА фирмасында экономист;
  • 2000 – 2007 — КР Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик өнүктүрүү фондусунун Кара-Суу району боюнча башкы адиси;
  • 2007 – 02.2012 — Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп иштеп келе жатат.

Сыйлыктары:

  • 2002 – 2004 — КР каржы министринин Ардак грамоталары;
  • 2006 — Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
  • 2010 — КР билим берүү жана илим министринин "Билим берүүнүн отличниги" наамы;
  • 2011 — КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин Ардак грамотасы;
  • 2012 — КР Айыл чарба жана мелиорация министринин "Айыл чарбасынын мыктысы" төш белгиси;
  • 2013 — "Жылдын мыкты акими";
  • 2016 — Кыргызстандын "Ардактуу инсандар" коому тарабынан "Эл сүйгөн жетекчи" наамы;
  • 2016 — КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
  • 2017 — "КР Социалдык фондунун отличниги" төш белгиси менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0