Атамбаев: Кыргызстандын келечегин Россиясыз элестете албайм

Жазылуу
Атамбаев бүгүн Кремль сарайында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын келечегин Россиясыз элестете албай турганын бүгүн Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. 

Эки өлкөнүн президенттери Кремль сарайында жолугушуп эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

“Кыргыз элинин атасы легендарлуу Манастын түпкү теги Алтайдан болгон. Бизди байыркы тарыхыбыз жана келечегибиз байланыштырып турарына ишенем. Буга Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү жана парламент фракциялары да кошулат”, — деди Атамбаев. 

Атамбаев Россияга мамлекеттик сапары менен 19-июнь күнү барган. Сапары 23-июнга чейин уланып, анын алкагында Россия президенти Владимир Путин, өкмөттүн төрагасы Дмитрий Медведев, ошондой эле Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугары каралган. Мындан тышкары, бир катар документтерге кол коюу болжолдонууда.

Ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүнө катышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0