23:22 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: Филиппиндин сулууларынан уюлдук телефондон тургузулган дубалга чейин

Кыскача шилтеме алуу
409 0 0
  • Филиппин сулуусу сынагынын катышуучулары
  • Бишкектеги Ата-Түрк сейил багында ColorFest аталышындагы түстөрдүн фестивалы болуп өттү. Иш-чаранын программасынын алкагында ар кандай сынактар уюштурулуп, бий топторунун өнөрлөрү тартууланган. Эң башкысы катышуучулар бири-бирине атайын боекторду чачып ойношкон
  • Гамбургда Чоң жыйырмалык саммитинин алкагында Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуу учуру
  • Алтайдын Кер-Кечүү талаасында ат оюндары боюнча өткөрүлгөн республикалык турнирдеги улакчы. Анда биринчи жолу улактын ордуна муляж тартышты
  • Париждеги модельер Айрис ван Херпендин коллекциясын тартуулоо учуру
  • Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын Хвансон-14 баллистикалык ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөндөн кийинки реакциясы
  • Белоруссиянын техникалары Минскидеги парадда. Республиканын көз карандысыздыкты алган күнүн майрамдоо учуру
  • Кытайдын Хайнань провинциясында Улуу жүрүш 5 ракетасы ишке киргизилди
  • Гамбургда G20 саммити өтүп жаткан жердеги 1000 Gestalten нааразычылык акциясы
  • Япониянын түштүк-батышында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Мунун кесепетинен расмий маалымат боюнча 16 адам набыт болгон
  • Тореадор (Испанияда - бука менен кармашуучу киши) Гонсало Кабальеро Памплонадагы Сан-Фермин фестивалында. Салтка айланган бука менен жарышуу оюнуна 16 миңге жакын адам катышты
  • Маравиге (Филиппин) эвакуацияланган качкындардын балмуздакка болгон кезек талашуусу
  • Япониянын Токио шаарында элктрондук дүкөндүн ээси Ватанабэ Масанао 20 жылдан ашуун эски уюлдук телефондорду чогултуп андан дубал тургузган.
© AP Photo / Bullit Marquez
"Филиппин сулуусу" сынагынын катышуучулары

Sputnik Кыргызстан артта калган аптада дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда болуп өткөн эң маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Бишкектеги Ата-Түрк сейил багында ColorFest аталышындагы түстөрдүн фестивалы өткөрүлдү.

Гамбургда "Чоң жыйырмалык" саммитинин алкагында Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын алгачкы жолугушуусу болуп өттү.

Алтайдын Кер-Кечүү талаасында ат оюндары боюнча республикалык турнир өттү. Анда биринчи жолу көк-бөрү оюнунда улактын ордуна муляж тартышты.

Кытайдын Хайнань провинциясында "Улуу жүрүш 5" ракетасы ишке киргизилди.

Япониянын түштүк-батышында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп 16 адамдын өмүрүн алып кетти.

Япониялык Ватанабэ Масанао 20 жылдан ашуун чогулткан эски уюлдук телефондордон дубал тургузду.

Тема боюнча

Апта ирмеми: көркөмдүү жамбаштан эң чоң шырдакка чейин
Белгилер:
апта ирмеми, улак тартыш, сынак
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