Атамбаев 25 жыл ичинде кандай кадрдык ката кетиргенин айтты

© © Фото / секретариат фракции СДПКЭкс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП позитивдүү ой жүгүрткөн, партиянын ишине кызыгуусу бар жаштарга ар дайым ачык экени айтылды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократтар партиясынын биринчи съездинен 25 жыл өткөндүгүнө байланыштуу партиялаштарынын жана жеке өзүнүн кетирген кемчиликтери боюнча пикирин айтты.

Атамбаевдин билдирүүсүн КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева таратты.

Экс-мамлекет башчынын айтымында, партиялаштары жана өзү тараптан кадрдык катачылыктар кеткен.

"Акыркы жылдары партия мүчөлөрү кадрдык саясатка бир топ таасир этип, катачылыктарды кетирип алышты. Мындай кемчиликтер менин өзүмдөн дагы кетти. КСДП бийликке келгенде катарыбызга көптөгөн кошоматчылар кошулду. Алардан убагында тазалана албай калдык", — деп Атамбаев билдирген.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
КСДПчылар Атамбаевди кыса кучактап туулган күнү менен куттукташты. Видео
Мындан тышкары, Атамбаев партия татаал тандоо алдында турганын кошумчалаган.

"Азыркы тазалануу мурдагыларга караганда алда канча оор болот. Анткени учурда биздин партия аркылуу депутаттык мандат алып, мамлекеттик жогорку кызматтарга аттангандар КСДПны бөлүп жарууга аракет кылууда. Ошондуктан биз терең анализдеп, анан гана чечим кабыл алышыбыз керек", — деди экс-президент.

Муну менен катар ал КСДП позитивдүү ой жүгүрткөн, партиянын ишине кызыгуусу бар жаштарга ар дайым ачык экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0