Кайберендерди атууга толук тыюу салбаш керек. Себебин өкмөт түшүндүрдү

© Фото / Влад УшаковТоп-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт аңчылык кылууга толук тыюу салуу сунушуна каршы чыкса, адистер колдоо керек экенин айтты.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik, Айида Батырбекова. Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында өкмөт 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорго каршы экендиги белгилүү болду. 

Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан сейрек кездешкен жаныбарларды арзан аттырган өлкөлөрдүн көч башында
Натыйжада демилгечилер жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы демилгечилердин мындай кадамына эмне себеп болгонун билүү үчүн мыйзам долбоорду жазгандардын бири Эмил Токтошев менен байланышка чыкты. 

Депутаттын айтымында, өкмөттөн жаныбарлардын бардык түрүн атууга тыюу салбай чогуу иш алып баруу сунушу берилген. 

"Биз чөө, карышкыр, түлкүлөрдөн башка сейрек кездешкен жаныбарлардын бардыгына аңчылык кылууга тыюу салуу сунушун бергенбиз. Бирок өкмөт тарабынан бардык жаныбарларга тыюу салбастан, алгач тыюу салууга муктаждык жаралган жаныбарлардын так тизмесин аныктоо сунушталды. Ошол тизме 1-2 жумада такталса талкууну улантабыз. Негизи тизме түзүүнү биз башынан эле сураганбыз, бирок ушул күнгө чейин берилбей келген", — деп билдирди Токтошев. 

Анын айтымында, өкмөт кандай гана сунуш бербесин мыйзам долбоордогу аркар, текелерге аңчылык кылууга тыюу салган бөлүмдөр өзгөртүлбөйт. Болгону тыюу мөөнөтү гана кыскарышы ыктымал. 

Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
National Geographic: Кыргызстан илбирстер үчүн баш калка боло алат
"Аркар, кулжа, текелер 10 жыл ичинде эки эсеге азайган. Буга көбүнчөсү браконьерлик себеп болгон. Мунун айынан 2014-жылы мамлекет үч миллион сомдук чыгым тарткан. Жаңы мыйзам долбоор боюнча аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарларды аткандар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп белгиледи депутат. 

Эл өкүлү Кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга лицензия алууга уруксат берилгенин айтып, бул өзү өзүнө каршы келген система экенин кошумчалады. 

Аркарларды атууга жол берсе болот

Сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоор өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнө жиберилип, ал жактан терс корутундулар берилгенин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов айтып берди. 

"Мыйзам долбоор бизге келгенден кийин макулдашуу үчүн өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнө, министрлик менен ведомстволорго жибергенбиз. Анан ошол жактан терс корутундулар келди", — деп билдирди Рустамов. 

Анын айтымында, мыйзам долбоорго каршы чыгууга бир нече жагдайлар себеп болгон. 

"Биринчиден, эгер аңчылыкка толук тыюу салынса, анда коруктарды кайтарган кишилерди көбөйтүшүбүз керек. Жумуш орундар түзүлүп, аларга айлык төлөнүшү зарыл. Ал үчүн финансылык колдоо жок. Мындан тышкары, мурда чыккан аңчылык мыйзамы боюнча 2013-жылы конкурс өткөрүлгөн. Анын негизинде 42 аңчылык чарба иштей баштаган. Тыюу салынса алар өкмөткө кине коет да", — деди Рустамов. 

Элик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фотокапкан. Аюу, илбирс баштаган жапайы жаныбарлар сүрөткө түштү
Ошондой эле агенттиктин директору аркарларды аттырууга Кыргызстанда шарт бар экенин ырастады.

"Азайып кетти, жок болуп кетти деп айтып жатышпайбы. Чынында Кыргызстандын аймагында миңдеген аркарлар (Марко Поло), тоо текелер бар. Анын баарын аныктап чыкканбыз. Аларды аттырууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок ошонун дагы 0,1 пайызына гана аңчылык кылууга уруксат берип жатабыз", — деп белгиледи Рустамов. 

50 миң тоо теке азбы? 

Мамэкотехинспекциясынын Экологиялык коопсуздукту коргоо башкармалыгынын башчысы Максат Өмүров Кыргызстанда аркарлар менен тоо текелердин саны арбын экенин белгиледи. 

