БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков юстиция министри кылып Марат Жаманкуловду, Эмил Осмонбетовду Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагылыгына жана Шамилбек Асымбековду КР өкмөтүнүн аппаратынын Жетекчи-министри кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, аталган кызмат орундарына талапкерлерди Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар колдоого алып, жактырган.