Кайсы президент орден, медалды көп ыйгарган?

Сыйлык ээлери кантип тандалат?

Кайсы президент орден, медалды көп ыйгарган?

Сыйлык ээлери кантип тандалат?
Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн сыйлык өз ээсин табат, ошол эле маалда орден, медаль тагынгысы келгендер андан дагы көп.
Sputnik агенттиги мамлекеттик сыйлык системасындагы маселелерге кайрылып, ага байланыштуу кызыктуу жагдайларды тизмектеп чыкты.

Учурда Кыргызстанда 15ке чукул мамлекеттик сыйлык бар, 2017-жылга чейин алардын саны 20га чамалап барчу.

Кайсы президент сыйлыкты көп берген?

Мамлекеттик сыйлыктар өлкө башчысынын жарлыгынын негизинде ыйгарылат. Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында жыл сайын эң көп сыйлык тапшыргандардын сап башында Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев турат. Биринчиси жылына 6695, экинчиси 5074 сыйлык берген. Бардык президенттердин ичинен Аскар Акаев эң аз — бир жылда орточо 590 сыйлык ыйгарган. Ал эми Садыр Жапаров кызматына киришкенден бери (бир жылда) 1753 инсанды сыйлаганга жетишти.
Өлкө башчыларынын ичинен кимиси көп сыйлык ыйгарган?
1990-жылдан бери 63 миңден ашык сыйлык ыйгарылган
Президенттер жылына орточо канча сыйлык тапшырганга жетишкен?

"Ак шумкар" өзгөчө белгиси

"Ак шумкар" өзгөчө белгиси — Кыргызстандагы мамлекеттик сыйлыктардын эң жогоркусу. Кезинде мамлекеттик кызматта, түрдүү тармактарда үзүрлүү эмгектенгендерге берилет. Аны алган инсан Кыргыз Республикасынын Баатыры болот. "Ак шумкар" президент тарабынан бир гана жолу тапшырылып жана көзү өткөндөн кийин да бериле берет.

Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери ага 27 адам татыган: Жусуп Абдрахманов, Төрөбай Кулатов, Акматбек Сүйүмбаев, Султан Ибраимов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев, Бексултан Жакиев, Күлүйпа Кондучалова, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев, жазуучу Төлөгөн Касымбеков, хирург Мамбет Мамакеев, белгилүү актриса Сабира Күмүшалиева, дирижер Асанхан Жумакматов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, космонавт Салижан Шарипов, скульптор Тургунбай Садыков жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Манас ордени

Манас ордени менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, элдин биримдигин коргоп, мамлекетибиздин экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттыргандар сыйланат жана ал үч даражага бөлүнөт. Азыркыга чейин I даражадагы Манас ордени 29 инсанга жана Бишкек шаарына ыйгарылган.

Алардын катарында олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, манасчы Жусуп Мамай, хирург Мамбет Мамакеев, композитор Калый Молдобасанов, кардиолог Мирсаид Миррахимов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, тилчи Кусеин Карасаев, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, РФ президенти Владимир Путин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын мурдагы президенти Сулейман Демирель жана Бириккен Улуттар Уюмунун экс-башкы катчысы Кофи Аннан бар.

II даражадагы Манас ордени менен хирургдар Мамбет Мамакеев, Сабырбек Жумабеков, акындар Омор Султанов, Шайлообек Дүйшеев, Жалил Садыков, жазуучу Кеңеш Жусупов, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, гандбол боюнча олимпиада чемпиону Талант Дүйшебаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, кинорежиссёрлор Болот Шамшиев, Актан Арым Кубат, академик Абдылдажан Акматалиев, экс-премьер-министр Сапар Исаков, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, ЖКнын экс-төрагасы Өмүрбек Текебаев, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы президенти Абдыганы Эркебаев, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов сыйланган. II даражадагы Манас ордени жалпысынан 43 адамга берилген.

Ал эми III даражадагы Манас орденин тапшырууда талаптар жогорудагыдай эле жана аны Манас орденинин эң төмөнкү даражасы катары саноого болот. Ага адабият, маданият өкүлдөрү, медицина, укук коргоо кызматкерлери, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, ардагерлер, куруучулар жана чет элдиктер болуп жалпы 298 адам ээ болгон.

Курманжан датка ордени

Курманжан датка ордени коомдук-саясий ишке эмгеги сиңген, элдин биримдигин сактоого, өсүп келе жаткан муунду ата мекенди сүйүп тарбиялоого салым кошкон инсандар сыйланат. Азыркыга чейин ал орден менен Германия Федеративдүү Республикасынын федералдык канцлери Ангела Меркель менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ɵткɵрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова гана сыйланган.

