БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоону өткөрүүгө колдоо көрсөтүү боюнча республикалык штабды жетектөө милдети биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгуловго жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин штабды жетектеп келген вице-премьер Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү иш сапары менен Таласка баратып, Бишкек — Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгынан каза тапкан. Аткаминердин жол тандабасы каршы тилкеде келе жаткан КамАз менен кагышып, Жумакадыров менен анын айдоочусу жана жардамчысы набыт болгон.
Штабды жетекчилигине Абдыгуловду дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.
Ал эми шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү максатында штаб курамына өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев жана өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков кирди.