Түркия Россияны Закавказьеден сүрүп чыгара алабы?

© AFPТоолу Карабахтагы полиция кызматкери
Тоолу Карабахтагы полиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карабахтагы согуш Закавказьедеги РФтин таасиринин жоголушуна алып келеби? Россияда бири санаа тартып, башкалары (орус империализми менен түбөлүк күрөшчүлөр) үмүт менен дал ушул туурасында көп кеп кылчу болду.

Эгер Россия таасиринен ажыраса, албетте, Түркия ага ээ болот. Ошондуктан түрктөргө кийлигишүүгө болбостугун эскертүү менен жаңжалга катышкан тараптардын бирин чечкиндүү түрдө колдоо керек дешет. Жагдайга Петр Акопов сереп салган.

Антпесе баарынан кол жууйбуз, Армения жеңилет жана Россиядан көңүлү калып Батышка ыктайт. Азербайжан түркиялык колдоонун натыйжалуулугуна көзү жетип, ал да Москвадан көңүлү сууйт.
Түркия Түштүк Кавказдагы эң таасирдүү күчкө айланып, биринчи кезекте сириялык жана ливиялык багыттарда да Россияга бут тосо баштайт. Айтор, орус-түркиялык согуш доору кайтат.

Мындай концепция жалпысынан зыяндуу жана натуура. Россия бул мааниси жок согушта эч кимди колдобойт. Тескерисинче, аймактагы таасирин жоготпостон, согуштун тезирээк аякташына аракет көрөт.

Бирок мындай коркунучтардын жаралышына түркиялык жетекчилердин билдирүүлөрү түрткү болууда. Алар россиялык кесиптештериндей ок атууну токтотууга чакырбастан, Россияны жемелей Бакуну болушунча колдоодо.

Бирде Эрдоган Тоолуу Карабахтагы жаңжал биротоло чечилсин, ал эми чоң державалар ага бул маселе боюнча кеңешин айтпасын дейт: "АКШ, Россия жана Франция бул маселени 30 жылдан бери чече албай келет. “Минск үчтүгү” деп аталган топ бул көйгөйдү чечкен жок. Анын ордуна бул маселенин чечилбеши үчүн баарын жасашты. Эми гана акылдуусунуп, кези келгенде коркутуп калып жатышат. Жазасын берүүгө (өч алууга) мезгил жетти. Азербайжан өз киндигин өзү кесүүгө тийиш".

Карабахтагы абал: "алоолонгон" маалымат согушунун ачуу үнү

Экинчи жагынан Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушолу: "Биз Азербайжан менен сүйлөшүү жүргүзүүдө да, согуш талаасында да биргебиз. Бул курулай сөз эмес. Азербайжанга кандай жардам керек болсо да биз көмөктөшүүгө даярбыз", – деп билдирип чыгат.

Ошону менен бирге эле “дүйнөлүк коомчулукка, атап айтканда, ОБСЕге кош стандарттарга каршы протести менен” да кайрылууга үлгүрдү. "Бүгүн биз Украина менен Грузиянын аймактык бүтүндүгүн биргеликте колдоп турабыз. Бул негиздүү жана туура көз караш. Бирок кеп Азербайжанга келгенде, тараза ташын басып кирген Арменияга коюп жатышат. Азербайжандын жери басылды. Бул позиция түп-тамырынан натуура жана адилетсиз", – деди ал.
Башкача айтканда, Россияны Түштүк Осетия жана Абхазия маселесинде колдобой турганын, Крымды тааныбагандыгын эскертүүдө. Эми Москванын чакырыктарын кулак сыртынан кетирип, отко май чачууда.

Чындап эле Эрдоган орус-түркиялык өз ара байланышка доо кетирип, Путин менен мамилесинде чийинден чыгууну чечтиби? 2015-жылдын ноябрында түркиялыктар РФтин Су-25 учагын атып түшүрүп, тогуз айга тоңдурулган мамилени кайра жандандырышкан. Жаңы урушка алар туруштук бере албай калышы да ыктымал.

