Жалал-Абаддын мэри Авазов кызматынан алынды

© Пресс-служба президента КРЖалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов. Архив
Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы кол койду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов жумуштан алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Маалыматта Жалал-Абаддын мэри берген арызынын негизинде кызматтан алынганы айтылат.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан президенттикке киришкенине алты ай толгон Сооронбай Жээнбеков жарым жылда кандай кадрдык өзгөрүүлөрдү жасаганын карап көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0