39 кишинин өлүмүнө ким күнөөлүү?
Дача-СУдагы авиакырсыктын анык себеби
39 кишинин өлүмүнө ким күнөөлүү?
Дача-СУдагы авиакырсыктын анык себеби
Коронавирустан улам көпчүлүк бир жаңылыкты көз жаздымда калтырды: Мамлекеттер аралык авиация комитети төрт жыл өткөндөн кийин Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча соңку отчётун жарыялады. Биз чындыгында эмне болгонун билүүгө аракет кылдык.
Орто жаштагы аял муздак мрамор эстеликке гүлдестесин кылдат коюп жатат. Венера Шейшенованын үч баласынын ысымдары да стелада чегилген кырк фамилиянын арасында. Төрт жыл мурун учак кулаганда алар эч нерседен капарсыз таттуу уйкуда эле.

— Венера, эмнеге бул жерде 40 фамилия көрсөтүлгөн, расмий түрдө кырсыктын курмандыктары 39 эмес беле. Кыркынчы ким болду?

— Ал Арзымамат Ташматов. Ал башкалардай уранды алдында же өрттө набыт болгон жок. Арзымамат коңшу үйдө турчу. Кырсыкты көрүп сыртка чуркап чыгып, уранды алдында калгандарды куткарууга аракет кылган. Бирок жүрөгү токтоп көз жумган.

Биз аны тизмеге коштук. Кантип кошпой коёбуз? Эгер учак кулабаганда Арзымамат тирүү калмак.

Маркумдардын туугандары үчүн ошол кырсыкта набыт болгондор дагы көбүрөөк, тагыраагы — 43 киши. Анткени үч маркум кош бойлуу эле.

Жарыкка келбей калган периштелердин ысымдары энелеринин мүрзөлөрүндөгү плитага кошо чегилген. Алардын төрөлгөн жана чарчаган күндөрү бир — 2017-жылдын 16-январы, учак кулаган күн.

Кызыма апасы көккө учуп кеткенин айтам...
Мырзабек Доконовдун баяны
Кызыма апасы көккө учуп кеткенин айтам...
Мырзабек Доконовдун баяны
Кыргызстандык Мырзабек Доконовго жубайы көз жарып, кызынын төрөлгөнүн көрүү буюрбаптыр. Элес деп ат коюшту ага. Мааниси айтпаса да түшүнүктүү эмеспи.

Ошол таңда Мырзабек айы-күнү жетип турган жубайы менен коштошуп, улуу кызын бала бакчага алып барат. Ал эми жарым саат өтпөй өмүрлүк жарынын сөөгүн урандылардын алдынан алып чыккан...

Андан эки күн мурун эле УЗИден өткөнбүз, кыздуу болорубузду билгенбиз. Төрөт үйүнө буюмдарды даярдап, балага одеяло, кийим сатып алдык. Ошол апааттан бир күн мурун эле түндө беш жаштагы кызым экөөбүз аларды жууп, үтүктөп чыкканбыз. Улуу кызым бөбөгүнө Элес деп ат коюуну сунуштады. Ушул ысым менен жерге берилди.

Ошол күнү кызым менен таңкы саат 7де бала бакчага кеткенбиз. Жубайым декреттик өргүүгө чыкканына бир гана жума болгон. Сегиз айлык кош бойлуу эле, үйдө калган. Биз кеткенден 15 мүнөт өтүп-өтпөй учак кулайт. Кызымды бала бакчага киргизип, анан кабарды угуп үйгө чуркадым. Бирок үйүмдөн эч нерсе калбаптыр.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келди, бирок уранды алдында канча адам калганын алар билишкен эмес. Үйүбүздү издөөгө аракет кылдым, бирок таба албай койдум. Баары талкаланган. Куткаруучулар элдин баарын алып кетишкенин айтышты. Аялымды тез жардам унааларынан издей баштадым, бирок алардын ичинде жок эле.
Бирге иштеген балдар менен үйүм турган жерди каза баштадык. Мени узатып коюп, кайра уйкуга кеткендир деп боолголодум... Төшөктөргө чейин каздык, полго жеттик, жубайым жок. Дагы каза бердик, акыры шкаф турган терезенин түбүнөн таптык...