Тайманбас риторикасына деле карабай, Түркия Россия менен болгон мамилесинде тобокелдикке баргысы жок, анан да Армения-Азербайжан согушуна кийлигишпейт.

Сириядан согушкерлердин алып келиниши жөнүндөгү кабар армениялык Су-25тин түркиялык F-16 менен атып түшүрүлүшү туурасындагы жаңылыктай эле жалган маалыматка кирет. Бирок Түркиянын саясий кийлигишүүсү, албетте бар, улам күч алып да барат.

Мунун Анкарага зарылдыгы эмне? Эмнени көздөп жатат? Түштүк Кавказдан Россияны сүрүп чыгаргысы барбы? Бирок бул мүмкүн эмес. Кавказ бир нече кылым бою Россия менен Түркиянын атаандаштык жана тиреш аймагы болуп келген. Жыйынтыгында РФтин курамында калган. СССРдин ыдырашы Закавказьенин россиялык таасир аймагынан кетишин туюндурган эмес. Татаал мамилелер да, кийин Грузия менен согуш да Москванын колунан аймактагы таасирди чыгарган эмес.

Ооба, Түркия эбак Грузиянын жарымын колго алып койгон, Азербайжан менен да “бир калкка эки мамлекет” алакасы бар. Бирок тарыхый, экономикалык жана эли жагынан үч республика Россияга абдан тыгыз байланышкан.

Путин, Трамп жана Макрон Карабах боюнча билдирүү даярдашты

Россия Федерациясы менен дипломатиялык алакалары болбосо да Россияга муктаж: Россияда жашаган, анын ичинде ири бизнеске ээ грузиндер, эс алууга келген орус ту
ристтер, республиканын өзүндөгү россиялык менчик көп.
Грузия НАТО менен ойногусу бар, бирок географияны кыйгап өтө албайсың. Ал эми Россия түндүк атлантикалык альянска толук калыптана элек мамлекеттин киришине таптакыр каршы. Анткен менен Москванын түрктөшүп бараткан грузиялык экономика менен деле иши жок. Аймактан Россияны сүрүп чыгарууга басым жасабастан, Түркия мындан ары да Заказказьедеги өз таасирин күчөтө бериши ыктымал.

Карабахтагы согушту колдоо Эрдоганга Россиянын бул маселени жөнгө салуу боюнча Түркия менен чогуу иш алып барууга көндүрүү үчүн зарыл. Негизи дал ушул туурасында премьер-министр Чавушолу да айткан. "Биздин президенттен Путинге сунуштар берилген. Лавров менен талкууланган, бирок жаңжал чечиле элек.
Сирияда чогуу аракет кылып жаткандай эле бул көйгөйдө да аракет кылдык, бирок майнап чыкпады. Согуш токтосун дешет. Токтосун. Элдешүүнү жарыялоо абзел, бирок ал үчүн Армения басып алган аймактан чыгып кетүүгө тийиш. Бул туурасында айтылып жатабы? Жок. Анда маселе кантип чечилет?

Жыйынтыксыз сүйлөшүүлөр отуз жылдан бери созулуп келет. Же маселени чечүү үчүн так бир нерсе сунушташпайт. Бул маалыматты биздин өнөктөштөргө салкын кандуу жеткирүүгө аракет кылуудабыз. Бирок сүйлөшүүлөрдө бул да жетишсиз. Баарын керең кишилерге айтып жаткандай. Ошол себептен мындай процесстерди сүйлөшүүлөрдө да, согуш талаасында да жүргүзүү керек. Биз ошону жасап жатабыз. Мындай ыкмадан майнап чыгарына көп күбө болдук", – деген түркиялык премьер.

