БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Темир Сариевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, өкмөт толугу менен отставкага кетип, жаңы курам түзүлгүчө премьер-министрлик, вице-премьерлик жана министрлик кызматты ээлеп тургандар милдет аткаруучу катары ишин улантат.
Жарлык кол койгондон баштап күчүнө кирет.