Кайсы министр канча сөгүш алган. Жазаланган аткаминерлер эмне болот?

Жазылуу
Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, аткаминерлер өзүнүн министрлик кызматынын тарыхында канча сөгүш, эскертүү алган. Соо министр барбы жана жазага кириптер болгон "чоңдор" өздөрү эмне пикирде. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер менен айрым административдик ведомстволордун жетекчилерине тартиптик жаза берүү боюнча кол койгон буйругунун сыясы кургай элек.

Төмөндө кайсы министр канча эскертүү жана сөгүш укканын тизмектеп көрдүк.

1. Экономика министри Артем Новиковдун эки сөгүшү бар. Буга чейин жыл башында 8-январда ал азыркы премьер-министр Сапар Исаковдон ушундай "белек" алган

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешЭкономика министри Артем Новиков
Кандидат в министры экономики Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Артем Новиков

Жаш министр "ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдоодо милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жазаланган. Новиковдун катарында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов да бар эле. 

2. Финансы министри Адылбек Касымалиевдин мойнунда бир сөгүш, бир эскертүү турат. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевФинансы министри Адылбек Касымалиев
Министр финансов Кыргызской Республики Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Адылбек Касымалиев

3. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун былтыркы жылдын 12-майында алган бир сөгүшү бар. Эске сала кетчү жагдай, бул адам башка кесиптештеринен айырмаланып, министрлик кызматта жети жылдан бери ообой, кыйшайбай, жылмышпай иштеп келе жатат. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов
Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

4. Транспорт жана жолдор министри Жамшит Калиловго сөгүш 2017-жылдын 12-майында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзбөгөндүгү үчүн берилген. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТранспорт жана жолдор министри Жамшит Калилов
Министр транспорта и дорог КР Жамшитбек Калилов - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Жамшит Калилов

Ошол эле күнү булардан сырткары азыр министр болуп турган төмөнкү эки аткаминер эскертүү алган.

5. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин мойнунда эки эскертүү, бир сөгүш турат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев
Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

6. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын да мойнунда бир сөгүш, бир эскертүү бар. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБилим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева
Министр образования и науки КР Гульмира Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева

7. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевго берген сөгүш да жапжаңы. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев
Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации КР Нурбек Мурашев - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев

8. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын былтыр 12-майда алган бир эскертүүсү бар. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова
Министр труда и социального развития КР Таалайкул Исакунова - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова

9. Юстиция министри Уран Ахметовдун мойнунда жакында эле берилген бир эскертүүсү турат. 

© Фото / предоставлено Министерством юстиции КРЮстиция министри Уран Ахметов
Министр юстиции Кыргызской Республики Уран Ахметов - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Уран Ахметов

Ал эми ИИМ, ТИМ, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматтары алардын жетекчиси — министрлер буга чейин сөгүш албагандыгын айтышты.

Эксперт: гранттардан кур жалак калган учурлар бар

Финансы министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси, мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча эксперт Бакытбек Сатыбеков аткаминерлердин биринин артынан бири сөгүш, эскертүү алышын премьер-министрдин чыдамы кеткен жагдай деп баалайт.

"Өкмөт башчынын чыдамы кетти окшойт. Исаков эми жоопкерчиликти сезбегендерди, сапатсыз иш жасап жана берилген тапшырмаларды аткарбаган ведомстволордун жетекчилерин жазалай баштады. Финансы министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси катары мамлекеттик инвестициялар боюнча бүтпөгөн, чала жасалган иштерди айтар элем. Алар өзүнүн ишине шалаакылык менен мамиле жасоонун "түшүмүн ала баштаган" мезгил келди го деп ойлоп жатам", — деди Сатыбеков.

Эксперттин айтымында, тиешелүү тараптардын иши жетишсиз аткарылгандыктан, Кыргызстан тиешелүү гранттардан куру жалак калган учурлар бар.

КРде мамлекеттик кызматтарда кандай адамдар иштешет - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды кимдер башкарат? Мамкызматкерлер тууралуу кызыктуу факты
"Мамлекеттик инвестицияны координациялап, көзөмөл жасай турган Финансы министрлигинде өзүнүн долбоорун аткарбай калган учурлар бар. Мунун айынан былтыр Европа биримдигинен (ЕБ) чоң сумманы албай калдык. Себеби алар тиешелүү ишти кылбагандыктан, ЕБ бизге грант берүүдөн баш тартты. Мындай көрүнүштөрдөн улам жогорудагыдай кадамдар адилеттүү эле болуп жатат деген пикирдемин", — деди эксперт.

2017-жылдын 15-августунан тарта премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен ишиндеги кемчиликтери, кызматын тиешелүү деңгээлде аткара албагандыгы үчүн ар кыл рангдагы 53 аткаминер кызматынан бошотулуп, 23 аткаминерге сөгүш жана эскертүү берилген.

Сөгүш уккан министрлер эмне дейт?

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кепке тартып, суроо узаттык.

"Өкмөттөн сөгүштү "2017-жылдагы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча иш жетишсиз" деген маалымат үчүн алдык. Биз финансы министри менен эсептешип, такташа келгенде ишти 90 пайызга аткарыптырбыз. Алар 38 пайыз деп отчет берип коюптур, демек маалымат туура эмес берилип калган. Эми иштешип, пайыздык көрсөткүчүбүздү далилдеп, бул сөгүштү жоюшубуз керек", — деди министр Мурашев.

Ал эми сөгүштүн туура же туура эмес берилиш туурасында пикирин сураганыбызда "эми аны талкуулап кереги жок го. Сөгүш берилди, демек берилди" дегени пикирин айтты.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевадан маалымат ала алган жокпуз. Министрликтин маалымат катчысы анын чет өлкөгө командировкага кеткендигин айтты.

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Алынган сөгүшү боюнча саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев пикирин төмөнкүчө билдирди:

"Премьер-министр менен бир командада иштеп жаткандыктан, ал кааласа мени иштен алат. Кемчилик бар, оңдоңуз десе аны оңдошум керек. Ал эми кетиңиз десе, кетишим зарыл. Бул кызмат атамдан калган эмес. Менин эмгегимди эл, жетекчим — өкмөт башчысы, анан парламент бааласын. Кайсынысы болбосун туура чечим. Сөгүш берилдиби, кабыл алам", — деди Батыралиев.

Премьер кааласа, кызматтан сөгүшсүз эле алат

Министрлик креслого сөгүштүн таасири кандай экендигин сурап Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитеттин мүчөсү, мурдагы юстиция министри, депутат Алмамбет Шыкмаматовго кайрылдык.

"Министрлердин ээлеген кызматы мыйзам боюнча саясий кызмат деп эсептелет. Өкмөт башчынын сөгүш жарыялап деле, жарыялабай деле аларды кызматтан алып койгонго укугу бар. Саясий эмес, админстративдик кызматтагылар эки сөгүштөн кийин иштен бошотулат. Ал эми бул берененин министрлерге тиешеси жок. Сөгүш жарыялоо, жумуштан алуу да тартиптик бир чара да. Жумшагы — сөгүш, катуусу — иштен алуу. Экөөнүн кайсынысын пайдаланаары — премьер-министрдин өзүнүн конституциялык укугу. Өкмөт башчынын моралдык да укугу бар да, бир министрге кайра-кайра сөгүш жарыялап, аны кызматтан албай коюуга премьердин өзүнүн деле дити барбайт", — деди Шыкмаматов.

Өкмөттүн сөгүш алган мүчөлөрүнүн бири, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев буга чейин "мына кетет, ана кетет" деген менен алтынчы өкмөт башчынын кол алдында иштеп жаткандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0