Фотокапкан. Аюу, илбирс баштаган жапайы жаныбарлар сүрөткө түштү

© Фото / Департамент рационального использования природных ресурсов ГАООСиЛХЭлик. Архив
Элик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер коруктардагы жапайы жаныбарларды жайлоодогу колдо багылган мал кадимкидей чочутуп, качыра турганын айтышты.

БИШКЕК, 6-июл.— Sputnik. Кыргызстандагы "Хан-Теңир" жана "Сары-Чат — Ээр-Таш" мамлекеттин коруктарында коюлган фотокапкан жапайы айбанаттардын ичинен аюу, илбирстен тарта аркар, элик баштаган бир топ жаныбарларды тартып калган.

Камераларды орнотуп, изилдөө жүргүзүүнүн максаты —"Хан-Теңир жана "Сары-Чат — Ээр-Таш" мамлекеттик коруктардын аймагындагы жаныбарлардын көбөйүү жолдорун аныктоо экенин УИАнын биология-жер кыртышы боюнча институтунун адиси Аскар Давлетбаков айтып берген. 

© Фото / Департамент рационального использования природных ресурсов ГАООСиЛХФото капканга түшкөн ак илбирс
Фото капканга түшкөн ак илбирс - Sputnik Кыргызстан
1/5
Фото капканга түшкөн ак илбирс
© Фото / Департамент рационального использования природных ресурсов ГАООСиЛХКоён
Коён - Sputnik Кыргызстан
2/5
Коён
© Фото / Департамент рационального использования природных ресурсов ГАООСиЛХТүндө жорткон түлкү
Түндө жорткон түлкү - Sputnik Кыргызстан
3/5
Түндө жорткон түлкү
© Фото / Департамент рационального использования природных ресурсов ГАООСиЛХФото капканга түшкөн суур
Фото капканга түшкөн суур - Sputnik Кыргызстан
4/5
Фото капканга түшкөн суур
© Фото / Департамент рационального использования природных ресурсов ГАООСиЛХШаптусай капчыгайындагы элик
Шаптусай капчыгайындагы элик - Sputnik Кыргызстан
5/5
Шаптусай капчыгайындагы элик
1/5
Фото капканга түшкөн ак илбирс
2/5
Коён
3/5
Түндө жорткон түлкү
4/5
Фото капканга түшкөн суур
5/5
Шаптусай капчыгайындагы элик

17 камера апрель айында аталган аймактардагы капчыгайларга, өзөндөргө, тоонун боорлоруна жана кыялардын баштарына орнотулган. 

Үч-Чат тоо кыркаларындагы Арпатектир өзүнүндөгү камерага чак түштө өтүп бараткан илбирс түшүп калган. Ал эми Урокыр тоолорундагы Ак-Талаа суусундагы техника аркардын ургаачысын козусу менен кошо тартып калган.

Кыргызстандын тоолорунда томпоңдогон үч мамалагын ээрчиткен эне аюу
Бет-Күйлүү-Тоонун Чоң-Талды-Суу капчыгайында аюу, суур, түлкүнүн өтүп бара жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Кичи-Талды-Суу капчыгайындагы камерага түнү коёндор, ал эми күндүзү элик түшкөн. 

Камералар Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу колдонуу департаменти жана Улуттук илимдер академиясынын биология-жер кыртышы боюнча институтунун адистери тарабынан коюлган. 

"Фотокапкандардан "Хан-Теңир" жана "Сары-Чат — Ээр-Таш" мамлекеттик коруктарды жердеген жапайы жаныбарлар Ак-Талаа жана Арпатектир суулары аркылуу өтөрүн көрдүк. 17 камера койдук эле, аларга бир топ жаныбар түшүптүр", — деди Давлетбаков.

Бүркүттүн санынын кыскарышы токойлордун азайышына, мергенчиликке байланыштуу келет. Көп учурда ал аңчылардын курмандыгына айланып калат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары сүрөттө
Адис Теректи, Кичи-Талды-Суу, Чоң-Талды-Суу капчыгайларында жаз-жай учурунда алардын ээн-эркин жүрүшүнө жайлоого чыккан үй-жаныбарлар тоскоол болорун билдирди. Буга Сары-Жаз суусунун күчтүү агымы да кошумча болот экен. 

Кыргызстанда экологиялык жолдорду уюштуруу боюнча жогорку демилге ПРООН менен Глобалдык экологиялык фондунун Тянь-Шань тоолорунун аймагындагы өзгөчө коргоого алууну жакшыртуу долбоорунун алкагында жасалып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0