Түркия тышкы иштер министри Россия менен Сирияда макулдаша алсак, эмнеге бул ирет да болбосун деген ойдо. Андай болбойт, анткени Россия аяк баскан маалда Сирияда төрт жылдан бери от күйүп жаткан, ал эми Карабахта 1994-жылы бүткөн. Анткенге болбойт, себеби Сирия Түркиянын кызыкчылыктарынын аймагына кирсе да, ал өлкөдө Түркия чечкиндүү таасирге ээ болгон эмес.
Жалгыз эч нерсе кыла алган эмес, жарандык согуш жүргөн, ИГИЛ* согушкерлеринин саны арта берген, аймакта аракетке кирген тышкы оюнчулар да толтура эле, анын ичинде АКШ да бар. Башар Асаддын күчүн бекемдеген Россия менен өз ара аракеттешүү натыйжада Түркияга пайдалуу болгон. Анткени Сириянын түндүгүндө өз кызыкчылыктарын коргоого ошол макулдашуу көмөкчү болгон.

Бирок Москвага Карабах маселесинде Анкара менен биргелешүүнүн зарылдыгы эмне? Согушту тутантуу үчүнбү? Ага Россия таптакыр кызыкдар эмес. Карабах маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүүгөбү? Бирок ортомчу же Азербайжандын өкүлү катары Түркиянын пайда болушу армяндарды чочулатат.

Эң башкысы, Россия өз турмуштук кызыкчылык аймагында Түркиянын позициясын чыңдоого эмнеге жардам берсин? Анткени түрктөр менен азербайжан дээрлик бир калк.

Карабахтагы абал жана учкучсуздарды пайдалануунун "сириялык" тажрыйбасы

Андай болсо, орустар менен украиналыктардын да түбү бир, бирок Түркия Украинаны атлантикалаштырууда Батыштын аракетин колдойт. Эрдогандын тушунда Түркиянын өз алдынчалыгы кыйла өсүп, Батышка ыктоосу басаңдап, Россия менен алакасы бекемдеп баратса да (С-400дү сатып алышы анын белгиси болгон), Түркия дагы деле НАТОнун мүчөсү бойдон калууда. Аталган уюм – Россияны ооздуктоо гана тургай, мурдагы постсоветтик мейкиндиктин баарынан РФти сүрүп чыгарууга багытталган альянс. Түркия Кавказда НАТОнун мүчөсү катары эмес, улуттук мамлекет иретинде таасирдүү күчкө айланууну көздөйбү? Мейли, азыр ошондой тейде болсун, он жылдан кийин кандай болот? Же Эрдоганды ошол эле ишенимдүү атлантикачылары алмаштырып салсачы?
Түркия качан НАТОдон чыгып, айталы, Евразия биримдигине киргенде мурдагы СССРдин түрк тилдүү элдери – ошол эле Казакстан менен бирдиктүү мейкиндикке келет. Андан кийин Азербайжан да сөзсүз кошулат.

Ушул тапта Түркия закавказьелик саясатка бир ыкма менен катыша алат, аны үчүн Азербайжанды карабах түйүнүн күч менен чечүүгө үндөөнү токтотуусу абзел.

Россиянын кириши жана таасири деле согушту маңызсыз кыларын айтпаганда да Армения-Азербайжан жаңжалы баары бир согуш менен чечилбейт. Россия жана Түркия биргеликте көп нерсеге жетишти, эгер дүйнөлүк аренада өз күчтөрүн бириктирүүнү улантса дагы көп ишти аткара алышат. Чиеленишкен, тез чечимди талап кылбаган карабах түйүнүнөн улам россиялык-түркиялык толук комплексин тобокелге салуу таптакыр акылсыздык болмок. Бирок Эр
доган ага даярбы? Ачуу сөздөр, бирок стратегиялык кыраакылык, рационалдуу кадамдар жана Владимир Путин менен тил табыша билүү – 17 жылдык өз ара мамилени айырмалап турган. Ал Кавказга карата орус-түркиялык согуштун жыйынтыгы менен ойноо аракеттерине эмес, келечекке багытталган.

*Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0