"Капканга түштү". Карабахтагы кагылышуу эмнеге басылбай жатат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүТоолу Карабахтагы абал
Тоолу Карабахтагы абал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армения менен Азербайжан Москвада атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгону менен кагылышуу токтой элек. Элдешүүнүн оңунан чыкпай калышына айыпты Баку менен Ереван бири-бирине оодарып келет.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ушул тапта эки тарап тең жоготууга учурап, сүйлөшүүлөр кагылышуунун фонунда жүрүүдө. Азербайжан жана армян саясатчыларынын дипломатиялык оюндарына РИА Новости сереп салган.

Кандуу кагылыш

12-октябрь күнү согуштук аракеттер кайрадан күч алды. Азербайжан армиясы сокку уруусун улантып жатканын таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын президентинин өкүлү Ваграм Погосян билдирген.

Ереван ортодогу чырга мурункудай эле Анкаранын тиешеси бар экенин айтууда.

"Армян армиясы өзүнөн бир нече эсе күчтүү түрк-азербайжан күчтөрү менен согушуп жатабыз. Каршы тарап Түркиянын аба күчтөрү, чалгын системасы тарабынан колдоого алынып жатат. Мындан тышкары, жалдангандар, террорчулар жана жеке аскер компаниялары бар", — деп жазган Армениянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Арцрун Ованнисян социалдык баракчасына.

Карабах чыры: Баку менен Ереван согуш отун токтотууну чечишти

Баку болсо Ереванды күнөөлөөдө.

"Армениянын Куралдуу күчтөрү жоготкон позициясын кайтаруу максатында атышууну токтотуу боюнча макулдашууга баш ийбестен Азербайжан армиясына чабуул жасоо аракеттери болууда", — деп жазылат Азербайжандын Коргоо министрлигинин сайтында.

Бакунун билдирүүсүндө, аталган өлкөнүн аскер бөлүктөрү "бир нече күн мурун бошотулган" Гадрут шаарын кармап турганы, ал эми армян тарап бул калаага чабуул жасап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Дипломаттардын токтоолугу

Ишембиге караган түнү он саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Армения менен Азербайжан Москвада ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга кол койгон. Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров белгилегендей, мунун баары РФ президенти Владимир Путин, Азербайжан лидери Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын аракетинин негизинде ишке ашкан.

Тараптар, биринчиден, 10-октябрь саат 12.00дөн тарта туткунга түшкөндөрдү, кармалып тургандарды жана өлгөндөрдүн сөөгүн алмашуу үчүн согуштук аракеттерди токтотууга макулдашышкан. Атышууну токтотуунун шарты кийинчерээк талкууланмак.

Экинчиден, эки тарап тең ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагаларынын ортомчулугу менен субстантивдүү сүйлөшүүгө ниет коюшкан.

Дипломаттар ар бир сөзүнө этият болсо, эксперттер андан бетер сак болушту. Азербайжандык саясат таануучу Ахмед Алили макулдашууну россиялык дипломатиянын ийгилиги деп атады.

"Эгер Женевада ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагалары Азербайжан ТИМ башчысы Жейхун Байрамовду гана көрө алса, Москва өз алдынча эле эки министрди сүйлөштүрүп, демилгени өз колуна алды", — деди дипломат.

Муну менен бирге ал сүйлөшүүнүн узак жүргөнүн белгилеп, ортомчулуктун оор болгонун кошумчалаган.

Түркия Россияны Закавказьеден сүрүп чыгара алабы?

Армениялык эксперт Нарек Галстян ортомчулардын Минск тобуна Түркияны кошуу демилгесинин келечеги жок деп эсептейт, мындай сунушту Азербайжан берген. Галстяндын айтымында, Анкара Москвадан айырмаланып адилет боло албайт.

Баку менен Ереван элдешүүнүн үзгүлтүккө учурашын бири-биринен көрүп жатат. Алиев Бакунун чырды дипломатиялык жол менен чечүү үмүтү акталбай калганын айтса, Ереван Азербайжан Арцахка (Тоолуу Карабах) карата чабуулун токтотпой жатканына нааразы.

Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин эксперти Кирилл Семенов Азербайжан Москва менен иштешүүгө даяр экенин көрсөттү дейт.

"Баку Россия, Франция жана АКШ ортомчу болгон "Минск форматы" Азербайжанды колдоосуз калтырды деп эсептеп жатат. Мындан улам Азербайжан Анкараны чакырууга Түркиянын өзүнөн өтүп кызыкдар", — деди ал.

