Жоомарт Бөкөнбаев — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекУстановка светодиодных подсветок памятников на бульваре Эркиндик
Установка светодиодных подсветок памятников на бульваре Эркиндик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев — 1910-жылы 16-майда Токтогул районунун Мазар-Сай айылында туулган. Ата-энеден эрте ажырап, Жалал-Абад шаарына жакын "Көк-Арт" балдар үйүндө тарбияланган.

1931-ж. Фрунзедеги педтехникумду, 1935-ж. Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. "Кызыл Кыргызстан" гезитинин редакциясында бөлүм башчы, "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, "Советтик адабият жана искусство" журналынын башкы редактору, "Мекен үчүн, алга!" гезитинин редактору болуп иштеген. 

Жоомарт Бөкөнбаевди чоң акын Алыкул Осмонов:

"Акын ыры таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле.

Жорголугун салыштыра келгенде,
Шырдакбектин жоргосундай бар эле",

— деп мүнөздөйт. 

Жоомарт бүткүл өмүрүн, талантын эл журтуна, ырга арнаган чыныгы патриот акындардын бири болгон. 

Сынган кылыч туурасында 12 кызыктуу факты - Sputnik Кыргызстан
Төлөгөн Касымбеков — өмүр баяны
Турмуш жыргалын аз көргөн акындын атасы Бөкөнбай, энеси Алтынай 16 балалуу болуп, алардан Жоомарт менен эжеси экөө гана тирүү калат. Жоомарт беш жашка чыкканда атасын Борбу бай өлтүртүп, энесин зордук менен токолдукка алат. Ошондон баштап энесинин да, эжеси менен Жоомарттын да абалы оордоду. Жаш бала кой кайтарып, малай катары жүрдү. Ошол кой жайып, балалык чагы өткөн жер, кооздугу менен атагы чыккан айтылуу Арым жайлоосу болду. Анын керемет сулуулугу, шылдырап аккан тоо булагы, көйкөлгөн талаасы акындын шыгын өтө эрте ойготту. Бала дүйнөнү дал ушул жерден таанып биле баштады. Апасы Алтынай эл чыгармаларын эң жакшы билген, сөз багып аны урматтаган, бир укканын унутпаган куйма кулак, улуу кепти укмуштуудай айта да алган, оозунан бал тамган сөзмөр, ары жез оймок, ургаачынын узу эле. Ал жаш Жоомартка жомоктор менен уламыштарды, элдик ар кандай ырларды айтып берүүдөн тажачу эмес. 

Жаш кезинен аздектегени улуу акын Токтогул болду. Өзүнүн залкар устатын Бөкөнбаев өмүрүнүн акырына чейин ыйык тутуп, анын талантына табынып, таазим кылып өттү. Ошентип кыргыз жергесинин кооздугуна суктанып, Токтогул сыяктуу акындардын ыр-күүлөрүн угуп, жаш кезинен эле поэзиянын ажайып дүйнөсүнүн бешигине бөлөнүп өстү.

МОЛДО ДЖАБАЕВ - Sputnik Кыргызстан
Тоголок Молдо — өмүр баяны
Акындын бактылуу жашоосуна, талантынын гүлдөшүнө жаңы заман кеңири жол ачты. Эркиндик, теңдик колго тийди, эми билим алып жан дүйнөнү байытуу керек эле. Окусам дегенде ак эткенден так этип жүрүп 1922-жылы Кетмен-Төбөдө жаңы ачылган "Арым" мектебине кирди. Мында эки жыл окуп, көзү ачыла баштаган Жоомарт окуусун улантууну көксөп, 1924-жылы Жалал-Абадга келет. Андан "Көк-Арт" жетим балдар интернатына жиберилип, ал жерде эки жыл окуйт. Бирок билимди дагы тереңдетүү зарыл болчу. Ошондуктан ал 1926-жылга чейин Оштогу, андан кийин 1931-жылга чейин Фрунзедеги педтехникумда окуду. Аны бүткөндөн кийин "Кызыл Кыргызстан" газетасында бөлүм башчы болуп иштеп, жаңы маданиятты курууга, саясатты иш жүзүндө ашырууга чакырган курч макалаларды жазып, жөндөмдүү журналист экенин көрсөттү. Кийин Москвадагы журналисттер институтуна кирип, аны 1935-жылы ийгиликтүү аяктап кайтып, андан кийинки бүт өмүрүн биротоло чыгармачылыкка арнады. 

Жерге ээ болгон дыйкандардын кубанычын тең бөлүшүп, жаңы заманды сүйүүгө чакырган "Жер алган кедейлерге" деген биринчи ыры 1927-жылы "Жер төңкөрүшү" аттуу газетага жарыяланат. Анын чыгармачылыгынын андан ары өнүгүшүнө Фрунзедеги педтехникумдун өзгөчө мааниси бар. Бул окуу жайы өз убагында таланттардын уясы болгон. Анда келечекте кыргыз элинин сыймыгы болушкан акын-жазуучулар, сүрөтчү Гапар Айтиев, композитор А.Малдыбаев сыяктуу чоң таланттар тарбияланышкан. Андай адамдар менен бирге болуп баарлашуу, ошол кездеги таланттуу жаштарды бириктирип баш коштурган техникумдун алдындагы "Кызыл учкун" адабий ийримине активдүү катышуу Жоомарттын жаш калемин курчутуп, чыгармачылыгын жетилтти. Жаңы замандын жарчысы катары акын өзүнүн саясий мааниси курч, көркөмдүгү жетик ырларын жаратты. Анда жаңы заманды даңктап, эркин эмгектин маанисин зор эргүү менен ырдады. Акындын мындай мүнөздөгү "Эмгек", "Көкөш көзүн ачты", "Забойщиктер", "Жаз" сыяктуу ырлары эл арасына кеңири тарап, таанымал кылды.

