Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери

Жазылуу
Бүгүн мамлекеттик белгилүү жана коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигин 22 жыл жетектеген Күлүйпа Кондучалованын туулган күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Бул инсандын 100 жылдыгына карата Кыргызстанда "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" деп аталган жумалык аяктады.

Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы Фрунзе шаарынын четиндеги Кара-Жыгач айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Кичинекей кыз сегиз жашында мектеп босогосун аттап, кийин борбор калаадагы педагогикалык училищеге тапшырып, аны 1938-жылы  аяктаган. Андан соң Нарын облусундагы Куланак айылындагы орто мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 20 жашында Тянь-Шань облустук комсомол комитетинин катчысы болгон. Кийин Фрунзе облустук компартияда бөлүм башчынын орун басары, Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде Аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси, Жалал-Абад обкомунун катчысы болуп эмгектенип,  мамлекеттик кызматтын бардык баскычтарынан өткөн. 27 жашында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып, эки жылдан кийин төраганын орун басары кызматын аркалаган.

Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен - Sputnik Кыргызстан
Элмирбектин жаштыгы, сүйүүсү, тагдыры. Алп акындын сүрөттө калган ирмемдери
Эң кызыгы, 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары,  Кыргыз ССРинин жаңы ачылган тышкы иштер министринин милдетин да аткарат. 1958-жылы маданият министри болуп дайындалып, 60-жылдардын башында эки министрликти башкарган. Кыргыз Республикасынын Баатыры 22 жыл министр болгон. Бул мезгилде Кыргыз ССРиндеги маданиятты жогорку деңгээлге чыгарып, кадрларды, адистерди даярдап, бир топ мекемелерди колдонууга берген. Кондучалова өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстеликтерин коргоо коомун жетектеген. Ооруп жатканда шакирттерине "маданиятты сактагыла" деп керээзин айткан.

I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 2013-жылы 7-сентябрда Бишкек  шаарында 93 жаш курагында дүйнө салган.

© Фото / из семейного архива КондучаловыхБлокада алынган Ленинград шаары, 1942-жыл
Блокада алынган Ленинград шаары, 1942-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/13
Блокада алынган Ленинград шаары, 1942-жыл
© Фото / из семейного архива КондучаловыхКыргызды кыйырга тааныткандар. Министр Күлүйпа Кондучалова, актёр Сүймөнкул Чокморов, жазуучу Бексултан Жакиев
Кыргызды кыйырга тааныткандар. Министр Күлүйпа Кондучалова, актёр Сүймөнкул Чокморов, жазуучу Бексултан Жакиев - Sputnik Кыргызстан
2/13
Кыргызды кыйырга тааныткандар. Министр Күлүйпа Кондучалова, актёр Сүймөнкул Чокморов, жазуучу Бексултан Жакиев
© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева жана Сайра Кийизбаева менен бир ирмем
СССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева жана Сайра Кийизбаева менен бир ирмем - Sputnik Кыргызстан
3/13
СССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева жана Сайра Кийизбаева менен бир ирмем
© Фото / из семейного архива КондучаловыхКондучалова СССР Жогорку Советине эки жолу, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жети жолу депутат болуп шайланган
Кондучалова СССР Жогорку Советине эки жолу, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жети жолу депутат болуп шайланган - Sputnik Кыргызстан
4/13
Кондучалова СССР Жогорку Советине эки жолу, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине жети жолу депутат болуп шайланган
© Фото / из семейного архива КондучаловыхМаданият министри Кондучалова жазуучу Аалы Токомбаев менен
Маданият министри Кондучалова жазуучу Аалы Токомбаев менен - Sputnik Кыргызстан
5/13
Маданият министри Кондучалова жазуучу Аалы Токомбаев менен
© Фото / из семейного архива КондучаловыхЖаш кез... Жазуучу Чыңгыз Айтматов, министр Күлүйпа Кондучалова, 1963-жыл, Москва шаары
Жаш кез... Жазуучу Чыңгыз Айтматов, министр Күлүйпа Кондучалова, 1963-жыл, Москва шаары - Sputnik Кыргызстан
6/13
Жаш кез... Жазуучу Чыңгыз Айтматов, министр Күлүйпа Кондучалова, 1963-жыл, Москва шаары
© Фото / из семейного архива КондучаловыхКыргыз искусствосунун Москвадагы экинчи декадасы, 1958-жыл
Кыргыз искусствосунун Москвадагы экинчи декадасы, 1958-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/13
Кыргыз искусствосунун Москвадагы экинчи декадасы, 1958-жыл
© Фото / из семейного архива КондучаловыхМинистр айым энеси менен Кызыл аянтта
Министр айым энеси менен Кызыл аянтта - Sputnik Кыргызстан
8/13
Министр айым энеси менен Кызыл аянтта
© Фото / из семейного архива КондучаловыхЖайыл дасторкон үстүндө эс алган замандаштар
Жайыл дасторкон үстүндө эс алган замандаштар - Sputnik Кыргызстан
9/13
Жайыл дасторкон үстүндө эс алган замандаштар
© Фото / из семейного архива КондучаловыхБалетмейстер Чолпонбек Базарбаев жана Күлүйпа Кондучалова
Балетмейстер Чолпонбек Базарбаев жана Күлүйпа Кондучалова - Sputnik Кыргызстан
10/13
Балетмейстер Чолпонбек Базарбаев жана Күлүйпа Кондучалова
© Фото / из семейного архива КондучаловыхКүлүйпа Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн
Күлүйпа Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
11/13
Күлүйпа Кондучалова жолдошу Абды Оролбаев менен бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн
© Фото / из семейного архива КондучаловыхКондучалова 22 жыл Маданият министрлигин жетектеп, далай таланттарды таптап, тарбиялап чыгарган
Кондучалова 22 жыл Маданият министрлигин жетектеп, далай таланттарды таптап, тарбиялап чыгарган - Sputnik Кыргызстан
12/13
Кондучалова 22 жыл Маданият министрлигин жетектеп, далай таланттарды таптап, тарбиялап чыгарган
© Sputnik / Александр ФедоровI жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 93 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан
I жана III даражадагы Манас орденинин ээси 93 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан - Sputnik Кыргызстан
13/13
I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 93 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан
Жаңылыктар түрмөгү
0