Эксперт эгер жагдай ушундай нукка бурулса Түркия маанилүү роль ойногон Ливия же Сирия сценарийи кайталанат деген пикирде.

Россиялык политтехнолог Армен Асриян Еревандын сүйлөшүү позициясына ички саясий таасир этип жатканын билдирди. Анын айтымында, азыркы премьердин бийликке келиши менен армян коомчулугунун ич ара тирешүүсү күч алган. Мындай көрүнүштү азыркы аскердик аракеттер да токтото алган эмес.

"Пашиняндын оппоненттеринин көбү тыным алып, премьердин дарегине ачык сын айтууну токтотушту. Тилекке каршы, анын тарапташтары мындан үлгү ала алышкан жок", — деди Асриян.

Эксперттин баамында, Алиев коомдук пикирден чыга албай, мындан сырткары, сырткы таасирдин да басымында калган.

Асриян Анкара ушу тапта дипломатиялык оюндар үчүн аянтча пайда болду жеп эсептеп жатканына да токтолду. Карабах чырына тиешеси бар тышкы факторлор өз көйгөйүн чечүү менен алек болуп жатканда Түркия учурда "болушунча пайдаланып калууга жан үрөйт".

Карабахтагы абал: "алоолонгон" маалымат согушунун ачуу үнү

Россиялык кавказ таануучу Нурали Гасымов тараптардын согуштук аракеттери мурункудай курч болбой калганын белгилөөдө.

"Мендеги маалымат боюнча, бул көбүнесе позициялык кагылышуулар. Ал эми ар кандай фронттук маалыматтар тараптардын сүйлөшүүдө ыңгайлуу позицияны ээлеп калуусу үчүн керек. Менимче, кырдаал чынында кандай экени 2-3 күндө билинет", — деди ал.

Анын айтымында, Карабах чыры Арменияда да, Азербайжанда да ички саясаттын өзгөчөлүгүнөн улам согушка айланып кетти. "Карабах капканы эки өлкөгө тең тузак болду. Муну саясатчылар жакшы түшүнүп турат. Армениянын жетекчиси кетенчиктөө, оюнан кайтуу өтө оор кабыл алынарын, "саткын", "чыккынчы" деген каамыт тез эле илинип каларын мыкты билет. Алиев да Карабах согушунда утулганы үчүн бийликтен ажыраган Азербайжандын биринчи президенттери Эльчибей менен Муталибовдун тагдырын унута элек. Азербайжан коомчулугу узакка созулуп, бирок натыйжасы жок сүйлөшүүлөрдөн тажады. Бийликке нааразычылыктар экономикалык кыйынчылыктан мурун ушу Карабах маселесинде жылыштын жоктугунан жаралган", — деди Гасымов.

Москвадагы сүйлөшүүлөргө чейин Азербайжан президенти кырдаал башка нукта кеткенин айтты. "Мен согуш талаасында кво-статусун өзгөрттүм", — деди Алиев мекендештерине кайрылып жатып. Бул Бакунун ички саясаты үчүн чоң жеңиш.

Пашинянга да өлкө ичинде нааразылар көп болот, анткени бийликке келгенден кийин популисттик убадалар көп айтылган. Премьер-министр Карабах боюнча макулдашуу үч тарапка — Баку, Ереван жана Степанакертке ыңгайлуу болушу керектигин белгилеп келген. Гасымов бирок бул үчүн Армения менен Азербайжандын президенттери катыша алган Минск тобунун алкагындагы сүйлөшүүнүн форматын өзгөртүү керектигин белгиледи.

Карабахтагы абал жана учкучсуздарды пайдалануунун "сириялык" тажрыйбасы

Пашинян мындай кадамга армян саясатындагы Карабах кланынын таасирин алсыратуу үчүн барууга аргасыз болгон. "Баку эч убакта позициясын өзгөрткөн эмес: сүйлөшүүдө эки гана тарап бар. 90-жылдары Тоолуу Карабахтын делегациясы армян тараптан катышып келген. 1998-жылдан тарта Карабахтан чыккан Роберт Кочарян бардык тарапка төп келчү", — деди кавказ таануучу.

Дал ушул себептен Москвада кол коюлган билдирүүдө сүйлөшүүнүн форматы өзгөрүүсүз калары баса көрсөтүлгөн. Демек, тараптар консенсуска келүү жолун Минск тобунун алкагында издейт шекилдүү болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0