"Кыргызстандын аймагында 12-17 миңге жакын аркар-кулжа, 45-50 миңге жакын тоо текелер бар. Эми ушул сейрек кездешкенге киреби? Буларды аттырууга уруксат берсе болот. Бирок өз чеги менен жүргүзүлөт. Мисалы жылына 400дөй тоо текеге, 70 аркар-кулжаларга уруксат берилип жатат", — деп билдирди Өмүров. 

Башкармалыктын жетекчисинин айтымында, Кыргызстанда аркарлардын эки түрү бар. Ошол түрдүн бирине аңчылык кылууга тыюу салынган. 

"Алардын бири Тянь-Шань тоо аркарлары болсо, экинчисин Марко Поло деп коет. Азыркы учурда Марко Полонун саны болжол менен 12-17 миңге жакын. Ал эми Тянь-Шань тоо аркарлары сейрек кездешкендиктен аларды атууга тыюу салынган", — деп кошумчалады Өмүров. 

Бүркүттүн санынын кыскарышы токойлордун азайышына, мергенчиликке байланыштуу келет. Көп учурда ал аңчылардын курмандыгына айланып калат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары сүрөттө
Бирок анын мындай пикирине Ысык-Ата капчыгайынын егери Калдыбек Сарчаев макул эмес. 

"Ооба, Тянь-Шань тоо аркарлары жана Марко Поло деп бөлүнөт. Бирок Кыргызстанда Марко Поло гана бар. Ал эми Тянь-Шань тоо аркарлары Монголия менен Афганистанды байырлайт. Булар сейрек кездешүүчү жаныбар болгондуктан аларды атууга тыюу салган туура. Ал эми калган жаныбарларды атууга Улуттук илимдер академиясы иликтөө жүргүзүп, анан гана лицензия берет. Ошонун негизинде иш алып баруу керек", — деди Өмүров. 

Ал эми Улуттук илимдер академиясына караштуу Биология жана топурак таануу институтунун директору Бекмамат Жээнбаев өкмөттүн аркарлардын 5 пайызын атууга уруксат берүү тууралуу токтомуна каршы экенин билдирди. 

"Өкмөт аркарлардын беш пайызын атууга уруксат берүү тууралуу токтом чыгарган. Бул сан өтө көп. Ошондуктан Улуттук илимдер академиясы буга каршы чыкты. Биз 0,5 пайызын гана атууга уруксат берүүнү сунуштаганбыз", — деп билдирди Жээнбаев. 

Ал ошондой эле Илимдер академиясы өкмөткө бир гана сунуш берип, бирок чечим чыгарууга укугу жок экенин белгиледи. Ал эми аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорду колдоо же колдобоо үчүн атайын комиссия түзүлүп иштеп жатканын билдирди. 

Карышкыр дагы Кызыл китепке кириши ыктымал

Германиянын жаратылышты коргоо бирикмесинин адиси Толкунбек Азскулов жаныбарларды коргоону күчөтпөсө жакында карышкыр, чөөлөр дагы азаярын билдирди. 

"Учурда жаныбарлардын ареалы тарый баштады. Буга браконьерликтен сырткары туризм, альпиниз, завод-фабрикалардын курулушу, айыл чарба аянттарынын кеңейиши себеп болууда. Мындан удам аңчылыкты жоюу абдан керектүү нерсе. Антпесе аркар-кулжа эмес, карышкыр-чөөлөр дагы Кызыл китепке кирип калышы толук ыктымал", — деди ал. 

Адис адамзаты өсүмдүк, топурак, жаныбарлардын бардыгын колдонууга өткөндүгүнө да токтолду. 

Жайыттагы маралдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Леонардо Ди Каприонун маралдарга берген акчасы кандай бөлүштүрүлөт
Белгилей кетсек, аркарларды атууга Пакистан, Россия, Индия, Казакстан, Кытай жана Афганистанда тыюу салынган.

2015-жылы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды атууга мыйзамсыз уруксат берип мамлекетке 8 миллион 800 миң сом зыян келтирүүгө айыпталып, мекемеге карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0