Кызым апасынын өлүмү жөнүндө билбей калат деп ойлогом. Муну андан жашырууга аракет кылдык. Бирок ошол кырсык күнү бир туугандарымдын уулдары менен ойноп жаткан. Көрсө балдар ага апасы тамак жасап жатканда учак кулап, каза болду деп айтып коюшуптур.

Аялымды жерге берип жатканда кийин издебесин деп атайын кызыбызга көрсөттүк. Апасы асманга учуп кеткенин айттым. Күйүттүн күчү дале кайта элек. Биз аны эч качан унутпайбыз! Ошол апаатты бүтүндөй кыргыз эли унуткарбайт, дайым эсибизде болот.
Өлүкканада эки ирет эстен таныпмын...
Нурбек Солтокеновдун баяны
Өлүкканада эки ирет эстен таныпмын...
Нурбек Солтокеновдун баяны
Каргашалуу ошол таңда курман болгондордун тизмесинен бирдей фамилиядагы бир нече кишинин ысымдарын кездештиресиз. Демек, бир күндө бүтүндөй үй-бүлө набыт болгон... Авиакырсык Нурбек Солтокеновдун ата-энесин, инисин жана жаңы эле мектепке барган карындашын алып кетти.
Анда мен Казакстанда иштеп жүрчүмүн. Жаман кабарды угуп, дароо маршруткага отуруп, үйгө бет алдым. Жолдо айдоочу радиону койду, ошол кырсык жөнүндө, канча адамдын сөөгү табылганын улам маалымдашат. Менин муун-башым калчылдай баштады...

Жанымдагы жүргүнчүлөр менин жаман болуп турганымды байкап калышты. Кырсык болгон жерде жашарымды айттым аларга. Бейтааныш эле адамдар баары жакшы болорун айтып, мени жубатып жатышты.

Бишкекке келсем, жакындарымды өлүкканага алып кетишиптир. Ал жакка барганымда баары каза болушканын угузушту. Эки ирет эс-учумду жоготупмун...
Карындашымды жаныма жаткырып албаганыма өмүр бою өкүнөм...
Байнур Куштарбековдун маеги
Карындашымды жаныма жаткырып албаганыма өмүр бою өкүнөм...
Байнур Куштарбековдун маеги
Психологдордун айтымында, кырсыкта аман калгандар көп учурда өздөрүн күнөөлөшөт. "Эмнеге мен аман калып, башкалар каза тапты?!" деп азап чегишет. Ошондой сезим Байнур Куштарбековду да эзип жүрөт. Жаш жигит алигүнчө кичинекей иниси менен карындашын ошол таңда жанына жаткырып албаганына өзүн айыптайт. Балким ошенткенинде алар аман калмак дейт.
Кырсыкка чейин балдар менен ойноп келүү үчүн Дача-СУга ар дем алыш барчумун. Алар менен убакыт өткөрүү мага өзүнчө ырахат эле. Анын алдында иним Эрзаттын туулган күнү болчу, бешке толгон. Аябай чоң майрам болду эле! Эрзатка телефон беришкен, ал өзүн, меймандарды, ага жасап берген салатымды тартып жүргөн. Азыркыга чейин ошол видеолорду кайталап көрөм…

Кырсык болгон күнү таңкы беште ойгондум, таежемдин жумушка кетип баратканын көрдүм. Бөлмөдө мени менен иним, карындашым да уктап жатышкан. Эмнегедир жок дегенде карындашымды өзүмө жакын жаткырып алсамбы дедим да, бирок антпей, кайра көзүм илинип кетиптир. Эми ошол үчүн өмүр бою өкүнөм.

Учактын катуу добушунан ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачтым, дал маңдайымда терезе бар эле. Биздин үй жакка өрттөнүп бир нерсе келе жаткан экен!

Үн чыгарганга да үлгүрбөдүм, терезе жарылды. Сыныктары дал бизге карай учту, заматта эле шып кулады. Анан караңгылай түштү...
Үшүп көзүмдү ачтым. Үстүмдө дөңгөлөк, ушундай чоң дөңгөлөк тегеренип турат! Башымды буруп таякем өзүнүн алты жашар кызы Сайкалды чыгарып жатканын көрдүм. Ал аман калды. Агам кош бойлуу аялын алып чыкты. Андан кийин агам менен таякем чуркап келип, мени басып калган учактын бөлүгүн алышты. Мени өйдө тургузалы дешти, бирок кулап түштүм. Аман калуу үчүн сойлоп чыгууга туура келди...

