Атылган, уурдалган депутаттар. Кыргызстандын киши колдуу болгон эл өкүлдөрү

© AFP / ALI AL-SAADI Тапанча кармаган адам. Архив
Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери беш депутат киши колдуу болгон. Коомчулук алардын өлүмүн криминал менен байланыштырат.

Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Санжар Кадыралиевдин көз жумганына бүгүн тогуз жыл болду. Ал 2009-жылы 14-апрелде Бишкектеги үйүнүн алдынан атылган. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги кызмат убагында өлтүрүлгөн эл өкүлдөрүн тизмектеди.

Кыргызстандын жаңы тарыхында беш депутат киши колдуу болгон. Алардын баары өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турган убакта өлтүрүлгөн.

Жыргалбек Сурабалдиев

Туулган жылы: 1953-жылы 1-сентябрь

Өлгөн жылы: 2005-жылы 10-июнь

Туулган жери: Сокулук району, Асылбаш айылы

Экс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Баяман Эркинбаевдин уулу Адилет: атам үчүн өч алам деп атканды үйрөнгөм
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жыргалбек Сурабалдиев КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу, дзюдо күрөшү боюнча спорт чебери болгон. 1998-жылдан тарта ишкерлик менен алектенип, Бишкектеги автотетиктерди жана автомашиналарды сатуучу "Кудайберген" жана "Азамат" базарларынын ээси болгон. Сурабалдиев 2005-жылы 10-июнда борбор калаада чак түштө унаасында бара жаткан жеринен атып өлтүрүлгөн. Ок депутаттын башына жана жүрөгүнө тийип, айдоочусу оор жаракат алган. ИИМ эл өкүлүн өлтүрүүгө шектүү катары эки адамды кармаган. Ал эми УКМК депутаттын өлүмү саясий негизде эмес, "Азамат" базарына байланыштуу экендигин айтып чыккан.

Маркумдун кызы Эльвира Сурабалдиева азыр Жогорку Кеңештин депутаты.

Баяман Эркинбаев

Туулган жылы: 1967-жылы 17-март

Өлгөн жылы: 2005-жылы 21-сентябрь

Туулган жери: Сузак району, Кара-Дарыя айылы

Письмо себе в прошлое: депутат и предприниматель Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: убагында Кыргызстанга кайтып келбейм деген ойлор болгон
Мурдагы депутат Баяман Эркинбаев убагында Улуттук олимпиада комитетинин президенти, "Алыш" эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү болгон. Эркинбаев 2005-жылдын 21-сентябрында саат түнкү ондордо Бишкекте өз үйүнүн жанынан атып өлтүрүлгөн. Эки ирет ок жеген Эркинбаев ооруканага жетпей каза болгон.

Депутаттын өлүмү боюнча Сабыркул Батыров деген жаран соттолгон. Ал сот учурунда Эркинбаев менен кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин ортосунда "Кара-Суу" базарына байланыштуу чыры бар экенин айткан. Батыровдун өзү №19 күзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жатканда киши колдуу болгон.

Баяман Эркинбаевдин жесири Чолпон Султанбекова азыркы учурда вице-премьер кызматын аркалайт.

Тынычбек Акматбаев

Туулган жылы: 1962-жылы 30-январь

Өлгөн жылы: 2005-жылы 20-октябрь

Туулган жери: Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл облусу

Мужчина с портфелем - Sputnik Кыргызстан
Рингден трибунага карай жол. Спорттон саясатка секирген аткаминерлер
Тынычбек Акматбаев кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү катары белгилүү болгон Рысбек Акматбаевдин бир тууган иниси. Ал III чакырылышта депутат болуп турган кезинде коопсуздук жана коргонуу комитетинин башчылыгына да шайланган. Депутат 2005-жылы 20-октябрда түрмөдө чыккан бунттан кийин кылмышкерлерди тартипке чакыруу үчүн алгач Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү колониясына, андан соң Молдовановка айылындагы №31 колонияга барган. Колониянын ичинде болгон атышуудан Акматбаев менен бирге үч киши каза тапкан. Маалыматтарга караганда, депутатка беш жолу ок тийген.

Бул окуя боюнча чечен улутундагы кримтөбөл Азиз Батукаев 16 жылга, аны менен бирге дагы үч адам өлүм жазасына кесилген.

Руслан Шабатоев

Туулган жылы: 1974-жылы 6-апрель

Өлгөн жылы: 2008-жыл

Туулган жери: Ысык-Ата району, Эпкин айылы

Шабатоев 2007-жылкы парламенттик шайлоодо оппозициядагы КСДПдан Жогорку Кеңешке келген. 2008-жылдын 30-сентябрында саат түнкү үчтөр чамасында белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган.

Медету Садыркулову исполнилось бы 62 года - Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгынан ажал тапкан кыргызстандык аткаминерлер
Депутаттын сөөгү туура бир жылдан кийин, 2009-жылдын 30-сентябрында Байтик айылында табылган. Шабатоевди өлтүрүүгө шектелген жергиликтүү кылмыштуу топтун башчысы Жумабек Зикирбаев эл өкүлүнүн өлүмүнө казакстандык кримчөйрөнүн тиешеси бар экендигин айткан. Анын билдирүүсүндө казакстандык "каралар" депутаттан карызын өндүрүү үчүн жолуккан. Ортодо чыр чыгып, депутат тапанча менен атып өлтүрүлгөн.

Руслан Шаботоевди, дагы бир депутат Жусуп Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду жана ишкер Игорь Гизейди өлтүрдү деп шектелген Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоевдер Биринчи Май райондук соттун жанында болгон атышуудан кийин качып кетишкен. Зикирбаев күч органдары тарабынан кармоо учурунда атып жок кылынган.

Санжар Кадыралиев

Туулган жылы: 1976-жылы 16-ноябрь

Өлгөн жылы: 2009-жылы 14-апрель

Туулган жери: Өзгөн району, Куршаб айылы

Аялды таш менен уруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкаачылык чектен ашканда. Кримдүйнө менен күрөшүүгө эрк жетеби?
"Ак жол" фракциясынан депутаттыкка келген Санжар Кадыралиев 2009-жылы 14-апрелде Бишкектеги үйүнүн алдынан атылган. Депутатты атып өлтүргөн Алтынбек Итибаев тез эле кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Итибаев Кадыралиев менен мурда жакшы тааныш болгондугу, депутатты ортодогу коммерциялык ишмердүүлүктөн келип чыккан чатакка байланыштуу өлтүргөнү аныкталган.

Бирок серепчилер депутаттын өлүмүн бийлик бутактарынын кылмыш дүйнөсү менен аралашып кеткендигинин бир далили катары сыпатташкан. Ошол убактагы ички иштер министринин биринчи орун басары Мелис Турганбаев Санжар Кадыралиевдин криминал менен мурда катышы бар деген маалыматты билгендигин айткан.

Кадыралиевдин бир тууган карындашы Ыргал Кадыралиева да кийинки чакырылышка КСДПдан депутат болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0