Мыйзам ченемдүү түрдө бул күч жана техникалык жоготуулардын өсүшүнө да алып келерин белгилейт саясий баяндамачы Александр Хроленко.
Тоолуу Карабахтагы каны дале кургай элек окуялар оор куралдарды пайдалануу менен кайрадан ырбап отурат. Согуштук аракеттер бул ирет абада айланган Азербайжан менен Армениянын абадан чалгындоо жана сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттары согуш талаасынан түз алып көрсөтүп жаткан тасмалар менен коштолууда.
Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео
Армениянын аскердик мекемесинин маалыматы боюнча, азербайжандык күчтөр 29-сентябрда армян аймагындагы Варденис калаасында жайгашкан аскердик бөлүккө Түркияда өндүрүлгөн учкучсуз аппаратты пайдалануу менен абадан сокку урган. Мурдараак, Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын куралдуу күчтөрү Карабах менен чектешкен жердеги калктуу пункттарды аткылашканын жарыялаган.
Позициялык салгылашуу уланып, каршылаштар даректүү сокку урууда. Салыштырмалуу түрдө согуштук аракеттердин "сыпайылыгын" жаңжал тутанган жерде качкындардын агымы катталбаганы да кыйыр түрдө айгинелеп турат.
"Кызыган" асман
Азыркы тапта эксперттик коомчулук Азербайжан Республикасынын жана Армения Республикасынын аскердик мекемелердин расмий маалыматтарына гана таянууга тийиш. Карабахтын күчтөрү эмитен эле 49 азербайжандык учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүргөнүн, өз кезегинде армян армиясы ушундай эле 18 аппаратынан ажыраганы айтылууда.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы эрегиш боюнча билдирүү жасады
Менимче, кабарларда бул сандар көбүртүлүп жаткандай. Салыштырсак, өткөн он жылдык аралыгында Тоолуу Карабахта болгону жыйырма чакты азербайжандык жана армениялык учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөн. Анткен менен аймакта учкучсуздардын согушу – чындык. Сириялык тажрыйба көрсөтүп тургандай, азыркы куралдуу кагылыштарда учкучсуз комплекстердин мааниси тынымсыз жогорулап турат.
Согуштук аракеттердин стратегиясы жана тактикасын келечекте көбүнесе жасалма интеллект орнотулган, чалгындоочу жана сокку уруучу жабдуулар менен жабдылган, буталарын жүз жана миң чакырым аралыктан таап чыкчу автономдук учуучу аппараттарды пайдалануу технологиялары аныктайт.
Учкучсуз учуучу аппараттардын күчү менен согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардын баары күнү-түнү көзөмөлгө алынууда. Карабах тирешинде Баку көбүнесе Израилде чыгарылган учкучсуздарды, атап айтканда, Aerostar, Hermes, Heron жана Harop аппараттарын колдонууда. Алар 50 килограммга чейин жүк ташып, 250 чакырымга чейинки аралыкка уча алышат.
Мындай аппараттар чалгындоо, окту корректировкалоо жана душмандын тирүү күчтөрү, сооттолгон жеңил техникалары менен күрөш үчүн тескөөчү курал катары пайдаланылат. Учкучсуз аппараттар кымбат, абадан коргонуу каражаттарынын "көзүнө" да илинип калат.
Мисалга, Hermes 20 миллион доллар турат, бирок бутасына бараткан жолдо атып түшүрүлүшү мүмкүн. Чыгымдарды азайтуу үчүн Азербайжан "Зарба" аталган өзү из салуучу, күзөтүүчү куралды лицензиялык чыгарууну уюштурган (Израилдик Aeronautics Defense Systems компаниясынын "Орбитер-1К" учкучсуз камикадзенин бир түрү. Көзгө көрүнгөн жана инфракызыл диапазондогу байкоо салуунун оптикалык-электрондук тутуму бар).
Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты
Анчалык каражаттарга ээлик кылбаган Ереван өзүнүн коргонуу өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүнө таянууда. Армения жүк көтөрүмдүүлүгү 20 кг дейре, 150 чакырымга чейинки аралыкка уча алган "Крунк" өңдүү чалгындоочу жана сокку уруучу жеңил учкучсуздарды, андан сырткары, наркы анчалык жогору эмес, тоолуу аймактарда натыйжалуу, өтө чакан "Базе" (эки килограммга чейинки кумулятивдик ок-дарысы бар "камикадзе") учкучсуз аппараттарды чыгарып, азыр колдонууда. Армениялык армиянын учкучсуздарынын 95 пайызы ата мекендик өндүрүшүнө таандык.
Түштүк Кавказ туруктуу дүйнө үчүн "ысык" жана улам саны артып бараткан жогорку технологиялык курал үчүн тыгыз бойдон калууда. Согуш талаасында тегиз үстөмдүк кылган тарап азырынча байкалбайт.