Бардык жакты өрт чалган! Адамдын күйгөн сөөгүнүн жыты каңырсыйт. Ар кай жерде жаткан набыт болгондорду көрдүм. Баарынан күйгүзгөнү — инилерибиз, карындашыбыз жаныбызда жок...

Мен ич кийимчен, жылаңайлакмын. Башкалар деле жеңил кийинген. Агам менен таякем жалынга карабай балдарды куткаруу үчүн кайра артка чуркашты. Кичинекей балдардын одеялосунда бактын түбүндө жатам.

Туугандарым мени куткаруучулар алып кетти деп ойлошуптур, бирок мага эч ким келген жок. Адамдарды көрүп жаттым, бирок кыйкырууга дарманым келбейт. Эч ким да мага көңүл бурбады. Мен тоңуп бараттым... Анан өтүп бараткан кишилер көрүп, тез жардамга чейин жеткиришти.

Денеси бүт күйүп калган кишинин жанына жаткырышкан. Бүт үй-бүлөсүнөн ажыраптыр, кырсыктан бир айдан кийин ал дагы кайтыш болуп калды.

Кырсык 19 жаштагы иним Аман, 5 жаштагы иним Эрзат, бир жарым жаштагы карындашым Жылдызды алып кетти. Көпкө чейин алардын өлүмүн менден жашырышты, баары жакшы деп коюшту. Чындыгында алардын ажалы оор болуптур...
Бир айдан кийин башка ооруканага которушту. Жеңем менен бир палатада жаттык. Түнкүсүн чочуп ойгонобуз, бизди ар бир дабыш – эшиктин катуу жабылганы же отургучтун кулаганы деле катуу коркутчу болду. Кырсык кайра кайталанчудай уктагандан да коркуп калдык.
Ар бир күнүм кандай башталарын билгиңиз келеби?
Венера Шейшенованын баяны
Ар бир күнүм кандай башталарын билгиңиз келеби?
Венера Шейшенованын баяны
Байнур кеп кылган Эрзат, Жылдыз жана Аман – Венера Шейшенованын балдары. Адегенде бул айым ошол каргаша тууралуу айтып бергенден таптакыр баш тартып келди, бирок ошентсе да кайратын топтой биздин чыгармачыл топ менен кезигүүгө акыры макул болду.
Кырсык болгон жерге барыш мага тозоктун тозогу. Бул жайды карап турууга аракет кылабыз, камера орноттук, бак тиктик. Тилекке каршы, сугарганга суу жетпейт. Миң көчөттүн эки жүзү гана өстү. Эч нерсе эмес, кайра бак тигебиз. 5-6 жылдан кийин бул жер паркка айланат.
Бул жактан өтүп бара жаткан ар бир киши токтоп, куран окуп турса дейм. Жакындарыбыз эми жок, алар элдин эсинде болсо экен деген тилек.

Эми мага эч бир бош мүнөтүм калбагандай жашоого, эс алууга убакыт жетпегендей, үйгө келип дароо уктап калгыдай чарчоого туура келет. Кичине бош болуп калсам, дароо ой басат...
Убакыт баарын дарылайт дешет, бул жалган экен. Мезгил дарылабайт, тек гана күйүт менен жашоого көнөсүң. Биз энебиз да! Күйүтүм өзүм менен гана кошо кетет.
Ар бир күнүм кантип башталарын билгиңиз келеби? Ойгонгон сайын куран окуйм...
Жабыр тарткандардын атынан бардык элге ыраазычылык билдирем. Топтолгон акча кырсыктан жапа чеккендерге калыс бөлүндү. Адамдар кыйраган үйлөрүнүн ордуна жаңы үй, машина сатып алышты. Билесизби, бизди ал акча да эмес, калктын моралдык колдоосу сактап калды.
Боинг эмнеге кулады?
Боинг эмнеге кулады?
Авиалайнер Гонконгдон Стамбулга бет алган. Жолдо биздин "Манас" аэропортуна токтоп, май куюп, экипаж алмаштырылмак.

