1931-ж. Фрунзедеги педтехникумду, 1935-ж. Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. "Кызыл Кыргызстан" гезитинин редакциясында бөлүм башчы, "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, "Советтик адабият жана искусство" журналынын башкы редактору, "Мекен үчүн, алга!" гезитинин редактору болуп иштеген.
Жоомарт Бөкөнбаевди чоң акын Алыкул Осмонов:
"Акын ыры таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле.
Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле",
— деп мүнөздөйт.
Жоомарт бүткүл өмүрүн, талантын эл журтуна, ырга арнаган чыныгы патриот акындардын бири болгон.
Жаш кезинен аздектегени улуу акын Токтогул болду. Өзүнүн залкар устатын Бөкөнбаев өмүрүнүн акырына чейин ыйык тутуп, анын талантына табынып, таазим кылып өттү. Ошентип кыргыз жергесинин кооздугуна суктанып, Токтогул сыяктуу акындардын ыр-күүлөрүн угуп, жаш кезинен эле поэзиянын ажайып дүйнөсүнүн бешигине бөлөнүп өстү.
Жерге ээ болгон дыйкандардын кубанычын тең бөлүшүп, жаңы заманды сүйүүгө чакырган "Жер алган кедейлерге" деген биринчи ыры 1927-жылы "Жер төңкөрүшү" аттуу газетага жарыяланат. Анын чыгармачылыгынын андан ары өнүгүшүнө Фрунзедеги педтехникумдун өзгөчө мааниси бар. Бул окуу жайы өз убагында таланттардын уясы болгон. Анда келечекте кыргыз элинин сыймыгы болушкан акын-жазуучулар, сүрөтчү Гапар Айтиев, композитор А.Малдыбаев сыяктуу чоң таланттар тарбияланышкан. Андай адамдар менен бирге болуп баарлашуу, ошол кездеги таланттуу жаштарды бириктирип баш коштурган техникумдун алдындагы "Кызыл учкун" адабий ийримине активдүү катышуу Жоомарттын жаш калемин курчутуп, чыгармачылыгын жетилтти. Жаңы замандын жарчысы катары акын өзүнүн саясий мааниси курч, көркөмдүгү жетик ырларын жаратты. Анда жаңы заманды даңктап, эркин эмгектин маанисин зор эргүү менен ырдады. Акындын мындай мүнөздөгү "Эмгек", "Көкөш көзүн ачты", "Забойщиктер", "Жаз" сыяктуу ырлары эл арасына кеңири тарап, таанымал кылды.
Энесинин кордугун өз көзү менен көргөн акындын чыгармачылыгында аялзатына арналган ырлар арбын. Анын алгачкы ырларынын бири да "Эжеме кат" деп аталат.
Драматургия демекчи, адабияттын бул түрүн түптөшүүдө Жоомарт Бөкөнбаевдин салымы чоң. Убагында анын "Семетей", "Каргаша" пьесалары, "Токтогул" музыкалуу драмасы көрүүчүлөргө аздыр-көптүр эстетикалык ырахат берип, өз алына жараша кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшүнүн жүгүн көтөргөн. Ал "Айчүрөк" (авторлош), "Токтогул" операларынын либреттолорун жазып, "Кармен" операсынын (Мериме боюнча) либреттосун таржымалдаган. Прозада, котормодо да калемин сынап көргөн. "Токтогулдун өмүрү", "Комуз күүсү" сыяктуу аңгемелерди жаратып, Гете, Лермонтов, Абай, Шота Руставели, Маяковский өңдүү залкарлардын ырларын которгон.
Жоомарт Бөкөнбаев өлкөдөгү бардык жаңылыктарга үн кошуп, кубаныч-кайгысына ортоктош болду. Көңүлү тетик, учкул кыял акын эч нерсени жашырбай, куюлушкан жамак сөздүн ыргагына салып айта да, жаза да билген. Анын ырлары адамдын көңүлүндөгү ойду таап, аны ар кимдин жүрөгүнө жеткире билгендиги, жатык тили, уйкаштыгынын элпектиги менен айырмаланып турат.
Үй-бүлөсү. Акындын уулу Кулубек Бөкөнбаев кыргыздын пост-советтик доордогу мамлекеттик ишмерлеринен (айлана-чөйрөнү коргоо министри) болгон. Ал геология-минералогия илимдеринин доктору. Кызы Сырга Бөкөнбаева – медицина илимдеринин доктору болду. Дагы бир уулу Зайнидин Бөкөнбаев (04.08.1943-12.01.2003).
Жоомарттын жубайы Тенти да чыгаан акын болгон. Кийинчерээк Тенти айым академик Муса Адышевге (1915-1979) турмушка чыгып, Адышева тегатын алган.
Күн нуру менен жайдын кечине, шылдыраган булак менен көк мелжиген, аркайган аска-зоолорго, түбөлүктүү эне мээрими менен наристенин таза күлкүсүнө жүрөгү толкундап, чын дилден кубана билген таланттуу акын Жоомарт Бөкөнбаевди шум ажал чыгармачылыгы гүлдөп турган 34 жаш курагында алып кетти.
1944-жылы "Манас" эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат иш сапары учурунда жол кырсыгынан күтүүсүз каза болгон.