Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна ким канча акча бере алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБир миң сом пачкалар жана барсетка. Архив
Бир миң сом пачкалар жана барсетка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир талапкер шайлоо фондун түзүшү керек. Материалдан фонддун акчасын кайда жумшаса болбой турганын, аны кимдер каржылап жана талапкер ашыгы менен сарптап алса эмне болорун окуңуздар.

Президенттикке талапкерлигин койгон ар бир жаран өзүнүн шайлоо фондун түзүшү керек. Кыргызстандын мыйзамына ылайык, чыгым 200 миллион сомдон ашпоого тийиш.

Фонд качан түзүлүшү керек?

БШК талапкерге Конституциянын талаптарына жооп бергени боюнча маалым кат бергенден кийин беш күндүн ичинде.

Фондду ким каржылай алат?

Шайлоо фондун талапкерлер, партия (эгер талапкерди партия көрсөтсө), жарандар жана юридикалык жактар каржылай алат. Каражат төмөнкү тартипте бөлүштүрүлүшү керек:

  • талапкердин жеке каражаты — 15 миллион сомдон ашпоого тийиш;
  • талапкерге партия бөлгөн каражат — 50 миллиондон ашпоого тийиш;
  • юридикалык жактар — ар бириники 50 миллиондон ашпоого тийиш;
  • жеке жактар — ар бириники 50 миллиондон ашпоого тийиш.

Фонддогу каражаттын көлөмү канча болушу керек?

Бул маалымат так көрсөтүлгөн эмес, бирок президенттикке ат салышкан талапкердин чыгымдары 200 миллион сомдон ашпоого тийиш.

Эгер фондго ашыгы менен акча которсо эмне болот?

Фондго көрсөтүлгөн чектен ашык каражат түшсө жаранга же уюмга кайтарылат. Ошондой эле акчаны артка кайтаруудагы айрым чыгымдар каражат которгондордун эсебинен жабылат.

Шайлоо фонду эмнеге керек?

Талапкердин шайлоо кампаниясына кеткен каражаттын бардыгы ошол фонддон каржыланышы керек.

Шайлоо фондундагы каражаттын жумшала турган багыттары:

  • талапкерге кол топтоо, агитация жүргүзүү сыяктуу уюштуруу жана техникалык иш-чараларды каржылоо;
  • шайлоо күрөөсүн төлөө (1 миллион сом).

Мындан сырткары, фонддогу каражат шайлоо алдындагы кампанияга карата кызматтарга жумшалат:

  • маалыматтык жана консультациялык кызматтар;
  • агитациялык материалдарды чыгаруу жана жайылтуу;
  • кеңсе жана жабдык ижаралоо;
  • транспорт жана командировка чыгымдарын каржылоо;
  • байланыш кызматтары;
  • канцелярдык товарлар менен жабдыктарды сатып алуу;
  • талапкердин жарыяларын, маектерин ЖМКларга чыгаруу;
  • чогулуштарды, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү.

Ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга талапкерлерге бекер же арзандатылган баада кызмат көрсөтүүгө тыюу салынат.

Фонддогу чыгымдарды ким көзөмөлдөйт?

Фондго түшкөн каражаттын мониторингин, туура сарпталышын БШКга караштуу ревизиялык топ көзөмөлдөйт.

Фонддун чыгымы ашып кетсе эмне болот?

Эгер талапкер 0,5 пайызга көп каражат коротуп койсо (1 миллион сом), аны БШК каттабай коюшу мүмкүн. Ошондой эле талапкер фонд аркылуу эмес, башка каржы булагынан 1 миллион сомдон ашык каражат сарптаса жарыштан четтетилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0