Кырсык конордо болгон. "Манас" аэропортунун учуп-конуучу тилкесине конбостон, Боинг турак үйлөргө кулаган. Лайнер учуп-конуучу тилкеден 900 метр нары жакта кырсыкка кабылган.

Кырсыктан кийин анын ар кыл себептери айтыла баштаган. Андай божомолдордун бирине ылайык аба шарттары себеп болгон. Ошол таңда калааны калың туман каптап турган. Кээ бири учактын бузуктугун да жоромолдошкон.

Комиссия төрт жыл дегенде кырсыктын анык себебин тактап чыкты. Иликтөөнүн акыркы отчётун Мамлекеттер аралык авиациялык комитет былтыр май айында жарыялады.

Эксперттер учак техникалык жактан оң экенин, аба шарттары да мындай учуш үчүн кадыресе экенин такташты. Учкучтардын даярдыгы боюнча да суроо калбады, алар жетишерлик деңгээлде дасыккан, өз ишин мыкты билгендерин КР Жарандык авиация агенттигинин иликтөө бөлүмүнүн улук инспектору Геннадий Сизинцев айтып берди.
Геннадий Сизинцев
КР Жарандык авиация агенттигинин иликтөө бөлүмүнүн улук инспектору
Чечүүчү болбосо да, бул апаатта "Манас" аэропортунун жайгашкан жери да маанилүү роль ойногон. Анын масштабдуу курулушу 1972-жылы башталган.

Эски аэропорт жаңы учактардын конушуна жараксыз, учуп-конуучу тилкелери абдан кыска эле. Тоого да жакын, ал эми бул учкучтарга кошумча түйшүк жаратчу.

Инженерлер көпкө изилдеп, акыры Бишкектен 20 чакырым аралыктагы жерди тандашат. Тоолордон да, калаадан да ыраак.

Ал кезде ээн талаа, шамал согуп, жыландар сойлогон жер экен. "Манас" учкучтар үчүн эң татаал да эмес, ошону менен бирге эле оңой да эмес аэропорт болуп саналат.

"Кыргызстан тоолуу өлкө. Бул биздин аэродромдорго конууга киришүү схемасын иштеп чыгууда кыйынчылык туудурат. Бирок дүйнөдө мындан да татаал аэродромдор бар. Экипаж ага даярданып, ошол жактарга деле учуп жүрүшөт", — деп түшүндүрөт Сизинцев.
Түркиялык "Боинг" аэропортко түштүк тараптан, дал Кыргыз Ала-Тоосу жайгашкан жактан келе жаткан. Айрым чокулардын бийиктиги 5 миң метрге чейин жетет.
Дал ушул тоолор да Дача-СУ кыштагындагы кырсыкта чечүүчү ролду ойногон. Түркиялык экипаж аэропортко карай жай ылдыйлоону пландаган, бирок диспетчер дал учактын алдында тоо кыркалары болгондуктан уруксат бербегенин түшүндүрөт аба кемесинин командири, А-320 учагынын учкуч-инструктору Эрик Монокбаев.
Эрик Монокбаев
аба кемесинин командири, А-320 учагынын учкуч-инструктору
Эрик Монокбаевдин 25 жылдык учкучтук тажрыйбасы бар. Көп окуя жана кырсыктарды иликтөөгө катышкан, Учуштардын коопсуздугу боюнча башкармалыкты жетектеген. Жалпы учушу 13 миң саатты түзөт.
"Кыргызаэронавигациясында" нөөмөтчү штурман бар, ал ар нөөмөттө коридорлор, трассалар боюнча коопсуз бийиктиктерди эсептеп турат. Ошол күнү коопсуз бийиктик 17 миң футтан ашуун болчу", — дейт Монокбаев.
Демек, учкучтар өздөрү каалагандай акырындап ылдыйлай алышмак эмес. Диспетчер аларды бийиктикти кармоону талап кылган. Ага учкучтардын кыжыры келген, буга алардын кабина ичиндеги сүйлөшүүлөрү далил.
Аба кемесинин командири: "Байке, жыштыкты котор, тезинен ылдыйлоого уруксат сура".

