20:48 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Сүрөт

Көңүлү көтөрүлгөн көчмөндөр. Бир жумалык тойдун жабылышынан жагымдуу сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
68010
  • III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия
  • Эстафетаны премьер-министр Муxаммедкалый Абылгазиев Түркиянын Маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга салтанаттуу түрдө тапшырды.
  • Эми 2020-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары Түркия мамлекетинде өтөт.
  • Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда кайра качан өтөрү айтыла элек
  • Кыргызстан быйылкы оюндарды өткөрүүгө 303 миллион сом сарптады. Ал эми байге фондунун көлөмү 28 миллион сомду түздү.
  • ДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген. Анын ичинде 15 мамлекеттин улуттук оюндары бар.
  • Медалдардын саны боюнча Кыргызстан сап башына чыкты. Жалпы жонунан 594 медаль ойнотулган. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247.
  • Көчмөндөр оюндарын 56 мамлекеттен келген 604 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды. Ал эми ата мекендик 70 редакциянын 700дөн ашуун өкүлү иш алып барды.
  • Салтанаттуу азем шаңдуу маанайда өтүп, ага Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков баштаган бир катар ырчы, бийчилер катышты.
  • III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия
  • Эл кеңири тойлосун деп ортону атайын бошотуп берди эле жүздөгөн киши чыгып жер чаңыта бийледи.
  • Ошентип сааттын жебеси түнкү 12ни какканда бир жумага созулган Көчмөндөр оюндары өзүнүн эшигин жапты.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде мөңгү суу куюлган көөкөр менен тууну атчан баатырлар сахнага алып чыкты. Мөңгү суусу олимп оту сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын символу болмокчу.

Мөңгү суу толтурулган көөкөр менен тапшырылган эстафета, бий менен коштолгон аскерлердин оркестри, жүрөк толкуткан ата мекендик ырлар, элдин черин жаза бийлеткен дүйнөлүк жылдыздар. Мына ушундай ирмемдер менен Көчмөндөр оюндарнын жабылуу аземи эсте кады.

Мунун баары кызык болуп жатабы, анда Spunik Кыргызстан агенттигинин фотографы Табылды Кадырбеков тарткан сүрөттөр түрмөгү сиздин назарыңызда. 

Ошентип Кыргызстан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын үчүнчү ирет ийгиликтүү өткөрүп алды. Жабылыш аземи Чолпон-Атадагы ат майданда салтанаттуу түрдө болуп өттү. 

Алгач атчан баатырлар Көчмөндөр оюндарынын туусу менен көөкөргө куюлган мөңгү сууну көтөрүп саxнага алып келишти. Мөңгү суусу олимп оту сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын символу болмокчу. Аларды Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнө чыккан Кыргызстандын мыкты спортчулары Нурбек Кожобеков менен Тилек Куралов тосуп алды.

Андан соң саxнага премьер-министр Муxаммедкалый Абылгазиев чыгып мөңгү суу менен тууну колуна алып, Көчмөндөр оюндарынын эстафетасын салтанаттуу түрдө Түркиянын Маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга тапшырды. 

Ушуну менен расмий бөлүгү жабылып, ата мекендик жана дүйнөлүк жылдыздар майрамдык маанай тартуулашты. Эл алардын ырын жөн гана угуп отурушкан жок, жүздөгөн эл шатыра-шатман ортого чыгып чер жаза бийлешти.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын өткөрүүгө жалпы жонунан 303 миллион сом сарпталды. Ал эми байге фондунун көлөмү 28 миллион сомду түздү. 

ДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген. Анын ичинде 15 мамлекеттин улуттук оюндары бар. 74 өлкөдөн (Россиянын 12 субъектиси) 1976 спортчу келип күчүн сынады. 

Ал эми маданий иш-чаралардын чордону болгон Кырчындагы этно шаарчага 200 миңдин тегерегинде жергиликтүү жана чет элдик коноктор келген. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын расмий өнөктөшү болду. 

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Бишкекте милициянын унаасы менен кагышкан авто аласалды. Видео
Көчмөндөр оюндарынын жабылышы. Учурда эмне болуп жатат.
Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи. Видео
Белгилер:
бий, ырчы, эстафета, азем, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