Ташиевдин иниси менен шаардык кеңештин төрагасы Жалал-Абад мэрлигин мелжеп турат

Жазылуу
Калаанын мурдагы Салайдин Авазов "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш ишинин алкагында камалган. Азыр шаар башчылыгана көрсөтүлгөндөр бири-бири менен партиялаш жана айылдаштар.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэрлигине талапкер катары эки адам арыз берди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди.

Анын айтымында, калаага мэр болууга белсенгендердин бири — Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев, экинчиси "Ата-Журт" фракциясынын лидери Шаирбек Ташиев. Талапкерлердин арызын кабыл алуу бүгүн кечинде токтотулат.

© Фото / Калыев Канатбек"Ата-Журт" фракциясынын лидери Шаирбек Ташиев
Ата-Журт фракциясынын лидери Шаирбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Ата-Журт" фракциясынын лидери Шаирбек Ташиев
© Фото / пресс-служба горкенеша Жалал-АбадаЖалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев
1/2
"Ата-Журт" фракциясынын лидери Шаирбек Ташиев
2/2
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Мураталы Тагаев

"Тагаев көпчүлүк коалициянын, ал эми Шаирбек Ташиев "Ата-Журт" фракциясынын атынан көрсөтүлдү. Алардын арызын карап, үч күндүн ичинде шаар мэрлигине талапкер катары каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгарабыз", — деди Жүндүбаев.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадга мэр болууга арыз бергендердин экөө тең Жалал-Абад шаардык кеңешке "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Шайлоо кийинки жекшемби күнү, 11-июнда өтөт.

Мураталы Тагаев 40 жашта, Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулган. Үй-бүлөлү эки кыз, эки уулдун атасы. Финансы жана кредит жана юриспруденция адистиги боюнча эки жогорку билимге ээ.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков баш прокурордун орун басарын кетирип, жаңысын дайындады
Президенттин алдындагы баалуу кагаздар базары боюнча улуттук комиссиянын Бишкектеги бөлүмүндө инспектор, жетектөөчү адис, Салык кызматынын Сузак районундагы инспекциясында инспектор кызматтарын аркалаган. Жалал-Абад облустук администрациясынын финансы бөлүмүндө жетектөөчү адиси. Шаардык Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты. 2010-2012-жылдары жана 2017-жылдын ноябрь айынын ушул күнгө чейин төрага болуп иштейт.

Шаирбек Ташиев 42 жашта, Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Барпы айылында туулган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. ЖКнын мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Коммерциялык ишмердүүлүк факультетин аяктаган жана Бизнес башкаруу адистиги боюнча магистратура окуган. Экинчи жогорку билимин Бажы иштери боюнча Москвада Росссиянын бажы академиясында алган.

Бишкектин Октябрь райондук администрациясында жетектөөчү адис, Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссияда жетектөөчү жана башкы адис болуп эмгектенген. Мамлекеттик бажы инспекциясында инспектордон, башкы инспектор жана посттун начальнигине чейинки кызматтарды аркалаган. Жалал-Абад бажысынын төрагасынын орун басары болгон.

Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазов 17-апрелде "Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Андан бир ай өтүп ээлеген ордунан бошотулган. Жалпы жонунан алганда ал мэрлик кызматта 6 айга чукул иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0