Экинчи пилот: "Албетте, албетте, бул биз менен анчалык сылык болгон жок".

Бурулуу аларга оңой болмок эмес: алар деңиз деңгээлинен 6000 фут бийиктикте кармалуу үчүн тезинен ылдыйлоого тийиш болчу (бул 1,8 чакырымды түзөт). Ал үчүн аба тормоздору колдонулмак, бирок лайнердин командири аны өтө кеч пайдаланган.

Натыйжада жетиштүү деңгээлде ылдыйлай албай калып, аба кемеси тийиштүү чектен бүтүндөй бир чакырымга жогору эле.
Авиакомпаниянын нускамасы боюнча экинчи пилот учактын абалын көзөмөлдөө үчүн жабдуулардан көзүн албоого тийиш болчу. Бирок командир ага терезени кароону буюрган.

Аба кемесинин командири: "Кара, учуш-конуш тилкесин тээтиги жактан көрө аласың"

Экинчи учкуч: "Мен жабдууларды карап жатам".

Аба кемесинин командири: "Жабдуулар... Аларга мен көз салып жатам, сен сыртты кара"

Экинчи учкуч макул дегендей күбүрөнгөн.
Дегеле экинчи учкуч үчүн аба кемесинин командири эрежени бузуп жатканы анык эле, бирок кызматы боюнча жогору турган жолдошуна каяша айткан эмес. Балким, сөз кайтарса, өздөрүн эле эмес, дагы 37 адамды ажалдан арачалап калмактыр.
"Кабина ичиндеги сүйлөшүүлөрдө учкучтар бири-бирине байке деп кайрылышат. Башкача айтканда, алар ынак, достук мамиледе болушкан. Балким, экинчи учкуч достук менен командиринин жаңылыштыктарын капарга алган эмес. Бирок эреже боюнча бардык эскертүүлөр, шектенүүлөр эске алынып, талкууланууга тийиш", — дейт Эрик Монокбаев.
Майда каталар курч кырдаалга айланган. Учак конордон мурун жабдуулар аэродромдун глиссадалык (учуучу аппараттын учуш траекториясы) маяктын сигналын алышы керек болчу. Бул маяк учкучтарга ылдыйлоо траекториясын көрсөтөт.
Бирок көбүнесе маяктын нурлары жерден чагылып, абага туура эмес сигнал берет. Адатта пилоттор аны так аныктай алышат, себеби жабдуулар көрсөтүп турат эмеспи. Тилекке каршы, түркиялык экипаж аны байкаган эмес. Пилоттор конууга киришүү схемасынан четтеп кетишкенин аңдап, ага диспетчерди күнөөлөшкөн.

Аба кемесинин командири: "Бул бизди өтө эле бийикке жиберип салды...", – деп катуу сөгүнүп да алган.

Экинчи пилот: "Ой, эч нерсе болгон жок", – деп аны жубаткан.

Учакта глиссада жоголгону боюнча сигнализация иштеп кетет. Бул автопилот менен ылдыйлоого эми болбой турганын туюндурат. Бирок экипаж андай кооптуулук сигналдарына көңүл бурган эмес.

Калың туман жана жабдуулар менен калпыс иштөөнүн айынан экипаж учуп-конуучу тилкеден өтүп кеткендерин байкабай калган. Тилке эбак артта калып, ал эми лайнер жерден 33 метрлик аралыкта эле конууга эми камынган.
Иликтөөнүн жыйынтыктарында: учкучтардын жүрүм-туруму бир кызык болгону, "туннелдик эффектиден" улам кооптуу сигналдарды этибарга албагандыктары айтылат. Учкучтар 11 сааттан ашык иштешкен, чарчашкан жана тезирээк конуп, уктап алууга ашыгышкан.

Андай абалда адамдын психикасы өз каалоосун аткарыларын тастыктаган гана сигналдарды кабылдап калат. Мээ биз каалабаган фактыларды иргеп салат. Учкучтар эртерээк жерге конууну көксөп, кооптуу сигналдарга көңүл бурушкан да эмес.

