18:33 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Сүрөт

Апта ирмеми: ич кийимчен кыздардан Марстагы тик учакка чейин

Кыскача шилтеме алуу
356 0 0
  • Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон балмуздак жеп жатат
  • Бангкок шаарында (Таиланд) Кытайдын CoronaVac вакцинасын алып жаткан аял
  • Москвадагы Космосту багындыргандарга монументин жууп жаткан учур
  • Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болуп өттү
  • Франциялык багбандар жүзүм багын ыштын жардамы менен үшүктөн сактап калууга аракет кылууда
  • Түндүк Ирландияда COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө каршы чыккандардын митинги күч алууда
  • Мадрид шаарында Mercedes Benz мода жумалыгы болду
  • Арменияда оппозициячыл күчтөр премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жатышат
  • Шри-Ланка — 2021 сынагында мурдагы жылы жеңүүчү болгон келин, быйылкы жеңүүчү күйөөсү менен ажырашканын айтпай сынактын шартын бузганын белгилеп, башындагы таажыны жулуп алды
  • Индиядагы диний майрам учурунда
  • Ingenuity тик учагы NASA Perseverance марсоходунан ажыраган учур. Ал 471 миллион чакырым аралыкты басып өткөн
  • Team Tutberidze шоусуна катышып жаткан муз бийчиси Алена Косторная, Москва шаары
  • Исландиядагы атылганы жаткан жанар тоонун үстүнөн өтүп бараткан тик учак
  • Шони-Мишн паркындагы суунун үстүндө чакан кайык менен сүзүп жүргөн киши, АКШ
  • Майамиде сүрөткө түшүп жаткан кыз
  • Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин нааразычылык акциясына чыккан жарандар
  • Байконур космодромунан учуп бара жаткан Союз-2.1а ракета ташуучусу Союз МС-18 кемесин алып бара жатат
  • Маркумдарды эскерүү күнүндө мүрзөгө келген кыздар, Гонконг
  • Сочи (Россия) шаарындагы BoogelWoogel-2021 карнавалында купальник кийип тоодон түшүп келе жаткан кыз
  • Бразилиядагы оорукананын кызматкери бейтаптарды Пасха майрамы менен куттуктап жатат
© AFP 2021 / TOM NICHOLSON
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон балмуздак жеп жатат

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн аптадагы кызыктуу окуялардан турган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Өткөн жумада Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча реферемдум болуп өттү.

Ал эми Арменияда оппозициячыл күчтөр премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жатышат. Өз бийлигине нааразы болгондордун арасында ирландиялыктар дагы бар. Алар COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө каршы чыгууда.

Саясаттан тышкары дагы пикир келишпестиктер болбой койгон жок. "Шри-Ланка — 2021" сынагында Пушпика Де Силваны биринчи орунду алышы менен куттуктоо салтанаты жүрүп жатканда 2019-жылы жеңүүчү болгон келин сахнанын артынан басып келип, кыздын башынан таажыны жулуп алган. Ал Де Силва күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен мындай сынакта биринчи орунга татыбайт деген пикирин билдирген.

 

Тема боюнча

Марс планетасына алгачкы тик учак кантип конду. Тарыхый сүрөттөр
Белгилер:
сүрөт, сынак, мода, митинг, дүйнө, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