01:21 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Сүрөт

Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
8598 0 0
  • Апийимдин башын тилген колхозчулар, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, 1970-жыл
  • Пржевальск зоналык сыноо станциясынын айдоо аянты, 1946-жыл
  • Талаада кызуу иштеген колхозчулар, Ысык-Көл облусундагы мурдагы Карл Маркс атындагы колхоз, 1970-жыл
  • Сыноо станциясында иштеп жаткан селекционер
  • Союз жылдары республиканын талааларында кара куурай өндүрүштүк багытта өстүрүлгөн. Сүрөттө жумушчулар кара куурайга селитра чачып жүрөт. Кемин району, 1957-жыл.
  • Талаада түшүм жыйнаган колхозчулар. Жети-Өгүз району, 1963-жыл.
  • Бийиктиги киши боюнан ашкан кара куурай. Сокулук району, 1954-жыл.
  • Кыргыз ССРинде 84 чарба апийим өстүрүү менен алектенген
  • Кара куурайды чаап жаткан трактор. Аламүдүн району, 1964-жыл.
  • Сапаттуу жыйналган кара куурайдан ишканалар аскердик кийим-кечек, чатырларды даярдаган. Себеби андан жасалган кездеме абдан бышык болгон.
  • Курамында баңгизат бар кара куурай союз учурунда жаштардын азгырыгы болгон
  • Талаадан апийим уурдаган колхозчулар ошол кезде кылмыш жоопкерчилигине тартылып, далайы соттолгон
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Апийимдин башын тилген колхозчулар, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, 1970-жыл

Союз учурунда Кыргызстандын аймагында дары-дармек даярдоо үчүн апийим, өндүрүш үчүн кара куурай өстүрүлгөн. Бирок бул чечим коомдо көп көйгөйдү жаратты. Sputnik ошол учурдагы жергиликтүү элдин сүрөттөрүн сунуштайт.

Өлкө аймагында апийим орус падышачылыгы келгенге чейин эле өстүрүлүп келген. Кийин советтик бийлик орногон жылдары мамлекет аны толугу менен жөнгө салган. Жергиликтүү колхозчулар бир гектардан 60 килограммдан ашык жогорку сапаттагы апийим чогулткан. Жалпы Кыргыз ССРинин 84 колхозу аталган өсүмдүктөн түшүм алса, күн сайын талаада 50 миңдей адам эмгектенген.

Ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Пржевальск (азыркы Каракол) зоналык сыноо станциясынан апийимдин жаңы сорттору чыгарылган. Ал жылдары кыргызстандыктардын апийиминин морфиндүүлүгү 10-12 пайызга чейин жеткен. Ошондуктан СССРдин фармакологиясында кеңири колдонулган жана 60-70-жылдары республика дүйнө жүзүндө колдонулган жалпы апийимдин 16 пайызын камсыздай алган. Ошол маалда апийимге байланыштуу кылмыштар кескин көбөйүп, баңгизатты сатып алуу үчүн түрдүү кылмыштуу топтор агылып, төбө чачты тик тургузган жоруктар болуп турган. Жыйынтыгында бийликтегилер 1974-жылдан баштап өлкө аймагында апийим өстүрүүгө толугу менен тыюу салган.

Андан сырткары, ал кездерде техникалык кара куурай да өстүрүлгөн. Сабагы кайра иштетилип, аскердик кийим-кечек, чатыр, мүшөктөр даярдалган. Бирок кесепети көп болгондуктан аны да айдоого кийин тыюу салынган.

Ошол жылдардагы оор абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги чоң материал даярдаган.

Тема боюнча

Кыргызстанда эмнеге апийим өстүрүлбөй калган? Кооптуу жылдарды баяндаган видео
Полковник Зеличенко: кичине кызга апийим сайдырууга аргасыз болгом
Белгилер:
Кыргызстан, апийим, кара куурай, тарых

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