"Аларды андай абалдан чыгаруу үчүн триггер же кандайдыр тышкы таасир керек болчу. Эгер туман каптап турбаганда диспетчер учак конууга бет алуу траекториясынан бийик экенин эскертмек. Бирок туман калың эле, андай шартта анын колунан эч нерсе келбейт болчу", — деп түшүндүрдү Геннадий Сизинцев.
Саат 7ден 17 мүнөт 7 секунд өткөндө аба кемесинин командири жерди көрө албай калган. "Экинчи айлампага кеттик" – деген көрсөтмө берип, эки секунд кечигүү менен кнопканы баскан. Үч секунд өтпөй саатына 306 чакырым ылдамдык менен учуп бараткан жүк ташуучу эбегейсиз "Боинг 747" Дача-СУ кыштагындагы үйлөргө кулаган.
"Чындыгында бул эң жөнөкөй: тилкени көргөн жоксуңбу, конбостон айланып келесиң. Алар улам тилке мына көрүнөт, ана көрүнөт деп күтө беришкен. Аябай көпкө күтүшкөн", — деди Сизинцев.
Дача-СУдагы апаат аба индустриясын өзгөрттү
Дача-СУдагы апаат аба индустриясын өзгөрттү
Кырсыктын курмандыктарына багышталган эстелик тургузулуп жатканда түркиялык Боингдин экипажынын төрт мүчөсүнүн ысымын кошо жазууга айрымдар каршы чыккан. Себеби кырсыкка дал ошолор күнөөлүү деп табылбадыбы. Бирок маркумдардын жакындары башкача ойдо.
"Учкучтарды айыптагыбыз келбейт, себеби алар да тирүү калган жок. Мен өзүм алардын ысымы да стелага чегилсин деп чыктым, себеби өлүм баарына бирдей. Кыргызстандык же түркиялык жарандыгы боюнча бөлбөдүк, алар биздин жакындарыбыздын өлүмүнө күнөөлүү дебедик. Бул биздин жалпы кайгы, кокустук, кырсык", — деген оюн айтат Венера Бейшенова.
Ошол апаат башка учкучтар үчүн да кандуу сабак болуп калды. Мамлекеттер аралык авиациялык комитет Дача-СУ кыштагындагы кырсыкты изилдеп, бир катар сунуштарын иштеп чыкты. Алар учкучтардын да, диспетчерлер жана ал түгүл The Boeing Company ишине да тиешелүү. Маселен жаңылыш глиссада жөнүндө сигнализация эми экипаждын мүчөлөрү этибарга албай койгудай эмес, адамды "туннелдик эффектиден" чыгарып коё алчудай жасалмакчы.
"Москвада The Boeing Company жана АКШнын федералдык авиациялык кызматы бир нече ирет жолугушту. Башта The Boeing Company сунуштарыбызга анчалык көңүлдөнгөн эмес, бирок баары бир акырында макул болушту", — деп белгиледи Сизинцев.
Кырсыктан кийин Дача-СУ кыштагы толук көчүрүлөрү айтылган, бирок жүзөгө ашырылбады. 78 гана дачасулук жаңы турак жайлуу болду. Айылдын калган беш миң тургунуна кайсы үйлөр бөлүнөрү белгисиз.

Көп өтпөй ал сунуш унуткарылды. Кыргызстанда үрөй учурган авиакырсыктын күбөлөрү өлкөнүн ири аэропортуна бир чакырымчалык аралыкта алигүнчө жашап келишет.

Автор
Асель Минбаева

Консультанттар
Геннадий Сизинцев, Эрик Монокбаев

Булактар
Мамлекеттер аралык авиация комитетинин окуяны
иликтөө иш-чараларынын натыйжасы боюнча даярдаган отчету

Sputnik Кыргызстан агенттиги материалды даярдоого көрсөткөн жардамы үчүн
Транспорт жана жолдор министрлигине, Жарандык авиация агенттигинин иликтөө бөлүмүнүн башкы инспектору Геннадий Сизинцевге
жана инструктор-учкуч Эрик Монокбаевге терең ыраазычылык билдирет

Фото жана видео
Эмиль Садыров, Табылды Кадырбеков, Вячеслав Оселедко

Дизайнер

Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев