00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Жыргалбек Саматов мандатынан ажырады

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Жыргалбек Саматов
Депутат Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК өкүлү Саматовдун буга чейин Россиянын жарандыгы жок деп келген маалыматтары боюнча Башкы прокуратура юридикалык баа берүүсү керектигин айтты.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. БШК бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовду мандатынан ажыратты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. 

ЖКдагы "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Саматовдун мандат үчүн күрөшү былтыркы жылдан тарта улантып келген.

"БШКнын чечими менен ал башка мамлекеттин жараны болгондуктан мандатынан ажыратылып, депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду",— деп билдиришти комиссиядан.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Саматовду Россиянын жараны деген жүйө менен депутат катары каттабай койгон. Депутаттыкка талапкер сотко кайрылып, анын чечими менен БШКнын аракети мыйзамсыз деп табылган. 

Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аял депутаттардын креслосун ээлеген эркектер кимдер?
Өткөн жылдын 7-декабрында БШК соттун чечимин орундатып, Саматовго мандат берген. Бирок бир жумадан кийин анын кош жарандуулугу боюнча Федералдык миграциялык кызматтын катын тастыктоо зарылдыгына таянуу менен кайра мандатынан ажыраткан. Анда Саматов ант берүүгө үлгүргөн эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 11-январында БШК соттун чечиминин негизинде Саматовго депутаттын төш белгисин тапшырган.

БШК өкүлү Саматовдун буга чейин Россиянын жарандыгы жок деп келген маалыматтары боюнча Башкы прокуратуранын юридикалык баа берүүсү керектиги комиссиянын бүгүнкү чыгарган чечимине киргизилгенин айтты.

Ал эми Саматов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде орус жараны эместигин далилдөө үчүн Россиянын сотуна да кайрылганын, БШКнын бүгүнкү чыгарган чечими боюнча сотко арызданарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0