Башкы прокурор камактагы Текебаевге кандай жардам бере турганын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаОтчет Генерального прокурора Откурбека Жамшитова в ЖК
Отчет Генерального прокурора Откурбека Жамшитова в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текебаевдин жасаган иштерин эске алып, аны чыгарууга аракет кылуу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов камакта отурган мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин күч түзүмдөрү, адам укуктары боюнча ат көтөргүс иштерди жасаганын белгилеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алуу менен аны камактан чыгаруу керектигин айтты. Ошондой эле бул ишке башкы прокурор кандай жардам бере аларына кызыкты.

Учурда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мекеменин 2018-жылы жасаган иши боюнча отчет берип жатат.

"Өмүрбек Текебаев кандай болгон күндө да анын эмгектерин эске алып, ал кишини чыгарганга аракет кылышыбыз керек. Ушул боюнча жардам бергенге даярсызбы?" — деп суроо салды депутат.

Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова - Sputnik Кыргызстан
Текебаевге эмнеге ырайым берилбей калганы белгилүү болду
Өз кезегинде Жамшитов бүгүнкү мезгилде Текебаевдин иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар Жогорку сотко берилгенин айтып, "ал каралып жатса керек" деген пикирин айтты.

"Ишти башынан карап чыгып, мыйзам чегинде иш кылууга даярбыз", — деди башкы прокурор.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0