Данакер ордени

Данакер ордени элдер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдап, өлкөнүн илимин жана экономикалык потенциалын арттыргандарга, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдеп жигердүү иштегендерге берилет. Буга чейин Данакер орденине 123 адам татыган, алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандагы эл аралык уюмдун жетекчилери, элчилер, чет элдик мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар жана окумуштуулар.

Даңк ордени

Даңк ордени менен элдин, мамлекеттин экономика, илим, саламаттык сактоо тармактарына өмүрүн арнап, улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты жайылтууга көмөктөшүп, спортко эмгеги сиңген инсандарга ыйгарылат. Акыркы 30 жылда Даңк ордени спортчу Айсулуу Тыныбекова, UFC чемпиону Валентина Шевченко, КРдин жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова өңдүү 40 инсанга берилген.

Достук ордени

Достук ордени элдер ортосундагы достукту, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышты жакшырткан, КРдин башка мамлекеттер менен кызматташуусун бекемдөөгө көмөктөшкөн, гуманитардык ишмердүүлүктүн майын чыгара иштеген адамдарга берилип келет.

Достук ордени Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, КВН эл аралык союзунун президенти Александр Масляков, диний аалым Абдишүкүр Нарматов, мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевге берилген. Жалпы 29 адам татыган.

Баатыр эне ордени

Баатыр эне орденин жети жана андан көп бала төрөп, татыктуу тарбиялаган энелер алат. Талаптарга ылайык, сыйлануучу адамдын уул-кыздарынын ден соолугу чың, жүрүм-туруму жакшы болушу керек. Ошондой эле мекендин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, адам өмүрүн сактап же коомдогу тартипти сактоодо жарандык парзын аткарып жатып курман болгон, же дайынсыз жоголгон аялдарга да берилет. Азыркыга чейин аталган орден 38 миң 669 жаранга берилген.

Эрдик медалы

Жарандарды, коомдук тартипти коргоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, бөөдө кырсыктарда эрдик көрсөткөндөргө Эрдик медалы тапшырылат. Аталган медаль адам көзү өткөндөн кийин деле ыйгарылат. Бир эле адам бир нече жолу алышы мүмкүн. Себеби эрдик кайра-кайра жасалышы толук ыктымал. Ушуга чейин ал 555 адамга берилген. Аны тагынгандардын басымдуу бөлүгү милиционер, учкуч, куткаруучу, аскер дарыгери, офицерлер жана журналисттер.

Даңк медалы

Даңк медалы менен мамлекеттик, өндүрүштүк, илимий-техникалык, маданий, коомдук жумуштарда өзгөчө эмгеги барлар сыйланышат. 1991-жылдан бери 1 300 адамга ыйгарылган.

Эне даңкы медалы

Бул медаль алты баланы төрөп, аларды татыктуу тарбиялагандар же жетим балдарды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген чүрпөлөрдү чоңойткон, окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык иштеген аялдарга ыйгарылат. Ошондой эле ата мекенди, мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп же адам өмүрүн сактап калууда жарандык парзын аткарып жатып курман болгондор, же дайынсыз жоголгондорго да ыйгарылат. Сыйлык акыркы 30 жылда 10 099 жаранга берилген.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

Аталган сыйлык өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий мүмкүнчүлүктөрүн арттырып, мамлекеттик кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, коомдук иштерде ийгилик жараткандарга тапшырылат. Ушуга чейин Ардак грамотаны 7 658 адам алган.

Биринчи категориядагы ардак наамдар

Бул категорияга төрт наам кирет:

Кыргыз Республикасынын эл артисти — мыкты көркөм образ, спектакль, телеспектакль, телефильм, кинофильм, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артисттерге, музыкалык аткаруучуларга, композиторлорго, дирижёрлорго, режиссёрлорго, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, төкмө акындарга, музыкалык, хор, хореографиялык жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат;

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу — ата мекендик адабиятты өнүктүрүүгө салым кошкон, жараткан чыгармалары менен калың элге таанылган жазуучуларга тапшырылат;

Кыргыз Республикасынын эл акыны — ата мекендик адабиятка көрүнүктүү салым кошуп, акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө эмгеги бар белгилүү акындарга берилет;

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү — живопись, скульптура, графика, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусство жараткан сүрөтчүлөр алат.

Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 201 адамга КРдин эл артисти, 37 калемгерге эл жазуучусу, 34 жаранга эл акыны жана 37 кишиге эл сүрөтчүсү наамы берилген.

