23:27 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Кырызстан менен Өзбекстандын чек-арасындагы чек арачылар. Архив

Кыргызстандын коңшулар менен эмне талашы бар. Чек ара боюнча атайын өкүл менен маек

© AFP 2019 / VIKTOR DRACHEV
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Таалайбек Ороскулов
1155 0 0

Талаш тилкелердин саны канча, жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрү кандай өтүүдө жана Үңкүр-Тоодогу байкоо мунарасы эмне болду? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде Кыргызстандын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү айтып берди.

Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарында тиричиликке байланышкан чыр-чатактан баштап куралдуу кагылышка чейин барган араздашуулар болуп турат. Пикир келишпестиктерге кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган бөлүгү себеп болуп келет. Акыркы окуя 24-август күнү кыргыз-тажик чек арасында болуп, чек арачылар эки ирет асманга ок атууга аргасыз болушту.

Sputnik Кыргызстан кабарчысы өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Каныбек Ботобаев менен маектешти. Ал республиканын чек ара абалынан кеп кылып, улам бир жаңжалдын чыгышына себеп болуп жаткан, аныктала элек макамдагы тилкелер боюнча түшүндүрмө берди.

Ботобаевдин айтымында, өкмөттүк жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрү жабык жүрөт, эки тараптуу макулдашуусу бар тилкелер боюнча гана ачык айтылат.

Чек аранын кыргыз-өзбек тилкеси

Кыргыз-өзбек чек арасы 1388 чакырымга созулат, алардын 1170,53 чакырымы такталган. 2017-жылдын сентябрында кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы боюнча макулдашуу келишимине кол коюлган.

Эки жактын жумушчу топторунун жолугушууларынын натыйжасында калган 217 чакырымдан 160 чакырым узундуктагы тилкелердин сызыктары чийилген. Ушул тапта макулдашылбаган 10 чек ара тилкеси бар, алар боюнча жумушчу топтордун деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жумушчу топтор Өзбекстан менен чектеш жерлерди делимитация жана демаркациялоо иштерин кызуу аткарып келет.

Талаш тилкелердин бири болгон Үңкүр-Тоодо 2016-жылы чыр чыккан. Бүгүн "Кербен" РРС-24 станциясы мурдагы режиминде иштөөдө. Анда мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча аныктоо иштери аткарылып, мамлекеттик чек аралардын долбоордук чийимдери боюнча кыргыз тараптан тийиштүү сунуштар өзбекстандык кесиптештерге берилген.

Орто-Токой (Касансай) суу сактагычынын Өзбекстанга берилиши туурасындагы маалымат суу кечпейт. Ушул чакта суу сактагыч өкмөттөр аралык келишимдин негизинде өзбек тарап менен биргеликте пайдаланылат.

Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында Сох, Шахимардан, Чоң-Кара жана Таш-Дөбө сыяктуу төрт анклав бар. Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдө анклавдарды башка тилкелерге алмашуу маселеси каралган жок.

Чек аранын кыргыз-тажик тилкеси

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымды түзөт. Азыркы учурда 519 чакырым гана эки тарап менен такталып, макулдашылган, башкача айтканда, 50 пайыздан ашыгы аныкталган. Ал эми 451 чакырым дале талаш бойдон келет.

Такталбаган тилкелер 70 чакты, чек ара аймагындагы өтө көйгөйлүү тилкелер — Алтын-Мазар, Унжу-Булак (Караганды-Сай), Осмон жайлоо жана Алмабараз.

Ошентсе да кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы күзөт бүгүнкү күндө такталган чек ара боюнча жүргүзүлөт.

Кыргызстандын аймагында эки тажик анклавы — Ворух жана Кайрагач жайгашкан. Сүйлөшүүлөрдө аларды башка тилкелерге алмашуу мүмкүндүгү тууралуу кеп жок.

Эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда улам жаңжал чыккан көйгөйлүү тилкелердин бири — Баткен жана Согду облусунун чегиндеги участок. Ворух тажик анклавынын болушу да ал жакта жагдайды татаалдаштырат. Тажикстандын Исфарасынан анклавга чейинки жол үч жерден кыргыз аймагы менен кесилишет (Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Ак-Сай айылдары).

Баткен — Исфана жолунда да ушундай эле кырдаал. Мында жол бир тилкеде тажик аймагы менен кесилишет.

2014-жылы протоколго кол коюлуп, ага ылайык эки мамлекеттин эли жалпы пайдалана тургандай кошумча жол Баткен облусунун Ак-Сай айылын айланта курулмак. Тажикстан курулушка жардам берүүнү сунуштаган, бирок Кыргызстан бул долбоорду өз күчү менен бүтүрүүгө белсенген. Себеби жол КР аймагы аркылуу өтөт.

Чек ара мекемелерине бул жолдор аркылуу эки өлкөнүн тең жарандары тоскоолдуксуз өтө алышын камсыз кылуу боюнча иш алпаруу табышталган. Дагы бир курулуп жаткан Ак-Сай — Тамдык жолу бар. Ал мал айдап өтүүгө ылайыкталган, анткени азыр Кыргызстандын жайлоосунда Тажикстандын Исфара районундагы Ворух анклавы аркылуу бир гана жол өтөт.

Чек арада чыккан чырлар

Мамлекеттик чек ара кызматынын былтыркы жылга карата берген маалыматында, 11 чыр катталган. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде төрт чыр, ал эми кыргыз-тажик тилкесинде жети жаңжал чыккан. 2019-жылдын жети айында эле республиканын чек арасында 10 учур катталды. Кыргыз-казак чек арасында бир, кыргыз-өзбек тилкесинде эки, ал эми кыргыз-тажик тилкесинде жети ирет чыр чыккан.

2018-жылы Чек ара кызматынын аскерлеринин арасында жаңжал учурунда жабыркагандар катталбаса, быйыл Мамлекеттик чек ара кызматынын жети кызматкери — алты аскер, жарандык кызматтагы бир чек арачы жапа чеккен.

Sputnik Кыргызстан маалымдамасы

Кыргызстан Кытай жана мурдагы СССРдин үч республикасы — Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. КР чек араларынын жалпы узундугу 4503 чакырымга барабар.

Казакстан менен чектешкен мамлекеттик чек ара 1242 чакырымга созулат. Делимитация иши 2001-жылы бүткөн. Сүйлөшүүлөр чек ара маселелери каралган ВЦИКтин (Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин) 1930-жылдагы токтому жана 1961-жылдагы Кыргыз ССРинин буйругунун негизинде жүргөн.

Кытай менен мамлекеттик чек аранын узундугу 1071,8 чакырымды түзөт. Делимитация боюнча сүйлөшүүлөр 2000-жылы аяктаган. Хан-Теңир жана Жеңиш пиктериндеги талаш тилкелер, ошондой эле Бедел ашуусунун (Үзөңгү-Кууш дайрасынын суу топтолгон жеринин) батышындагы аймак өтө татаал чечилген.

Калк ичинен жабыр тарткандардын саны боюнча маалыматты өкмөт тактаган жок.

Тема боюнча

Жээнбеков чек ара чырынан жабыркаган аксайлыктарга эмне убадалады. Баткенге сапар
Белгилер:
Чыр-чатак, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, чек ара

ЭҢ МААНИЛҮҮ