Энесинин кордугун өз көзү менен көргөн акындын чыгармачылыгында аялзатына арналган ырлар арбын. Анын алгачкы ырларынын бири да "Эжеме кат" деп аталат. 

Кыргыз элинин залкар акындарынын бири, улуу акын Токтогулдун шакирти Барпы Алыкулов - Sputnik Кыргызстан
Барпы Алыкулов — өмүр баяны
Ал окуунун артынан түшүп, Фрунзе, Москва сыяктуу алыскы чоң шаарларда окуйт. Иши менен да, акындык сөзү менен да кыргыз жергесиндеги маданий курулуш иштерине белсене киришет. Кыргызстандагы маданий агартуу иштерине өзгөчө көңүл бөлүп, алдыңкы сапта турган жоокер катары жердештеринин, айрыкча аялдардын ийгиликтерине чексиз кубанат. Бул темада "Эрик кызы", "Мариям", "Сыргажан", "Кыздын канаты" сыяктуу бир канча ыр, поэмаларды, "Алтын кыз" аттуу музыкалуу драма жазып, басмачыларга каршы эр-азаматтарча тайманбай күрөшкөн кыргыз кызынын мыкты образын жаратты.

Драматургия демекчи, адабияттын бул түрүн түптөшүүдө Жоомарт Бөкөнбаевдин салымы чоң. Убагында анын "Семетей", "Каргаша" пьесалары, "Токтогул" музыкалуу драмасы көрүүчүлөргө аздыр-көптүр эстетикалык ырахат берип, өз алына жараша кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшүнүн жүгүн көтөргөн. Ал "Айчүрөк" (авторлош), "Токтогул" операларынын либреттолорун жазып, "Кармен" операсынын (Мериме боюнча) либреттосун таржымалдаган. Прозада, котормодо да калемин сынап көргөн. "Токтогулдун өмүрү", "Комуз күүсү" сыяктуу аңгемелерди жаратып, Гете, Лермонтов, Абай, Шота Руставели, Маяковский өңдүү залкарлардын ырларын которгон.

Акын Алыкул Осмоновдун портрети, автору Гапар Айтиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алыкул Осмонов — өмүр баяны
Согуш учурундагы жүрөк тереңинен кайнап чыккан жалындуу, патриоттук ырлар Ж.Бөкөнбаевдин чыгармачылыгына бөтөнчө бир көрк берип турат. Согуштун алгачкы эле күндөрүндө чын дилден жазылган акындын "Ата Журт үчүн майданга!", "Антым", "Кош, Ала-Тоо уулуң кетти майданга!", "Жүрөгүм менин — Кызыл-Туу!" сыяктуу ырлары Ата Мекенди сүйүүгө жана коргоого үндөп, жеңишке шыктандырган улуу чакырык катары эл арасына чагылгандай тез тарады. Аларды кан майданга жөнөп жаткандар да, узатуучулар да ооздорунан түшүрбөй ырдашты. Акын согуш талаасында болуп, анын алааматын көрүп кайтты. Адам каны суудай агып, жерди куйкалап кунарын кетирген кандуу майдан Жоомарттын каңырыгын түтөтүп, кайгыга салды. Ушундай апаатта төгүлгөн канга, кыйылган кырчын өмүргө карабай кармашкан каарман жоокерлердин ноюбас күчү, кетилбес эрки акынды толкундантып, адилеттүүлүктү, өлбөстүктү көкөлөтө даңктаган чыгарма жаратууга түрттү. Ал ажал менен ар-намыстын кандуу кагылышын, өмүрдүн түбөлүктүүлүгүн көрсөткөн "Ажал менен Ар-Намыс" аттуу поэмасын жазды.

Жоомарт Бөкөнбаев өлкөдөгү бардык жаңылыктарга үн кошуп, кубаныч-кайгысына ортоктош болду. Көңүлү тетик, учкул кыял акын эч нерсени жашырбай, куюлушкан жамак сөздүн ыргагына салып айта да, жаза да билген. Анын ырлары адамдын көңүлүндөгү ойду таап, аны ар кимдин жүрөгүнө жеткире билгендиги, жатык тили, уйкаштыгынын элпектиги менен айырмаланып турат. 

Үй-бүлөсү. Акындын уулу Кулубек Бөкөнбаев кыргыздын пост-советтик доордогу мамлекеттик ишмерлеринен (айлана-чөйрөнү коргоо министри) болгон. Ал геология-минералогия илимдеринин доктору. Кызы Сырга Бөкөнбаева – медицина илимдеринин доктору болду. Дагы бир уулу Зайнидин Бөкөнбаев (04.08.1943-12.01.2003).

Жоомарттын жубайы Тенти да чыгаан акын болгон. Кийинчерээк Тенти айым академик Муса Адышевге (1915-1979) турмушка чыгып, Адышева тегатын алган.

Девушка пишет на блокноте - Sputnik Кыргызстан
Касымалы Жантөшев — өмүр баяны
Сыйлыктары. "Ардак Белгиси" ордени менен сыйланган. Анын ысымы азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун акимдик борбору болгон шаарчага ыйгарылган.

Күн нуру менен жайдын кечине, шылдыраган булак менен көк мелжиген, аркайган аска-зоолорго, түбөлүктүү эне мээрими менен наристенин таза күлкүсүнө жүрөгү толкундап, чын дилден кубана билген таланттуу акын Жоомарт Бөкөнбаевди шум ажал чыгармачылыгы гүлдөп турган 34 жаш курагында алып кетти. 

1944-жылы "Манас" эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат иш сапары учурунда жол кырсыгынан күтүүсүз каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0