Экинчи категориядагы ардак наамдар

Эмгек сиңирген ишмер наамына республиканын ар кыл тармагында кеминде 15 жыл эмгектенип, өзүнүн ишинин майын чыгарган тажрыйбалуу адис, окумуштуу, агартуучу, жаратман кесипкөйлөр татып келет. Учурда
4 266 адам эмгек сиңирген ишмер наамын алып жүрөт.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы

Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы поэзия, проза, драматургия, көркөм публицистика, музыка, кино, скульптура, архитектура, радио, теле жана театрда мыкты чыгарма жараткан авторлорго тапшырылат. Үч жылда бир жолу берилчү сыйлыкка ээ болгондор 100 миң сом, диплом, ардак белги жана күбөлүк алат. Бирок ал мамлекеттик сыйлык системасына кирбейт, өкмөттүн карамагында.

Саны азайган сыйлыктар

Учурда Кыргызстанда 15ге чукул мамлекеттик сыйлык бар, 2017-жылга чейин алардын саны 20га чамалап барчу. Ага чейин укук коргоо, коопсуздук органдарында кеминде 20 жыл иштегендерге I даражадагы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы, II даражасы 15 жыл же андан көп убакыт эмгектенген погончондорго берилип келген. Ошондой эле өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө салым кошкондорго "Эмгек ардагери", кайрымдуулук менен алектенгендерге "Кайрымдуулук үчүн" медалы берилчү. Аталган сыйлыктар 2017-жылы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен учурдун талабына жооп бербейт делип мамлекеттик сыйлыктар системасынан чыгарылган.

Сыйлыктын көбүн кимдер алган?

Жашыруун комиссия, сыйлык ээлерин аныктоо

Өлкөнүн бийлик бутактары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары катардагы жаран, кызматкер, чет элдиктерди сыйлоону демилгелеп, тиешелүү документтерди КР президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга жөнөтөт. Коллегиалдуу орган отурумда ал кагаздарды карап чыгат. Кызыгы, коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн ал комиссиядагылардын аты-жөнү аталбайт жана жашыруун болуп келет.

Сыйлык ээлерине жеңилдиктер берилеби?

2012-жылга чейин Кыргызстанда мамлекеттик сыйлык алгандарга бир топ жеңилдик, акчалай колдоо көрсөтүлүп келген. Ага чейин кеминде эки мамлекеттик сыйлыгы бар адам персоналдык пенсияга талапкер боло алчу. Тиешелүү комиссияга документ тапшырып, соңунда оң чечим кабыл алынса, катардагы жарандан кыйла жогору пенсия алууга мүмкүнчүлүк болгон. Учурда ал жеңилдиктер жок. Азыр "Ак шумкар" өзгөчө белгисин алган адам иштесе, анын айлыгы эки эсеге жогорулайт, бирок пенсиясы ошол бойдон калат. Иш жүзүндө КР Баатырларынын көпчүлүгү пенсия курагында. Ошондой эле эл артисти, эл жазуучусу, эл акыны, эл сүрөтчүсү наамдарын алгандар мамлекеттик мекемелерде иштесе айлыгына 5000 сом, эмгек сиңирген наамына татыгандардын маянасына 2500 сомдон кошулат. Бирок пенсиянын көлөмүнө эч таасир этпейт. Ал эми баатыр энелердин пенсиясына 1000 сом кошулат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары өз дараметине жараша сыйлык ээлерине анча-мынча жеңилдик берет.

Жогорку мамлекеттик сыйлыктар кайда жасалат?

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи жылына үч жолу уюштурулуп, татыктуулар өлкө башчысы менен жолугат. Баатыр эне ордени менен Эне даңкы медалы "Кыял" улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде, калганы Москвадагы "Госзнак" ишканасында даярдалат. Орден, медаль, төш белгинин баасы ага кеткен баалуу металлдын наркына жараша эсептелет. Берилген сыйлыктардын санына жараша акча мамлекеттик казынадан жумшалат.

Сыйлыктан ажыратуу тартиби

Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, сыйланган, ардак наамга ээ болгон адам соттун чечими менен гана мамлекеттик сыйлыктан же төш белгиден ажырайт. Башка эч кимдин сыйлыкты тартып алууга укугу жок. Эгер сот адамдын сыйлыгын алынсын деген өкүм чыгарса, анын документтери мамлекеттик сыйлыктар фондуна өтөт. Мындай кадамдар сыйланган инсан өтө оор кылмыш кылганда гана жасалат.

Сатууга, алмашканга болбойт

Мурун сот жоопкерчилигине тартылып, соттуулугу жоюлбаган же алып салынбагандардын сыйлык, наам алуусуна жол берилбейт.

Мамлекеттик сыйлыкты, ардак наамды мыйзамсыз жасаган, саткан, алмашкан адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Автор
Мирбек Сакенов

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Сүрөт
Президенттин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы, Артур Болжуров, Табылды Кадырбеков, Султан Досалиев, Александр Федоров, Сабыр Аильчиев

Маалымат булагы
Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлангандар, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаттарынын электрондук базасы, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамы, Президенттин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгы