Эксперт: дүйнөдө өзөктүк куралдарды саны азайып бара жатат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүРадиоактивдүүлүктүн белгиси. Архив
Радиоактивдүүлүктүн белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдөгү өзөктүк курал запасынын 93 пайызы Россия менен АКШга туура келет.

БИШКЕК, 13-июн. – Sputnik. Дүйнөдө өзөктүк куралдардын саны азайганы менен аны жаңылоо уланууда. Бул туурасында Стокгольмдогу дүйнөнүн көйгөйлөрүн иликтеген эл аралык Университет жылдык отчетунда жарыялады. 

"Өзөктүк куралы бар бир дагы өлкөнүн жакынкы мезгилде бул куралдардан баш тартууга ниети жок", — деп айтылат басылмалар үчүн берилген маалыматта.

Аталган эл аралык университеттин аналитиктери 2016-жылдын башталышына карата тогуз өлкөдө өзөктүк курал бар экендигин айтышкан.

Алар АКШ, Россия, Улуу Британия, Франция, Кытай, Индия, Пакистан, Израиль жана Түндүк Корея. Мындай кооптуу куралдардын саны болжолдуу түрдө 15395тин тегерегинде болуп, мурдагы жылдарга салыштырмалуу (15850) азайгандыгын айтышты.

New York Times: АКШ, Россия жана Кытай өзөктүк куралданууда жарышып жатат
Эксперттер мындай тенденция өзөктүк куралдар боюнча эки лөктүн – Россия менен АКШнын арсеналдарын кыскартуудан улам жаралды деген тыянакка келишкен. Дүйнөдөгү өзөктүк куралдардын запасынын 93 пайызы дал ушул эки державага туура келет. Алар анткен менен кыскартуу жай жүрүп жатканын айтышат. Мындан сырткары, эл аралык келишимдерге карабай, бул эки тараптын узак мөөнөттүү программаларында өзөктүк куралдарды модернизациялоо белгиленген. Маселен, АКШ 2015-2024-жылдар аралыгында бул жаатта жаңылоо иштери жүргүзүү үчүн 358 миллиард доллар жумшоону пландап жатат. 

Булардын башка калган жети өлкөнүн арсеналы анча чоң болбогондугу менен алар деле жаңы системаларды улам ойлоп чыгып, бир орунда туруп калышкан жок. 

Дүйшөмбү күнү өзөктүк куралдар боюнча жарыяланган маалымат аталган эл аралык университеттин 2016-жылы чогулткан материлдарынын бир бөлүгү гана. Жылдык отчеттор жарыша куралдануу жана дүйнөдөгү эл аралык коопсуздук маселелери боюнча тенденцияларга байкоо салып, жарыялап турат. 

Стокгольмдогу дүйнөнүн көйгөйлөрүн иликтеген эл аралык Университет 1966-жылы түзүлгөн жана көз карандысыз аналитикалык борбор болуп эсептелет. Алар чыр-чатактарды, куралданууларды, куралга көзөмөл кылууну жана куралсыздануу боюнча темаларды иликтеп келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0