Биздин өлкөдө эмгек мигранттары которгон каражаттардын экономикалык ролу жогору. Ал акчаларга жарандар үй куруп, унаа алып тиричилик кылат. Которулган акчалардын көлөмү ИДПнын үчтөн бир бөлүгүнө барабар. Анткен менен бул материалда биз Кыргызстандан чет өлкөгө которулган каражаттар тууралуу кеп кылабыз.
Импорт үчүн төлөм
2017-жылдын жарым жылдыгында сыртка агылган каражаттын көлөмү 192 миллион долларга жеткен. Үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгында жана биринчи алты айында бул көрсөткүч кыйла жогорулады.
Анткен менен Улуттук бизнес-ассоциациясынын катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев тынчысызданууга себеп жоктугун билдирди. Анын айтымында, өлкөдөн инвестиция чыгып кетип жаткан жок (юридикалык жактардын чет өлкөлөргө акча которуусу).
"Каражаттын бир бөлүгү — бул товар менен кызматтарга болгон төлөмдөр. Биздин өлкөдө товарлардын 70 пайызы — импорт. Физикалык жактардын каражаттары сыртка агып жатат дегенибиз менен аныгында жиберилген акчага товар же кызмат сатып алынып, кайра эле өлкөгө кайтып жатпайбы", — деди Кыдырбаев.
Ал белгилегендей бул көрсөткүчтүн өсүшү коркунуч жаратпайт. Болгону каражаттын сыртка агышы менен ичке киришин эске алыш керек.
Капиталды сыртка чыгаруу
Ал эми финансы жаатындагы адис Нелли Симонова быйыл рубль менен теңгенин куну түшүп кеткенин эске салды.
"Бизде Казакстан менен Россиядан келген каражат көп. Рубль менен теңгенин түшүшүн капиталдын сыртка агылышы катары түшүнсө болот", — деди Симонова.
Ал муну менен катар эле инвестициянын көлөмү дагы өсүп жатканын кошумчалады.
Коркпош керек!
Улуттук банк каражаттын сыртка агышы күчөгөнү менен ичке киришин дагы эске алуу керектигин маалымдады.
"Экономикага болгон таасирин карай турган болсок анда которулган каражаттын кириши жана сыртка агышынын айырмасын караш керек. Мисалы 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө которулган каражаттын суммасы 990,3 миллион долларды түздү, тагыраагы 10,2 пайызга өстү", — деп Улуттук банктан билдиришти.
Ал эми каражаттын сыртка агып жатканы орточо көрсөткүчтөн аша электиги белгиленди.